Кыргызстан Болгариядайбы? Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекет эмес, муниципалитеттер жана БӨУ ишке ашырса, аярлуу топторго жардам болот

30.04.2015 10:42
Бирок бул милдеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ал эми алардан бейөкмөт уюмдарга өткөрүлүп берилген учурда гана жардам жетиштүү жана майнаптуу болорун дүйнөлүк практика көрсөтүүдө.
Кыргызстан Болгариядайбы? Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекет эмес, муниципалитеттер жана БӨУ ишке ашырса, аярлуу топторго жардам болот

Кыргыз Республикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөр көп учурда мамлекет тарабынан ишке ашырылып келет. Бирок бул милдеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ал эми алардан бейөкмөт уюмдарга өткөрүлүп берилген учурда гана жардам жетиштүү жана майнаптуу болорун дүйнөлүк практика көрсөтүүдө. Милдеттерди ушинтип өткөрүп берүүнүн алдыңкы тажрыйбасын Болгария көрсөтүп жатат. Бул өлкөгө окутуучу иш сапар менен 2015-жылдын апрель айында Кыргызстандан делегация барган.

Бүгүнкү күндө Болгариянын башкы көйгөйү – демографиялык кырдаал жана ишке жарамдуу калктын миграциясынын жогорку деңгээлде болушу. Мунун натыйжасында өлкөнүн көпчүлүк муниципалитеттеринде жаштар дээрлик калбай калды жана кары-картаңдарга камкордук көрчүлөр жокко эсе. Бала төрөлүү деңгээли төмөн болуп, калкы картайып баратат. Ошондуктан мамлекеттин аракеттери балдар арасындагы өлүмдүн деңгээлин азайтууга (Болгарияда бул көрсөткүч Европадагы эң жогоркулардын бирине кирет); балдарды, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоого; ата-эненин кароосунан ажыраган балдардын коомго ыңгайлашуусуна; эмиграцияны кыскартууга жана пенсия курагындагы адамдар менен иш алып барууга бурулган. Социалдык жардамды “деинституционалдаштыруу” боюнча Европа принциби Болгарияны жабык типтеги мекемелерден – балдар үйүнөн, майыптар үйүнөн, карылар үйүнөн ж.б. баш тартууга мажбур кылды. Бул топко кирген жарандардын баары үй-бүлөлүк типке же үй шарттарына өткөрүлүүдө, же болбосо зарыл болгон жардамды үйүнөн чыкпастан алууда. Жергиликтүү деңгээлде Социалдык кызмат көрсөтүүлөр фонду институтунун программалык директору Виолина Ананиева кары-картаңдар менен иш алып баруунун инновациялык усулдарын жайылтуу тууралуу айтып берди. Социалдык тапшырыктын алкагында 30 кары адамга “Телекер” деп аталган кызмат көрсөтүлөт. Мунун жардамы менен кары адам чукул кырдаал учурунда жана каалаган убакытта  атайын баскычты чырылдатып, социалдык кызматкерди чакыра алат. Мындан тышкары кары-картаң адамдардын бири-бири менен байланышып туруусу үчүн клубдар ачылууда, ыктыярчылар аларга компьютер менен иштегенди үйрөтүп, башка өлкөлөрдө жашаган балдары менен баарлашып туруу үчүн социалдык түйүндөрдү колдонгонду үйрөтүүгө жардам беришет.

Болгарияда социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү – муну менен өлкөнүн 28 облусундагы 264 муниципалитет алектенет. Алар муну өз социалдык кызматтары жана ишканалары аркылуу же бейөкмөт уюмдарга кызмат көрсөтүүнү берүү менен ишке ашырат.

“Регионалдык өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалитеттерге финансылык жана мазмундуу стандарттардын негизинде берүүнүн принциптери Болгариянын социалдык саясатынын өнүгүүсүндөгү маанилүү фактор болуп калды. Бүгүнкү күндө Болгарияда мамлекет жөн гана стандарттарды аныктайт жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө көз салат, ал эми аларды түздөн-түз жеткирүү менен муниципалитеттер алектенет. Ошону менен бирге мамлекет балдар жана өспүрүмдөр, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген кары-картаңдар, майыптар, жетимдер жана кароосуз калган балдар үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча түрдүү долбоорлорду жеринде майнаптуу ишке ашырган муниципалитеттерди толук көлөмдө каржылайт.

