Баткен облусунун Катран айылдык аймагында мектепке чейинки курактагы балдардын билим деңгээлин жогорулатуу

08.06.2015 11:02
2015-жылдын 10-июнунда жана 24-июнунда “Балдардын билим берүүсүнө инвестициялоо” долбоорунун алкагында “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун адистери жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячылары үчүн методикалык сабактарды өтүшөт.
Баткен облусунун Катран айылдык аймагында  мектепке чейинки курактагы балдардын билим деңгээлин жогорулатуу

2015-жылдын 10-июнунда жана 24-июнунда “Балдардын билим берүүсүнө инвестициялоо” долбоорунун алкагында “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун адистери жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячылары үчүн “Керектүү каражаттардан жасалган буюмдардын жардамы менен балдардын фантазиясын өнүктүрүү” жана “Сахнага чыгуу үчүн балдарда көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү” темаларындагы методикалык сабактарды өтүшөт. Мекеменин ачылышы 2015-жылдын 8-майында Лейлек районунун Катран айылында өттү.

Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо үй-бүлөдө гана эмес, ошондой эле балдар үчүн мекемелерде да жүзөгө ашырылат. Үй-бүлөнүн жана бала бакчанын максаты жана алдында турган милдети бирдей: дени сак жана ар тараптуу өнүккөн адамдарды тарбиялап чыгаруу. Баланын чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн анын бала чагынан эле башташ керектигин ар бир педагог билет. Себеби биринчи кезекте бул – өнүккөн кыялкечтик, фантазия, көрүнбөгөн нерсени көрө алуу, белгисиз нерсени ойлоп табуу. Ал эми баланын фантазиясын өнүктүрүү интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүүсү менен тыгыз байланышкан. Мына ушунда тарбиячыга оюнчуктар, оюндар, керектүү материалдардан өз колу менен жасалган буюмдар жардамга келет. Балдар оюн менен кошо өнүгөт, бул болсо алардын чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн, көркөм табитин өнүктүрүүгө, искусствонун ажайып бир дүйнөсү менен таанышууга көмөктөшөт. Балдарда чарчоочулук азаят, жөндөмдүүлүгү артат, ой жүгүртүү, психикалык процесстер активдешет. Балдар мурдагыдан да ачык болуп, өзүн ээн-эркин алып жүрөт, активдүү, боорукер жана жардамын аябаган, өз күчүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө ишенген адам болуп калыптанат. Аларда коммуникабелдүүлүк жогорулап, баарлашканды, достошконду жана жамаат менен бирге иш алып барганды үйрөнүшөт.

Аймакта мектепке чейинки билим берүүгө колдоо көрсөтүү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бейөкмөт уюмдардын кызматташтыгынын алкагында социалдык муниципалдык тапшырыкты ишке ашыруунун ийгиликтүү мисалдарынын бири. Бул маселени аймактын жашоочулары өздөрү негизги социалдык көйгөй катары аныктап, аны социалдык тапшырыктын алкагында чечүү демилгеси көтөрүлгөн. Катран АА Баткен облусунун Лейлек районундагы алыскы муниципалитеттердин бири болуп эсептелет. Ушул күнгө чейин Катран айылында бир гана бала бакча иштеп келген жана анда болгону 132 бала тарбияланчу. Ал эми миңден ашуун баланын мектепке чейин билим алуу мүмкүнчүлүгү жок болчу. Жаңы бала бакча ачылгандан кийин көп балдарда мектепке даярдануу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Бул – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.

Долбоор тууралуу маалымат:

“Инсан-Лейлек” коомдук фонду социалдык муниципалдык тапшырыктын алкагында Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун финансылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Баткен облусунун Лейлек районундагы Катран айылдык аймагы менен кызматташтыкта “Балдардын билим берүүсүнө инвестициялоо” долбоорун ишке ашырып келет.