Кара-Көл шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелүү 128 бала заман талабына жооп берген кесиптерге ээ болушат

21.05.2015 09:51
2015-жылдын 22-майында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн борбордун расмий ачылышы өтөт.
Кара-Көл шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелүү 128 бала заман талабына жооп берген кесиптерге ээ болушат

2015-жылдын 22-майында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн борбордун расмий ачылышы өтөт. Иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, Кара-Көл шаардык мэриясынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү жана журналисттер катышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 22 миң бала катталган жана алардын ичинен 6 миңи гана жалпы билим берүүчү мекемелерде окуйт. Калган балдар эмне кылат?

Бул категорияга кирген балдар үчүн социалдык жактан жагымдуу чөйрөнү камсыздоо жана аларды жаңы көндүмдөргө окутуу максатында “Аймира” коомдук фонду Кара-Көл шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта социалдык муниципалдык тапшырыктын алкагында “Балдар бөтөн болбойт” долбоорун ишке ашырууда.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн борбор саламаттык сактоо, жумуштуулук, билим берүү, маданият чөйрөсүндө реабилитациялык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтөт; борбордун тарбиялануучулары юридикалык жана психологиялык колдоого да ээ болушат. “Биздин долбоордун алкагында 128 бала жумуш издөөдө кыйналган жарандардын аймактык эмгек базарында атаандашууга жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталган курстардан өтө алышат. Бул курстардын жардамы менен аларда өзүнө болгон ишеним артып, иштеп, өз ишин ачып, укуктук жана социалдык маселелерди чечип, муну менен өзүн коомдун толук кандуу мүчөсү катары сезип калышат деп үмүт артып турабыз. Курстун катышуучуларында кайрадан квалификациядан өтүп, же чач тарач, кондитер, же тигүүчү өңдүү жаңы кесиптин ээси болуу мүмкүнчүлүгү болот. Ошондой эле каалоочулар райондук жумуштуулук борборунда башка адистиктер боюнча курстардан да өтө алышат. Мындан тышкары долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана алардын үй-бүлөлөрү психологиялык кеп-кеңештерди алып, арт-терапия жана муз-терапия курстарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул болсо аларга жашоого башкача көз караш менен кароого жардам берет. Мындан тышкары юристтин кеп-кеңештери мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын укуктары тууралуу көбүрөөк маалымат алууга жол ачат”, - деди долбоордун координатору Айчүрөк Азимканова.

Майыптуулук жана ден соолуктан ажырап калуу көйгөйү бүгүнкү күндө эң актуалдуу темалардын бири. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 600 миллиондон ашуун майып бар, ал эми планетадагы ар бир онунчу кишинин майыптуулугу бар.

Маалымат үчүн:

Долбоордун өзгөчөлүгү – анын каржылоосунда. Долбоор жергиликтүү бюджеттен муниципалдык социалдык тапшырык механизми аркылуу каржыланат. Бул – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык кызмат көрсөтүү боюнча долбоорду бейөкмөт уюмуна тапшырган Кыргыз Республикасынын муниципалитеттериндеги алгачкы мисалдардын бири. Бул жарандык коом уюмдары менен кызматташтык аркылуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө болорун жана керектигин тастыктаган мисал. Жергиликтүү бюджетке финансылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөтүүдө.