Жергиликтүү өз алдынча башкаруу + БӨУ = жамааттагы сергек жашоо калыбы

11.08.2015 11:01
Август айынын 8, 14, 24 күндөрүндө “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук уюму Талас облусундагы Талас районунун Көк-Ой айылдык аймагында үй-бүлөлүк спорт таймаштарын жана балдарды өнүктүрүүчү оюндар менен сынактарды өткөрүүнү пландап жатат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу + БӨУ = жамааттагы сергек жашоо калыбы

Август айынын 8, 14, 24 күндөрүндө “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук уюму Талас облусундагы Талас районунун Көк-Ой айылдык аймагында үй-бүлөлүк спорт таймаштарын жана балдарды өнүктүрүүчү оюндар менен сынактарды өткөрүүнү пландап жатат. Бир нече күнгө созулчу иш-чараларга мектепке чейинки курактагы балдар жана алардын ата-энелери, жергиликтүү мектептердин/лицейлердин окуучулары, жаштар жана аялдар комитеттеринин өкүлдөрү, аксакалдар кеңеши, көчө жамааттары, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жашоочулар катышат.

“Ынтымактуу үй-бүлө”, “Ден соолук күнү”, “Алло! Биз таланттарды изеп жатабыз” аттуу иш-чаралар сергек жашоого үгүттөө, ата-энелерге үй-бүлөнүн жана балдардын бош убактысын туура өткөрүүнү уюштурууга жардам берүү максатын көздөйт. Себеби ошол иш-чаралардын жыйынтыгында үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара байланышы дагы да бекемдеп, тарбиячылар менен ата-энелер балдарды тарбиялоодо тажрыйба алмашып, окуучуларды кыймыл-аракетти талап кылган оюндарга, түрдүү дене тарбия көнүгүүлөрүнө (чуркоо, секирүү, ыргытуу) тартуу жана бош убакытты жигердүү жана пайдалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Бул муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.

Бул жарандык коом уюмдары менен кызматташуу аркылуу социалдык көйгөйлөрдү кантип чечиш керектигин жана чечсе болорун көрсөткөн алгачкы мисалдардын бири. Жергиликтүү бюджетке финансылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөтүүдө.