Чаткал районунун балдары үчүн кошумча билим берүү жана дени сак эс алуу

08.06.2015 10:32
2015-жылдын 10-июнунан 12-июнуна чейин ТОС «Курулуш» коомдук уюмунун адистери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» жана Айгыр-Жал айылындагы «Алтын Бешик» мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары үчүн теориялык семинарларды өткөрүшөт.
Чаткал районунун балдары үчүн кошумча билим берүү жана дени сак эс алуу

2015-жылдын 10-июнунан 12-июнуна чейин ТОС «Курулуш» коомдук уюмунун адистери «Бала Нур» жана «Баластан» долбоорлорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» жана Айгыр-Жал айылындагы «Алтын Бешик» мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары үчүн балдарды тарбиялоо боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү боюнча теориялык семинарларды өткөрүшөт.

Маданияттардын жана педагогикалык илим менен практиканын өнүгүүсүндө жолдордун айырмалуу болгонуна карабастан түрдүү өлкөлөрдүн педагогдору окшош көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн иштеп келишет: баланын үндөштүрүп психофизикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн көбүрөөк ылайыктуу болгон мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунун, усулдарын жана каражаттарын аныктап алуу; 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү. Мектепке чейинки билим берүүнүн чет өлкөлүк тажрыйбасына жасалган сереп балдарды тарбиялоонун ылайыктуу жолдорун жана тарбиячылар да, ата-энелер да туш болушу мүмкүн көйгөйлөрдү чечүү ыкмаларын салыштырып, аныктоого жол берет. Себеби бала бакчанын тарбиячысы кесиби бара-бара мобилдүүлүктүн жогорку деңгээли менен мүнөздөлгөн адистикке өтүп баратат. Бул кесип барган сайын татаалдашууда. Бул болсо жаңы кесипкөй милдеттердин пайда болуусуна, заманбап коомдо талап кылынган жаңы функцияларды өздөштүрүү зарылчылыгына байланыштуу болуп жатат.

Семинардын программасына ылайык, өнүккөн өлкөлөрдө мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдө заманбап тенденцияларга тиешелүү маселелер, наристелерге билим берүүдө түрдүү моделдер, түрдүү өлкөлөрдө мектепке чейинки билим берүү системалары жана программалары, алардын бул курактагы балдардын өнүгүүсүнө таасири каралып, талкууланат. Ошондой эле наристелер менен иш алып баруу үчүн педагогдордун даярдыгына байланышкан көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору да талкууга алынмакчы.

Балдар борбору Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ТОС «Курулуш» коомдук уюмунун кызматташуусунун алкагында түзүлгөнүн белгилей кетүү керек. Бул кызматташтык Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) «Жарандык коомду колдоо фонду» долбоорунун финансылык колдоосу алдында мүмкүн болду. Мунун алдында аталган бала бакчаларда атайын бөлмөлөр бөлүнүп, алар 3 топ үчүн зарыл болгон техникалык жана атайын жабдуулар, эмеректер менен камсыздалган.

Бул муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Анын алкагында муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берет. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.