Жергиликтүү чечим кабыл алуу процесстерине аялдардын катышуусуна таасир этүүчү факторлор

02.12.2021 09:06
Сурамжылоонун жыйынтыктары жана сунуштар. Кыскача отчет
Жергиликтүү чечим кабыл алуу процесстерине аялдардын катышуусуна таасир этүүчү факторлор

Сурамжылоо Өнүктүрүү саясат институту тарабынан АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Жигердүү Жарандар» долбоорунун каржылоосунда «Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу» демилгесинин алкагында өткөрүлдү.

Кыскача сереп

USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында 2021-жылдын июнь-июль айларында «Өнүктүрүү саясат институту» (ӨСИ) кыргызстандык аялдардын жергиликтүү чечим кабыл алуу процесстерине катышуусуна таасир этүүчү факторлорду аныктоо үчүн сурамжылоо түрүндө изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөнүн толук отчетунда чагылдырылган жыйынтыктар жана сунуштар Кыргызстанда аялдардын лидерлигине жана алардын коомдук турмушка катышуусуна колдоо көрсөтүү боюнча программаларды иштеп чыгуу үчүн колдонулган. 

Колдонулган усулдар

Бул изилдөөдө фокус-топтордо талкуулар, сурамжылоо жана сторителлинг (жеке окуяларды баяндоо) сыяктуу айкалышкан усулдар колдонулду. 22 аял менен өткөрүлгөн фокус-топтордо талкуулар сурамжылоонун суроолорун жана жоопторунун варианттарын иштеп чыгуу үчүн маалымат катары пайдаланылды. Андан соң 142 катышуучу менен онлайн режимде жана жеке жолугушуу түрүндө сурамжылоо жүргүзүлдү. Анкета Google Forms формаларына салынып форматталды, ал эми онлайн-анкетага шилтеме жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарын камтыган ӨСИнин WhatsApp топтору аркылуу таркатылды. Акырында сурамжылоодо алынган маалыматтарды толуктоо үчүн сторителлинг – башкача айтканда, жеке окуяларды баяндоо  - усулу колдонулду.

Жыйынтыктар

Баалоого өлкө боюнча бардыгы 164 аял катышты (сурамжылоого 142 респондент жана фокус-топко 22 аял катышты). Бардык катышуучулар «Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу» иш чарасына[1] катышып, коомчулукту тартууга жигердүү катышты. Катышуучулардын көпчүлүгү жергиликтүү кеңештердин азыркы учурдагы же мурунку депутаттары же жакынкы келечекте депутат болууну көздөп жаткандар болуп, алардын жаш курагы 24төн 70ке чейин, көпчүлүгү 40-56 жаш курагындагы аялдар.

Аялдардын саясий турмушка катышуусуна карата тоскоолдуктар: Негизги тоскоолдуктар катары өз күчүнө ишенбестик жана чектөолөрдү орнотуучу социалдык нормалар белгиленди. Ошого карабастан, катышуучулар өздөрүн депутаттыкка талапкер катары коюу мүмкүн экендиги менен макул болушту, себеби, шайланып калышса, бул ролду аткарууга жетиштүү даражада компетенттүү экендигине ишенишет. Бирок жалгыз гана ишенимдин жетишсиз экени да айтылды. Болочок талапкерлер аялдар үй милдеттерин аткарууга гана жооптуу деген кеңири жайылган социалдык нормаларга туруштук берип, коомдук чөйрөдө да роль ойношу керектигин түшүнүүүлөрү зарыл. Мындан тышкары, бул ишеним жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, аял лидерлердин айкын муктаждыктарына жооп бере тургандай потенциалын жогорулатуу менен айкалыштырылышы керек.

Жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн мотивация: Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу боюнча чечим кабыл алган аялдардын негизги мотивациясы жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат. Жалпысынан алганда, респонденттер кандайдыр бир потенциалдык салымдын коомчулук тарабынан таанылышы анча маанилүү эмес экендигин айтышкан. Жыйынтыктарга таянсак, аялдар саясий кызмат ордундары менен байланыштуу артыкчылыктар менен компенсацияларга деле эркектер сыяктуу ынтызарлыкты көрсөтүшкөн эмес. Респонденттердин арасында кеңири тараган түшүнүккө жараша, эркектер менен салыштырганда, кызматка келгенден кийин аял лидерлердин ишке карата мамилеси ырааттуу, чыдамдуу, адилеттүү жана ачык-айкын болот.

Лидерлер үчүн этикалык нормалар: Сурамжылоонун көпчүлүк катышуучуларынын пикири боюнча, этикага сыйбаган жүрүм-турум, анын ичинде аял лидерлерге карата эркек кесиптештеринин теңсиздике негизделген мамилеси жана көз карашы жергиликтүү кеңештердин аброюна көлөкө түшүрөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын этикалык кодекси болгону менен анда гендердик теңчилик маселелери тийиштүү түрдө эске алынган эмес.

