СЭӨПга мониторинг – айыл өкмөт башчы, жарандар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кандай ролду ойношот?

01.03.2019 14:27
«МУНИЦИПАЛИТЕТ» журналы | www.municipalitet.kg
ФЕВРАЛЬ 2019 | № 2 (88)
СЭӨПга мониторинг – айыл өкмөт башчы, жарандар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кандай ролду ойношот?

Автору: Медет СУЛТАМБАЕВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун МжБ боюнча адиси

ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү мындан ары айрым бир долбоорлордо колдонулчу механизм катары карабаш керек. Бул жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жарандар ортосундагы өз ара мамилелердин туруктуу системасы болууга тийиш.

Ошону менен катар бул системада ар бир тарапта өзүнүн кызыкчылыктары, максаттары, милдеттери жана функциялары болушу керек. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору мониторинг жана баалоо темасында өткөргөн практикалык окуулар “ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы кантип түзүлүшү керек?” деген маселеде маанилүү тыянакты чыгарууга жол берет. Долбоордун алкагында Өнүктүрүү саясат институту 2018-жылы октябрь-ноябрь айларындагы программалар менен долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча тренинг өткөрдү. Тренингдер Нарын (беш айылдык аймак) жана Ош (он айылдык аймак) облустарындагы 15 пилоттук айылдык аймакта өткөрүлдү. Тренингге 196 адам катышты, алардын 36 пайызын аялдар түздү. Тренингге айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү, жергиликтүү жамааттардын лидерлери катышты. Программаларга жана долбоорлорго, аны менен катар Биргелешкен аракеттер планына (БАП) мониторинг жана баалоо жүргүзүү көндүмдөрүнө үйрөтүү тренингдин негизги максаты болду. БАПтар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистеринин консультациялык колдоосу менен даярдалган. Биргелешкен аракеттер планы – бул жамааттын артыкчылыктуу маселелерине негизделген, айылдык аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын (СЭӨП) бир бөлүгү. Жамааттын артыкчылыктуу маселелери болсо айылдын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) моделинин жардамы менен аныкталат.

Тренинг айылдык аймактардын деңгээлинде мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө ЖӨБОнун жана жамаат мүчөлөрүнүн ролун ачып берди. Ошондой эле индикаторлорду иштеп чыгып, аларга жетүүгө чейинки толук процессти көрсөттү. Тренинг Биргелешкен аракеттер планындагы индикаторлордун анализине негизделген. Индикатор – бул объекттин абалын сүрөттөп берүүгө жана баалоого жардам берет. Бул СЭӨПга мониторинг жүргүзгөн учурда өтө маанилүү жана жөнөкөй аспап. Индикатор – бул алдыга коюлган максаттын багытын көрсөтүп турган компас. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар көрсөткүчтөр (индикаторлор) жасалган ишаракеттерди, тийгизген таасирин жана узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү көрсөтүп тураарын билишти. Ошондой эле катышуучулар индикаторлор бирдиктүү принциптерге шайкеш келиши керектигин үйрөнүштү. Ал принциптер: индикаторлор конкреттүү, бир маанилүү, ишенимдүү болуп, бири-бирине карама-каршы келбей, маалыматты чогултууда жеткиликтүүлүк болушу керек. Сандык жана сапаттык индикаторлор менен таанышууга да көңүл бурулуп, катышуучулар конкреттүү мисалдардын негизинде алардын айырмасын көрүштү. Ошондой эле тренингдин катышуучулары иштелип чыккан критерийлер боюнча индикаторлорду тандап алганды үйрөнүштү.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору окуу процессинде катышуучуларды бир нече маанилүү маселелерди чечүүгө үйрөттү.

Макаланын толук версиясы ушул бетке тиркелген

Скачать:
Проект: