Баткен облусунун Катран айылдык аймагында “Алтын бешик” бала бакчасынын ачылышы

24.04.2015 16:21
6 жашка чейинки 180 баланын мектепке чейинки даярдыгын жакшыртуу үчүн шарттар түзүлөт.
Баткен облусунун Катран айылдык аймагында “Алтын бешик” бала бакчасынын ачылышы

“Инсан-Лейлек” коомдук фонду социалдык муниципалдык тапшырыктын алкагында “Балдардын билим берүүсүнө инвестициялоо” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 6 жашка чейинки 180 баланын мектепке чейинки даярдыгын жакшыртуу  үчүн шарттарды түзүү жаатында кызмат көрсөтүү; ата-энелер жана педагогдор менен баарлашуу көндүмдөрүн калыптандырып, билимдин түрдүү багытына карата маалымат арттыруучу, чыгармачыл жана оюн кызыгуусун өнүктүрүү.

Катран АА Баткен облусунун Лейлек районундагы алыскы муниципалитеттердин бири болуп эсептелет. Ушул кезге чейин Катран айылында бир гана бала бакча иштеп келген, ал 132 балага гана эсептелген. Ал эми миңден ашык бала мектепке чейинки билим берүүдөн куру калган. Ошентип жыл сайын 200дөн ашык бала мектепке даярдыксыз келчү. Мектепте бала бакчага барган жана үйдөн эле келген балдардын ортосунда айырма чоң болгону байкалчу. Бала бакчага барган балдардын өнүгүүсү жакшыраак, алар өздөрүн жамаатта алып жүргөндү билишет, тамга таанып, санай алышат.

Буга байланыштуу Катран айыл өкмөтү аймактын муниципалдык имараттарынын биринде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн кошумча тайпаларды ачууну пландоодо – бул пункт Катран айылдык аймагын өнүктүрүү планына кошулган. Долбоордун алкагында жаңы бала бакчага эмеректер, шаймандар, акыл-эсти өнүктүрчү оюнчуктар берилип, бала бакчанын кызматкерлери окуудан өтүп, педагогдор үчүн билим берүүнүн инновациялык усулдары менен иштеген Исфана шаарындагы жана Кара-Булак айылындагы ийгиликтүү бала бакчаларга тажрыйба алмашуу сапарлары уюштурулат жана өткөрүлөт. Ошондой эле балдарда маалымат арттыруучу жана чыгармачыл кызыгууну өнүктүрүү үчүн окутуунун интерактивдүү усулдарын колдонуу менен түрдүү сынактар жана оюндар уюштурулат.

Долбоордун өзгөчөлүгү – муниципалитет (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Бул келечектеги чоң кыймылды – Кыргызстанда социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө карай шилтенген алгачкы кадам. Социалдык тапшырыкты өнүктүрүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, коомго жана мамлекетке жарандык коом уюмдарынын маңызын, алардын түзүлүш максатын жакшыраак түшүнүүгө жол берет. Жарандык коом уюмдары үчүн социалдык тапшырыкты өнүктүрүү өлкөдө бейөкмөт уюмдун ишмердигин каржылоонун ички булактары пайда болот дегенди билдирет. Мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коом уюмунун өз ара мамилелер системасындагы зарыл болгон элемент. Бул элементти өнүктүрүү жарандык коомдун чет өлкөлөрдөн гана каржыланып келаткан көрүнүшүнөн улам Кыргызстанда пайда болгон каржылоодогу кемчиликти оңдоого жардам берет.