Сунуштар

Алынган жыйынтыктардын негизинде келечектеги программаны иштеп чыгуу үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • Аялдардын коомдун турмушуна катышуусун чектеген салттык нормаларга туруштук көрсөтүү.
  • Инсандар аралык байланыш көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу аялдардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу.
  • Жарандык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн аялдардын бирикмелерин жана колдоо топторун түзүүгө жана бекемдөөгө колдоо көрсөтүү.
  • Эркек өкүлдөрдү жүрүм-турумдун этикалык нормалары, анын ичинде гендердик сезимталдык маселелери боюнча окутуп үйрөтүү.
  • Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарын колдоо боюнча мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чаралардын комплексин иштеп чыгуу.

Тиркеме: Сурамжылоонун суроолору жана жооптору

Сурамжылоонун суроолору жана алардын жооптору төмөндө кеңири чагылдырылган. Сурамжылоонун толук отчету ар бир суроонун анализин толуктоо үчүн фокус-топтогу талкуулардын жана жеке окуяларды баяндоо көнүгүүлөрүнүн натыйжасында алынган сапаттуу маалыматтарды камтыйт.

Респонденттер жергиликтүү социалдык көйгөйлөрдү, көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү чечүү жана жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүнү негизги түрткү берген себептер катары тандашты.

Респонденттер аялдарга эң керектүү деп эсептелген жөндөм-көндүмдөрдү төмөнкүчө аныкташты: лидерлик, дебатка катышуу, эл алдында сүйлөө жана ар кандай аудитория менен баарлашуу.

Респонденттердин айтымында, коомдук турмушка жигердүү катышууга жакын туугандарынын жана кайын-журтунун колдоосунун жоктугу эң чоң тоскоолдуктардын бири болуп саналат. Беш аялдын экөөсү эркектердин ачык каршылыгына дуушар болушкан. Жалпысынан алганда, респонденттердин бир бөлүгү аялдардын саясий турмушка катышуусу жөнүндө коомчулуктун терс пикирлеринен улам өзүнүн күчүнөн күмөнгөр болушкан. Кээ бир респонденттердин айтымында, алар өздөрүнүн тажрыйбаларын бөлүшүп, кеңеш алуу үчүн башка аялдар менен шериктештиги жок экенин айтышкан.

Респонденттер калыстыкты эркектерге салыштырганда аялдардын лидерлигинин күчтүү жагы катары белгилешкен. Фокус-топтук талкууларда жана сурамжылоочуларга айтып берген жеке окуяларында аялдар өздөрүнүн баалуулуктары жана сапаттары жөнүндө да ой жүгүртүшүп, ырааттуулук, ынталуулук жана сабырдуулук аялдарга тиешелүү сапаттар экенин белгилеп өтүштү. Окуяларда жана талкууларда айтылган башка сапаттардын катарына чынчылдык, ыкыластуулук жана чыдамкайлык кирген. Сурамжылоого катышкан респонденттердин дээрлик үчтөн бир бөлүгү лидер аялдардын көйгөйдүн өзөгүн көрө билүү жөндөмдүүлүгүн күчтүү жагы катары аныкташкан.  Ошол эле учурда аялдар эркектер маселени чечпестен таштап коюп, башка маселелерге тез жана ыраатсыз өтүшөт деген көз карашта.

Сурамжылоого катышкан респонденттердин дээрлик жарымы шайлоо мыйзамдарында эч кандай кемчилктер жок экенин айтышса, жарымынан көбү аялдар тиешелүү шайлоо мыйзамдарын начар түшүнүшөт деп эсептейт, кээ бирлери мыйзамды жетишерлик деңгээлде билбегендиктен анын кемчиликтерине карата комментарий берүүсү кыйын экендигин айтышты. Респонденттердин үчтөн биринен көбү аялдардын тең укуктуу катышуусун камсыздоого багытталган квоталардын аткарылышын көзөмөлдөө зарылчылыгы бар экендигин белгилегенин баса белгилөө маанилүү.

Респонденттердин айтымында, эркектер көбүнэсе өздөрүнүн микро-топторун түзүүнү көздөшөт, натыйжада бул аялдардын четте калуусуна жана жергиликтүү кеңештин талкуусунан четтетилип калуусуна таасирин тийгизет. Мисалы, респонденттердин 22% комиссиялар аркылуу чечилүүчү бюджеттик маселелерди талкуулоодон жана чечимдерди кабыл алуудан четтеп калгандыгын белгилеп өтүшкөн. Аялдардын бештен бир бөлүгү гана квоталарды кеңешке катышуунун жолу катары аныктап, колдоонун башка түрлөрүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Респонденттердин дээрлик үчтөн экиси аялдардын жергиликтүү кеңештеги ролун чыңдоо үчүн колдоо катары мамлекеттик каржылоону сунушташат. Башка бир катар чаралар респонденттер  үчүн болжол менен бирдей мааниге ээ: эркектерди гендердик сезимталдык маселелери боюнча окутуп-үйрөтүү, билим берүү, аялдар үчүн эмгек шарттарын жакшыртуу жана коомдук ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн көбүрөөк каржылык колдоо көрсөтүү.

 

__________

[1] Бул иш чара USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорун да камтыган бир нече донорлор тарабынан каржыланды.