Баткен облусундагы өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор ачылат

28.05.2015 13:35
2015-жылдын 31-майында түшкү саат 12:00дө Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык аймагынын Бозогул айылында Өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбордун расмий ачылышы болот.
Баткен облусундагы өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбор ачылат

2015-жылдын 31-майында түшкү саат 12:00дө Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык аймагынын Бозогул айылында Өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн күндүзгү реабилитациялык борбордун расмий ачылышы болот. Ага мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана алардын ата-энелери, райондук администрациянын, Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ), райондук социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү, журналисттер, ошондой эле кошуна айылдардын жашоочулары катышат.

Борбор Тогуз-Булак айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун кызматташуусунун алкагында түзүлдү. Ал эми аларга Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору финансылык көмөк көрсөттү.

2015-жылдын январынан март айына чейин Тогуз-Булак айылдык аймагынын территориясында өзгөчө муктаждыгы бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн так санын аныктоо максатында билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана ЖӨБ органдары менен бирге иштер жүргүзүлдү. Анамнез – негизги диагноз, ар бир баланын саламаттыгынын абалы, анын реабилитациялык дарамети, ошондой эле анын үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар чогултулду. Үймө-үй кыдырып чыккан соң аймакта майыптуулугу бар 50дөн ашык бала аныкталды. Апрель айында 25 катышуучу үчүн 12 күндүк окуулар өткөрүлдү. Катышуучулардын бешөө Борбордун кызматкерлери, экөө жергиликтүү кеңештин депутаттары, төртөө элеттик саламаттык комитетинин өкүлдөрү, 14ү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энеси. Алар социалдык, медициналык жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Борбор зарыл болгон медициналык, техникалык жана атайын жабдуу, эмеректер менен камсыздалган. Борбор өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн атайын иштелип чыккан реабилитациялык программалар боюнча иштегени анын уникалдуулугун түзөт. Программа баланын ден соолугун оптималдуу деңгээлде кармоого жана анын коомдогу интеграциясына багытталган. Ошону менен бирге борбор өтө оор дарттын жүгүн көтөрүп келаткан үй-бүлөлөрдүн реабилитациясы менен да иш алып барат.

Долбоордун өзгөчөлүгү – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.