Баткен облусунда “Айданек” аттуу мектепке чейинки билим берүү борборунун ачылышы

12.05.2015 14:09
2015-жылдын 15-майында Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айылдык аймагынын Сары-Дөбө айылында (мурдагы Коммуна айылы) “Айданек” аттуу мектепке чейинки билим берүү борборунун расмий ачылышы болот.
Баткен облусунда “Айданек” аттуу мектепке чейинки билим берүү борборунун ачылышы

2015-жылдын 15-майында Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айылдык аймагынын Сары-Дөбө айылында (мурдагы Коммуна айылы) “Айданек” аттуу мектепке чейинки билим берүү борборунун расмий ачылышы болот. Майрамдык иш-чарага тарбиялануучулар, ата-энелер, педагогдор, жергиликтүү жана аймактык бийлик өкүлдөрү катышат. Ошондой эле салтанаттуу аземге Техникалык кызматташтык боюнча Германия коомунун жана Өнүктүрүү саясат институтунун, райондук билим берүүнүн өкүлдөрү, журналисттер чакырылган. 

Ушул күнгө чейин аймакта бир дагы бала бакча болгон эмес жана “Айданек” аттуу мектепке чейинки билим берүү борборунун ачылышы Сумбула айылдык аймагынын жашоочулары үчүн абдан маанилүү окуя болуп эсептелет. Мектепке чейин сапаттуу билим берүү, балдардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана керектөөлөрүн эсепке алуу менен алардын физикалык жана адеп-ахлактык тарбиясы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү бул борбордун милдеттерине кирет. Борбор 3 жаштан 5 жашка чейинки 50гө жакын баланы окута алат, бирок баласын борбордо окутууну каалагандардын саны мындан да көп. Себеби бүгүнкү күндө аймакта жана айылда бала бакчалардын же мектепке чейинки билим берүү борборлорунун көйгөйлөрү өтө курч турат.

Бир жылга жетпеген убакытта борбордун имаратында ремонттук иштер бүткөрүлдү. Бул борбор 83 бала үчүн экинчи үй болуп калмакчы. Бүгүнкү күндө жаңы имаратта эмерек, акыл жөндөмүн өнүктүрүүчү жана билим берүүчү оюндар менен жабдылган бир нече бөлмө бар. Башкача айтканда наристелердин борбордо тарбия алуусу үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Борбордо “Алтын ачкыч” программасы боюнча балдарды окутуунун инновациялык ыкмаларын үйрөткөн семинарларга жана тренингдерге катышкан педагогдор иштейт.

Долбоордун өзгөчөлүгү – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.

 

Долбоор тууралуу маалымат:

“Билек” коомдук фонду социалдык муниципалдык тапшырыктын алкагында Техникалык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун финансылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айылдык аймагы менен кызматташтыкта “Коммуна айылында мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоону уюштуруу” долбоорун ишке ашырып келет.