ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо – эмнелерди баалайбыз?

19.11.2019 15:54
Автор: Медет СУЛТАНБАЕВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун МжБ боюнча адиси, "Муниципалитет" журналы, №7-8 (93-94), 2019-11-19.

ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо – эмнелерди баалайбыз?

ЖӨБ органдарынын натыйжалуулугуна баа берилиши керек деген пикирге айылдык аймактын жашоочулары да, ЖӨБ органдарынын, мамлекеттик органдардын өздөрү да, эксперттер да кошулат. ЖӨБ органдарынын натыйжалуулугун баалоонун максаты – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун оптималдуу моделин түзүү[1]. Бул моделде алдын ала белгиленген мүнөздөмөлөр болуп, алар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын муктаждыктарына жооп берет. Ар кайсы өлкөлөр ЖӨБдүн эң эле оптималдуу моделин түзүүгө аракет жасап келатышат. ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоону аспап катары караш керек. Бул аспаптын жардамы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу өзүнүн алдына койгон максаттарга канчалык жеткени өлчөнөт. Ушул жерде эки суроо жаралат: ЖӨБ канчалык натыйжалуу жана жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруудан күткөндөрү канчалык акталууда?

ЖӨБдүн натыйжалуулугун баалоону иштеп чыгып, аны өткөрүүнүн актуалдуу дагы бир нерсеге байланыштуу болуп турат: Кыргызстанда ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү азырынча толук иштелип чыга элек[2]. Буга чейин даярдалып, киргизилген Калктын ишеним индекси[3] элдин ЖӨБ органдарынат карата ишеним деңгээлин баалабайт, изилдөөнүн объектиси катары айылдык аймактар үчүн индекстин жыйынтыктары бөлүп берилген эмес. Айрым жамааттарда айыл өкмөтүнүн паспорту[4] боюнча ЖӨБ органдарынын отчеттуулук системасы бир аз жакшыраак иштелип чыккан. Бирок бул да жетишсиз болууда. Мындан ары иштин натыйжалуулугун баалоонун негизи катары үч усулду алса болот – эксперттик баалоо, максаттуу топторду баалоо жана натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү. Натыйжалуулуктун көрсөткүчтөр системасы алдыга коюлган максаттарга жетүү деңгээлин чагылдырат. Ал эми мониторинг жана баалоо системасы башкаруу процессине баа берет.

Бул макалада ЖӨБдүн натыйжалуулугунун көрсөткүчтөр системасына сереп жасайбыз. Бул система ЖӨБ органдарын мыкты жыйынтыкка жетүүгө шыктандырып, ошол эле кезде аларды «көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы үчүн ат чабыштан» оолак кылат.

