Масы муниципалитетинин ЖӨБ органдары жаштарына чакан футбол аянтчасын тартуулашты

01.05.2015 17:39
Бул долбоор Масы айылдык аймагынын ЖӨБ органдарынын жана жашоочуларынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында ишке ашты.
Масы муниципалитетинин ЖӨБ органдары жаштарына чакан футбол аянтчасын тартуулашты

2015-жылдын 1-майында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында чакан футбол аянтчасынын расмий ачылышы болду. Бул долбоор Масы айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жашоочуларынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында ишке ашты. Ал эми ага Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору колдоо көрсөттү.

Масы айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Махмуд Маматовдун айтымында, футбол талаасын курууга муниципалитеттин бардык жашоочулары тартылды. “Үстүңкү бети жасалма чөп менен жабылган, көлөмү 20х40 метр болгон мини-футбол талаасы биздин биргелешкен аракетибиздин жыйынтыгы, - деп айтып берди АӨ башчысы. – Биздин алдыбызда милдет турган балдарыбыздын ден соолугу бекем болуп, спорт жана дене тарбия менен алектениши үчүн аларга шарт түзүп берүү. Өз футбол талаасына ээ болуу биздин көптөн берки кыялыбыз болчу. Швейцариялык долбоордон сынак тууралуу угуп, биз айылда чогулуш өткөрдүк. Анын жүрүшүндө көпчүлү жашоочулар мини-футбол талаасын куруу долбоору үчүн добуш беришти. Мына ушул табыштама менен сынакка катышып, анын жыйынтыгында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору бизге 1 млн. сом бөлүп берди. Албетте бул сумма жетишсиз болчу жана биз жергиликтүү бюджеттен 1 351 128 сом көлөмүндө өз салымыбызды коштук. Калкыбыз да четте карап турбастан эмгек салымы түрүндө (60 000 сом) өз салымын кошту”.

Муниципалитеттин башчысы кыска мөөнөттүн ичинде жер бөлүп берүү маселеси чечилип, анын тегереги курчалганын белгиледи. Андан соң айыл өкмөтү тендер өткөрүп, анда жеңүүчү подрядчы уюм болуп “Авангард жана КО” ЖЧКсы табылган. “Эми футбол талаасы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин карамагына өткөрүлүп берилет. Ал болсо райондук деңгээлдеги спорттук иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо”, - деп сөзүн жыйынтыктады Маматов.