16-сентябрда Каргалык айылдык аймагында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн “ЗИРЕК” аттуу жаңы күндүзгү реабилитациялык борбор ачылат

15.09.2015 11:17
16-сентябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айылдык аймагында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн “ЗИРЕК” аттуу жаңы күндүзгү реабилитациялык борбор ачылат.
16-сентябрда Каргалык айылдык аймагында өзгөчө муктаждыгы бар балдар  үчүн “ЗИРЕК” аттуу жаңы күндүзгү реабилитациялык борбор ачылат

“ЗИРЕК” күндүзгү реабилитациялык борбору Каргалык аймагынын жашоочуларына – социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана билим берүүгө жете албай жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Борбор 2015-жылдын июнь айынан бери пилоттук режимде иштеп келатат: Тогуз-Торо районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын борборуна жиберилген өзгөчө муктаждыгы бар 25 бала интенсивдүү реабилитациялык курстан өтүүдө; педагог-тарбиячы, психолог жана логопед балдарды өзүн топто кантип алып жүрүш керектигин, педагогдор жана башка балдар менен кантип сүйлөшүү керектигин үйрөтүшөт. Борбордо балдардын реабилитациясы жана социалдашуусу үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн, имарат шаймандар жана эмеректер менен жабдылган. Борбор социалдык жана педагогикалык реабилитацияга муктаж болгон үчтөн 18 жашка чейинки курактагы орто жана оор майыптуулугу бар балдар, ошондой эле психилогиялык-педагогикалык колдоого муктаж болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери үчүн атайын иштелип чыккан реабилитациялык программалар боюнча иш алып барганы борбордун өзгөчөлүгүн түзөт. Каргалык айылдык аймагы облустук борбордон 160 километр жана Бишкектен 650 километр аралыкта жайгашканын да эсепке алуу зарыл.

“Зирек” борбору Каргалык айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) менен “Ар бир балага – үй-бүлө” коомдук фондунун кызматташтыгынын алкагында, Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун финансылык колдоосу алдында түзүлгөн. “Күндүзгү реабилитациялык борборду ачуу аркылуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын адаптациясы жана реабилитациясы” долбоорунун жетекчиси Масуда АНАРБАЕВА: Ар бир бала – уникалдуу. Ошондуктан биз ар бири үчүн жекече ыңгайлуу чөйрө түзүүгө, келечекте өз жолун табууга көмөктөшүүгө аракет жасап келатабыз. Бул Тогуз-Торо өңдүү алыскы райондордо өзгөчө маанилүү”. ӨСИнин жетекчиси Надежда ДОБРЕЦОВА: Баш калаадан жана облустун борборлорунан өтө алыста жайгашкан аймактарда ЖӨБдүн күчү менен ушундай борборлордун ачылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу бейөкмөт уюму менен кызматташтыкта чындап эле талап кылынган социалдык кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү болгонун тастыктайт. Өкмөт ЖӨБ органдарына көптөгөн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө (акча менен кошо) тийиш. Ошондо гана алар муктаж болгондорго жеткиликтүү болот”.

Борбордун ачылыш аземине балдар жана алардын ата-энелери, райондук администрациянын, райондук билим берүү башкармалыгынын, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, КР Социалдык өнүгүү министрлигинин, жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, Үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана ММК катышат.

Бул муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.