ЖӨБ органдарынын натыйжалуулугун баалоого жарандар, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланган бенефициарлар, мамлекеттик уюмдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү да кызыкдар. Суроо мындай: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун кантип баалаш керек? ЖӨБ органдарынын ишиндеги натыйжалуулуктун кандай өңүттөрүн баалаш керек – финансылык, башкаруучулук, экономикалык же укуктук өңүттөрү бааланабы? Же түрдүү өңүттөрдүн жыйындысын комплекстүү баалоого зарылчылык барбы? Практикада ЖӨБ органдарынын ишиндеги өңүттөрдүн кандайдыр бир жыйындысы бар. Бул бир кыйла татаал процесс, ал эми алынган жыйынтыктар талаштуу бойдон кала берүүдө. «Суу түбүндөгү таш» – ар кандай топтор үчүн ЖӨБдүн ишиндеги ар кандай өңүттөр өтө чоң мааниге ээ: текшерүү органдары үчүн – финансылык өңүт, бизнес үчүн экономикалык, аярлуу топтор үчүн социалдык жана башка. Бирок 40 же андан ашык көрсөткүчтөр боюнча адекваттуу баалоону туруктуу өткөрүп туруу мүмкүн болбойт. Анда артыкчылыкты кимге бериш керек? Азырынча бир гана жооп бар – баарынан маанилүү топту тандап алып, ушул топтун керектөөлөрүнө жараша натыйжалуулукту баалоо тууралуу отчет даярдаш керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча практикттерде ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча түрдүү көз караштар жана методикалар бар. Мында көрсөткүчтөр системасы өзгөчө маанилүү аспап болуп эсептелинет. Мисалы, Орусияда көрсөтүчтөр системасы 40 көрсөткүчтөн турат, ал эми деталдаштырылган көрсөткүчтөр менен кошо бул көлөм 60 көрсөткүчкө чейин жетет. Кырк көрсөткүч – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү өлчөш үчүн жетиштүү сан. ЖӨБ органдарында бул үчүн потенциал дайыма эле боло бербейт. Натыйжалуулукту эсептеп чыгуу жамааттын мүчөлөрүнө да, мониторинг жүргүзгөн топко да оор. Иштин натыйжалуулугун эсептөө методикасы атүгүл ЖӨБ органдарынын кызматкерлери үчүн да бир кыйла оор болуп калууда. Бул болсо жергиликтүү бюджеттин эсебинен тыштан адистерди тартуу маселесин кабыргасын коюп жатат. Бирок бул үчүн акча тартыш. Көрсөткүчтөрдүн көп санда болушу натыйжалуулукту эсептөө ишин татаалдаштырып, натыйжалуулук түшүнүгүн бүдөмүк кылып жатат. Буга байланыштуу натыйжалуулуктун көрсөткүчтөр топтомун кыскартып, унификациялоо ыкмасы изделүүдө. Натыйжалуулуктун көрсөткүчтөр системасын даярдап жатканда башат чекити катары Маслоу пирамидасын[5] колдонгон вариант да бар. Себеби жамаат мүчөлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын базалык муктаждыктарын канааттандыруу ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугунун жыйынтыгы болот эмеспи. Мында негизги басымды экономикалык жана башкаруучулук багыттарга эмес, социалдык багытка жасаш керек. Экономикалык жана башкаруучулук багыттар маанилүү болгону менен, алар жамааттын өнүгүүсүнүн соңку көрсөткүчү болуп бербейт. Баалоонун натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жасалган анализ[6] көрсөткөндөй, алар ЖӨБ органдарына карата тышкы мүнөзгө ээ, бирок алардын ички натыйжалуулугун баалабайт. Ошондуктан коомдук мониторинг өңдүү баалоонун тиби тууралуу сөз болуп жатат. Анын жыйынтыктары көбүрөөк коомчулукту маалымдоого эсептелген. Мисалы, калктын көрсөтүлгөн кызматтарга канааттануусу, бюджеттик каражаттардын колдонулушу ж.б. Натыйжалуулуктун, өзүнө өзү баа берүүнүн ички баалоосу менен натыйжалуулуктун тышкы баалоосу айкалышса, бул ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугу тууралуу ишенимдүү жана тең салмактуу маалыматты бере алмак. ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугуна тышкы жана ички баа берүү үчүн индексти иштеп чыгуу азыр да актуалдуу маселе бойдон кала берүүдө. Кыргызстанда баалоо үчүн бюджеттин көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына байланышкан мониторингдик отчеттор көбүрөөк колдонулуп келатат[7].

