Каныш-Кыя ААнын балдары үчүн кошумча билим берүү жана сергек эс алуу

26.05.2015 16:02
2015-жылдын 2 июнь күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» жана Айгыр-Жал айылындагы «Алтын Бешик» мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 2ден 6 жашка чейинки балдар Говард Гарднердин «Ар тараптуу интеллект» аттуу методикасы боюнча тесттен өткөрүлөт.
Каныш-Кыя ААнын балдары үчүн кошумча билим берүү жана сергек эс алуу

2015-жылдын 2-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» жана Айгыр-Жал айылындагы «Алтын Бешик» мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 2ден 6 жашка чейинки балдар Говард Гарднердин «Ар тараптуу интеллект» аттуу методикасы боюнча тесттен өткөрүлөт.  Бир нече методикаларды карап чыккандан кийин «Баластан» балдардын билим берүү борбору ушул методиканы колдонуу менен тестирлөөнү өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышкан.

Балдардын өнүгүүсүн аныктоонун бул кызыктуу методикасын америкалык неврология боюнча профессор, психолог жана доктор Говард Гарднер иштеп чыккан. Ал биринчи болуп моноинтеллект тууралуу  теорияны жокко чыгарган. Гарднер чындыгында адамдын интеллектисин бир гана параметр менен өлчөө мүмкүн эместигин, адамдын акыл-эси чыгармачыл тапшырмаларды аткарууга жол берерин, адамдын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүнө жараша айлана-чөйрө менен ар башкача өз ара аракеттешерин ырастаган. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча балада болгон таланттын алгачкы белгилерин аныктоо мүмкүн: тапшырмаларды аткаруу, маалыматты кабыл алуу ылдамдыгын, наристенин кайсы бир ишке өзгөчө берилгенин. Баланын жөндөмдүүлүгүн так аныктоо үчүн педагогдор түрдүү сүрөттөрдү, оюндарды жана көнүгүүлөрдү колдонуп, жомоктордун кандайдыр бир сюжетин көрсөтүп беришет. Мындай метод баланын дараметин ачуу үчүн толук ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Борбор Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ТОС «Курулуш» коомдук уюмунун кызматташуусунун алкагында түзүлгөнүн белгилей кетүү керек. Бул кызматташтык Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) «Жарандык коомду колдоо фонду» долбоорунун финансылык колдоосу алдында мүмкүн болду. Мунун алдында аталган бала бакчаларда атайын бөлмөлөр бөлүнүп, 3 топ үчүн зарыл болгон техникалык жана атайын жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган.

Долбоордун өзгөчөлүгү – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.