Мындай практика Кыргызстан үчүн өзгөчө кызыктуу. Анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана социалдык тапшырыкты өнүктүрүү алардын даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берип, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүп, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын максатын түшүнүүгө шарт түзөт. Социалдык чөйрөдө берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, социалдык кызматтарды көрсөткөн муниципалдык мекемелердин ишинин туруктуулугу, мекемелер ортосундагы финансы каражаттарын бөлүштүрүү принциптери катышуучуларда өзгөчө кызыгууну пайда кылды. Муниципалитеттердин жетекчилери жана социалдык мекемелердин директорлору өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, борборлордун иш принциби, каржылоонун өзгөчөлүктөрү жана кызматкерлерди тандап алуу процесси тууралуу айтып беришти.

Мисалы, Долна Баня аттуу чакан муниципалитетте катышуучуларда жетимдер жана ата-эненин кароосунан ажыраган балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги үйгө барып, алардын реабилитациясы жана ыңгайлашуусу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бир шаарды жана калкынын саны 21 миң кишиден ашкан 27 айылды бириктирген Мездра муниципалитетинде үй-бүлөлүк типтеги турак жай комплекси жайгашкан. Бул жерде акыл-эси жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жана жаштардын толук кандуу жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн үйлөр курулган. Эгида-Пазарджик ассоциациясынын өкүлү акыл-эси жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жана көз карандысыз жашоого болгон укугун коргогон ата-энелердин улуттук түйүнү тууралуу айтып берди.

Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын баамында, программанын мазмундуулугу Болгариядагы муниципалитеттердин, жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик структуралардын иш тажрыйбасы менен таанышып чыгууга, андан ары талдоо жүргүзүп, Кыргызстанда колдонуу үчүн зарыл болгон толгон-токой маалымат алууга жол ачты. 13-апрелден 18-апрелге чейин созулган иш сапарга Социалдык өнүгүү министрлигинин, КР Өкмөт аппаратынын жана ЖӨБ органдарынын 15 өкүлү, ошондой эле бейөкмөт сектордон эксперттер катышты.

Сапардын катышуучулары Болгариядан алынган тажрыйбанын көбүн Кыргызстанда да колдонууга болорун айтышты. Мисалы:

  • региондорду үндөш өнүктүрүү максатында мамлекеттик структуралардын, ЖӨБ органдарынын жана БӨУнун ишинин системдүүлүгүн караштырган “Регионалдык өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам;
  • жардамдын даректүүлүгүн камсыздоо үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалитеттерге берүү;
  • муниципалитеттерден жана мамлекеттерден бейөкмөт уюмдарга социалдык тапшырыкты берүү. Бул болсо социалдык кызмат көрсөтүүнүн инновациялык усулдарын жайылтууга жол ачат (социалдык патронаж; комплекстүү медициналык, билим берүүчү жана социалдык жардам; “Телекер” кызмат көрсөтүүсү ж.б.);
  • социалдык ишке бизнес-структураларды кошуу (мисалы, Болгарияда коммерциялык уюмдар бир жумуш күнүн жетим балдар, кары-картаңдар жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жашаган үйлөр жана борборлор үчүн иштеп берүүгө бөлүшөт; жабдууларды жана техникаларды сатып беришет, финансылык жардам көрсөтүшөт ж.б.).
  • МААЛЫМАТ  ҮЧҮН: Иш сапар жарандык коомду колдоо боюнча GIZ (Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому) Долбоору каржылаган “Социалдык чөйрөдө муниципалдык тапшырыктын негизинде жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө БӨУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү” Долбоорунун алкагында уюштурулду.