Дагы бир маанилүү суроо: көрсөткүчтөрдү ким түзөт жана анда кимдердин кызыкчылыктары чагылдырылган? Ар бир максаттуу топ төмөнкүлөрдү көргүсү келет: ошол топтун кызыкчылыктарынан алып караганда ЖӨБ органынын ишинин натыйжалуулугу кандай болот? Мына ушул жерден ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугунун максаттуу көрсөткүчтөрү пайда болот, алар кайсы бир максаттуу топко тиешеси боюнча натыйжалуулукту чагылдырат. Анализ көрсөткөндөй, ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн калк же кызмат көрсөтүүлөрдүн бенефициарлары эмес, адатта эксперттер түзүшөт. Бул натыйжа-

луулукту аныктоо маселесинде түрдүү топтордун компетенттүүлүгүнө байланыштуу болууда. Эксперттер чыгаша, киреше, ресурстарды башкаруу ж.б. өңдүү объективдүү көрсөткүчтөргө көбүрөөк ыкташат. Ал эми жашоочулар жана бенефициарлар кызмат көрсөтүүлөргө канааттангандык даражасы өңдүү субъективдүү көрсөткүчтөргө ыктап турушат.

Натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн түзүүгө карата эки ыкманы эске ала жүрсө болот: жигердүү – мында жашоочулар же бенефициарлар өздөрү натыйжалуулукту түзөт же бул ишке катышат; жана пассивдүү – дагы да кесипкөй ыкма, мында көрсөткүчтөрдү эксперттик топтор түзүшөт. Биринчи ыкма саясатчыларга, экинчиси башкаруучуларга көбүрөөк жагат десек болот.

Анализ көрсөткөндөй, мамлекеттик органдар ЖӨБ органдарынын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн түзүүгө көбүрөөк багыт алышкан, булар кандайдыр бир деңгээлде ЖӨБ органдарын мамлекеттик түзүмдөрдөн көз каранды кылып коюуда. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн түзүүдө бенефициарлардын да, эксперттердин да жигердүү катышуусун айкалыштыруу комплекстүү ыкмага айланмак. Мындай ыкма натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн түзүүнүн эки баскычын караштырат. Биринчи баскычында ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн кесипкөй эмес жамаат – бенефициарлар, айыл тургундары түзүшөт. Бул жамаат мүчөлөрү үчүн түшүнүктүү болгон базалык көрсөткүчтөр болот. Кийинки этабында дифференцияланган көрсөткүчтөрдү эксперттик жамаат түзүп чыгат. Андан соң натыйжалуулук көрсөткүчтөрү биротоло тандалып алынып, бул система түзүлүп, ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо практикасына киргизилмек.

ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчтөрүнүн системасын киргизүү кандай пайда алып келет? Биринчиден, жамаат мүчөлөрү, эксперттер, мамлекеттик уюмдар ж.б. үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин сапатын өлчөй турган аспап пайда болот. Экинчиден, муниципалдык статистиканын өнүгүүсүнө дем берилет, маалыматтардын топтому жана сапаты оңолот. Үчүнчүдөн, айылдык аймактарды алардын ишинин натыйжалуулугу боюнча классификациялоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мунун натыйжасында дотацияда турган жана дотацияда болбогон айылдык аймактар арасында мамлекеттик ресурстар калыс бөлүштүрүлөт; дем берүүчү гранттарды берүү, «Мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик конкурсту өткөрүү, ЖӨБОнун мыкты жетекчилерин сыйлоо тартиби ирээтке келет. Төртүнчүдөн, ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жогорулайт. Бешинчиден, айыл өкмөт башчларынын ишин калыс баалоо жана өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн негизинде божомол түзүү үчүн мамлекеттик администрация башчыларында башкаруучулук аспап пайда болот.

 

________________

[1] Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: бүгүн, эртең жана 20 жылдан кийин

[2] КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы №147 Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө токтому

[3] КР Улуттук статистика комитетинин сайты: http://www.stat.kg/ru/indeks-doveriya-naseleniya/

[4] Теплоключенка айыл өкмөтүнүн сайты: http://teplokluchenka.org.kg/ru/ajylnyj-ajmak

[5] Маслоу А. Мотивация жана инсан. 3-глава. «Базалык муктаждыктарды канааттандыруу».

[6] КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы №147 Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө токтому.

[7] Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу боюнча методикалык окуу китеби. КР Финансы министрлиги, 2015-жыл.

Проект: