Каныш-Кыя айыл аймагында “Бөбөк ыры” аттуу наристелер таймашы болуп өттү

15.05.2015 10:42
2015-жылдын 14-май күнү Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө “Бөбөк ыры” аттуу наристелер таймашы болуп өттү.
Каныш-Кыя айыл аймагында “Бөбөк ыры” аттуу наристелер таймашы болуп өттү

2015-жылдын 14-май күнү Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө “Бөбөк ыры” аттуу наристелер таймашы болуп өттү. 

Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Техникалык кызматташтык боюнча Герман коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун финансылык колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен «ТОС Курулуш» коомдук уюмунун кызматташуусунун алкагында 2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн кошумча билим берүүнү жана сергек эс алууну уюштуруу максатында «Баластан» балдардын билим берүү борбору түзүлдү.

Сайкал Абдылдаева жетектеген “ТОС с.Курулуш ” коомдук бирикмеси тарабынан турмушка ашырылган бакчаларга тартылбаган балдарга кошумча тайпаларды ачуу долбоорунун негизинде ачылган кошумча тайпалардын тарбиялануучулары катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүү менен, күч сынашышты.

Кароо-сынакка жалпы эки айыл  аймактагы жети тайпадан жыйырма эки тарбиялануучу катышып, ар кандай темадагы ыр, бийлерди аткарышып, көрүүчүлөрдүн шатыра-шатман кол чабууларына арзышты.

Жыйынтыгында,  калыстардын чечими менен 1-орун Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Жыргал Усенбаева) менен Курулуш  айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчада ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Калима Молдотаева) ээлешти. 2-орун Курулуш  айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчада ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучулары (тарбиячысы Чынар Орозова) менен Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка” балдар бакчасында ачылган кошумча тайпанын тарбиялануучуларына (тарбиячысы Нурзада Сурапбаева) ыйгарылды. Ал эми, 3-орун Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” балдар бакчасындагы 2 кошумча тайпага (тарбиячылары Зарина Муназараева, Базаркүл Мырзагулова) берилди.