«Биздин айланабызда бир дүйнө» кайрымдуулук акциясы: Кара-Көл шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын сүрөт көргөзмөсү

31.07.2015 09:55
2015-жылдын 29-июлунда Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын «Биздин айланабызда бир дүйнө» деген аталышта сүрөт көргөзмөсү өттү.
«Биздин айланабызда бир дүйнө» кайрымдуулук акциясы: Кара-Көл шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын сүрөт көргөзмөсү

2015-жылдын 29-июлунда Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын «Биздин айланабызда бир дүйнө» деген аталышта сүрөт көргөзмөсү өттү. Аталган акция ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн 2015-жылдын 22-майында ачылган жаңы Борбордо өттү.

Бул күнү 150дон ашык адамдын катышуусу менен Борбордо балдар тарткан сүрөттөрдүн жана колго тигилген буюмдардын аукциону да болуп өттү. Сүрөттөрдү жана буюмдарды сатуудан түшкөн акча Кара-Көл шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн Борборго өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары 2015-жылдын 1-июнунда өткөн сүрөттөр сынагынын жеңүүчүлөрү белгилүү болуп, аларга баалуу белектер тапшырылат. Борбордогу балдарга көмөк көрсөтүү үчүн уюштурулуп жаткан бул кайрымдуулук акция-көргөзмөгө жана аукционго бардык кайдыгер эмес адамдар катышышты.

Көргөзмө Борбордун фойесинде орун алып, ал жерде кол менен жасалган буюмдар, ун азыктарынан бышырылган түрдүү даамдар жана майда-барат жеке буюмдарды же мобилдик телефонду салуучу баштыкчалар, ысык буюмдарды кароочу туткучтар, орундуктар үчүн жабуулар өңдүү  кооз сувенирлер коюлду. Көргөзмөгө келген адамдар аталган сувенирлердин каалаганын кайрымдуулук садага катары сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Белгилей кетчү жагдай, бул категорияга кирген балдар үчүн социалдык жактан жагымдуу чөйрөнү камсыздоо жана аларды жаңы көндүмдөргө окутуу максатында “Аймира” коомдук фонду Кара-Көл шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта социалдык муниципалдык тапшырыктын алкагында “Балдар бөтөн болбойт” долбоорун ишке ашырууда. Аталган долбоордун алкагында бул борбор Кара-Көл шаарында Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” программасынын финансылык колдоосу алдында ачылган.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жаш кезинен тартып эле атайын шарттарга, окутуунун жана тарбиянын атайын усулдарына муктаж болуп келишет. Дени сак муунду тарбиялоо көйгөйү биздин заманда чоң мааниге ээ болуп турат. Балдардын саламаттыгынан жана шайырдыгынан алардын билим алууга болгон умтулуусу, анын бекемдиги, өз күчүнө болгон ишеними көз каранды болгону бул көйгөйдүн актуалдуулугун көрсөтүүдө. Азыркыдай татаал шарттарда адамдардын көңүлүн кайрымдуулукка жана ак ниет иштерге буруу да маанилүү болуп турат.