“Менин апам баарынан мыкты” аттуу майрам Талас облусунун Көк-Ой айылында өтөт

25.05.2015 15:30
2015-жылдын 27-майында “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбор КУ “Асель” бала бакчасынын имаратында “Биз мектепке даярбыз” долбоорун ишке ашыруунун алкагында “Менин апам баарынан мыкты” деп аталган майрамды уюштурууда.
“Менин апам баарынан мыкты” аттуу майрам Талас облусунун Көк-Ой айылында өтөт

2015-жылдын 27-майында “Айкөл” Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбор КУ “Асель” бала бакчасынын имаратында “Биз мектепке даярбыз” долбоорун ишке ашыруунун алкагында “Менин апам баарынан мыкты” деп аталган майрамды уюштурууда. Аталган бала бакча Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айылында жайгашкан. Иш-чара Мектепке даярдык көрүү программасы боюнча окуган балдардын, алардын ата-энесинин, “Асель” бала бакчасынын администрациясынын, айыл өкмөт кызматкерлеринин жана Көк-Ой айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен өтөт. Ошондой эле “Менин апам баарынан мыкты” майрамы Кыргызстанда акыркы жылдары май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келаткан эл аралык Энелер күнүнө карата да уюштурулуп жатат.

Балдарда зарыл болгон социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу максатында майрамдын уюштуруучулары бир катар иш-чараларды пландаштырып коюшту. Аларга балдар ата-энеси жана тарбиячылары менен кошо катыша алышат. Бала бакчанын имаратында 5тен 6 жашка чейинки курактагы балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылат. Майрамдын катышуучулары бул сүрөттөрдөн балдардын жашоосундагы баш каармандар эсептелген энелерге жана чоң эне, таенелерге болгон сезимдерин көрө алышмакчы. Мындан тышкары майрам башка дагы бир топ кызыктуу иш-чаралар менен толукталат: балдар тарбиячылар менен кошо ыр ырдап, энелер тууралуу көркөм номерлерди аткарып, балдар апалары менен чогуу “Эне-бала” сынагына катышат. Бул сынакта чогуу шырдак (пано) даярдашат.

Долбоордун өзгөчөлүгү – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.

Бул жарандык коом уюмдары менен кызматташуу аркылуу социалдык көйгөйлөрдү кантип чечиш керектигин жана чечсе болорун көрсөткөн алгачкы мисалдардын бири. Жергиликтүү бюджетке финансылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөтүүдө.