Катран айылдык аймагында жаңы “Алтын бешик” бала бакчасынын ачылышы

09.05.2015 12:27
2015-жылдын 8-майында Баткен облусунун Лейлек районундагы Катран айылында жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылышы болду.
Катран айылдык аймагында жаңы “Алтын бешик” бала бакчасынын ачылышы

2015-жылдын 8-майында Баткен облусунун Лейлек районундагы Катран айылында жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылышы болду. Майрамдык иш-чарага бул бала бакчанын болочок тарбиялануучулары, ата-энелери жана педагогдор, ошондой эле аймактык жана шаардык бийлик өкүлдөрү катышты. 

Катран АА Баткен облусунун Лейлек районундагы эң алыскы муниципалитеттеринин бири болуп эсептелет. Ушул күнгө чейин Катран айылында бир гана бала бакча иштеп келген жана анда болгону 132 бала тарбияланчу. Ал эми миңден ашуун баланын мектепке чейин билим алуу мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошентип жыл сайын 200дөн ашык бала мектепке эч даярдыксыз келип жүргөн. Бул маселени аймактын жашоочулары өздөрү негизги социалдык көйгөй катары аныктап, аны социалдык тапшырыктын алкагында чечүү демилгеси көтөрүлгөн. 

Социалдык тапшырыктын алкагында бала бакчанын жаңы имараты эмерек, керектүү буюмдар жана акыл-эсти өстүрчү оюндар менен жабдылып, бала бакчанын тарбиячы-педагогдору окуудан өттү. Алар үчүн Исфана шаарындагы жана Кара-Булак айылындагы  билим берүүнүн инновациялык методикасы боюнча иш алып барган ийгиликтүү бала бакчаларга тажрыйба алмашуу сапарлары уюштурулду. Мындан тышкары балдардын ой жүгүртүүсүн жана чыгармачыл кызыгуусун өнүктүрүү үчүн окутуунун интерактивдүү методикаларын колдонуу менен түрдүү сынактар жана оюндар уюштурулат.

Жаңы бала бакчада балдардын жетилүүсү жана аларды мектепке даярдоо үчүн абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Аймактагы мектепке чейинки билим берүүнү колдоо – социалдык муниципалдык тапшырыкты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бейөкмөт уюмдардын кызматташтыгынын алкагында ишке ашыруунун ийгиликтүү мисалдарынын бири.

Долбоордун өзгөчөлүгү – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти жоюуга жардам берет.

Долбоор тууралуу маалымат:

“Инсан-Лейек” коомдук фонду социалдык муниципалдык тапшырыктын алкагында Техникалык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоорунун финансылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Баткен облусунун Лейлек районундагы Катран айылдык аймагы менен кызматташтыкта “Балдардын билим берүүсүнө инвестициялоо” долбоорун ишке ашырып келет.