ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Чүй облусунан максаттуу муниципалитеттерди тандап алды

09.06.2015 15:16
Баары болуп сынакка облустагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 44 табыштама түштү.
ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Чүй облусунан максаттуу муниципалитеттерди тандап алды

2015-жылдын 9-июнунда Бишкекте Чүй облусунун элеттик муниципалитеттеринин жана чакан шаарларынын арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакты Долбоор 2015-жылдын май айында расмий бет ачарынын жүрүшүндө жарыялаган эле.

Баары болуп сынакка облустагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 44 табыштама түштү.

Сынактык комиссиянын курамы:

  • КЫДЫРАЛИЕВ З.Т., КР финансы министринин кеңешчиси;
  • ИСАЛИЕВА В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин Жергиликтүү башкаруу органдары менен иштерди уюштуруу жана өз ара аракеттенүү башкармалыгынын жетекчиси;
  • БАКИРОВ Ж.Ж., КР Өкмөт аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иш жана ЖӨБ боюнча бөлүмдүн ЖӨБ секторунун жетекчиси;
  • ДОБРЕЦОВА Н.Н., Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы;
  • ГРАДВАЛЬ С.А., “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчисинин орун басары.

Комиссия белгиленген тартипке ылайык түшкөн бардык табыштамаларды карап чыгып, Чүй облусунун 11 айылдык аймагын жана 1 чакан шаарын максаттуу муниципалитеттер катары тандап алууну чечти. Алар:

  • Таш-Мойнок АА, Аламүдүн району
  • Гроздь АА, Аламүдүн району
  • Ак-Башат АА, Жайыл району
  • Боролдой АА, Кемин району
  • Кемин ш., Кемин району
  • Александровка АА, Москва району
  • Фрунзе АА, Панфилов району
  • Күн-Туу АА, Сокулук району
  • Кызыл-Туу АА, Сокулук району
  • Бурана АА, Чүй району
  • Юрьевка АА, Ысык-Ата району
  • Кочкорбаев АА, Ысык-Ата району.

Тандалып алынган муниципалитеттердин ЖӨБ органдары менен алдыда болчу кызматташтыктын алкагында 2015-жылдын апрель айынан 2017-жылдын артына чейинки мезгил аралыгында Долбоор тарабынан калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске тартууга көмөктөшүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Долбоордун ишмердиги калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог түзүүгө, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууда калктын керектөөлөрүн эсепке алууга багытталат.