Өз алдынча башкаруу мыйзамдардан өксүүдө

03.04.2013 15:41, —

19-мартта Жалал-Абад шаарында өткөрългөн иш-чарага катышкандар ЖӨБ органдары жана коомчулугу жергиликтүү жамааттардын Уставын «жандандыруу» жана айылдык кеңештин регламентин кантип иштетүү керек экендигин талкуулашты.

20.03.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) жөнүндө мыйзамы чийки иштелип? кабыл алынган. Аны айыл турмушун, көйгөйүн жакшы билбеген “акылдуулар» жазган. Мына ушундай нааразы пикирди Жалал-Абад областына караштуу айыл аймактарынын төрагалары жана депутаттары Өнүктүрүү саясат институту тарабынан атайын уюштурулган тегерек столдо билдиришти.

«Кыргызстандын жергиликтүү жаңы кеңештерине жаңы жумуш регламенти, ал эми жамааттарга жаңы уставдар керек» деген темада 19-мартта Жалал-Абад шаарында өткөрългөн бул иш-чарага катышкандар ЖӨБ органдары жана коомчулугу жергиликтүү жамааттардын Уставын «жандандыруу» жана айылдык кеңештин регламентин кантип иштетүү керек экендигин талкуулашты. Аталган иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 

Аталган институттун адиси Бектур Орозбаев, Устав – бул жергиликтүү Конституция; анда коомчулук муниципалитеттин жашоо аракетин уюштуруу маселелерин өз алдынча чечет жана коомчулуктун мүчөлөрү сактаган эрежелерди түзөт. Бирок, Кыргызстанда кагаз жүзүндө гана жашап, эбак эскирген ченемдери бар жана ченемдик документтер катары иштебеген көптөгөн уставдар бар. Мындай “өлүк” уставдар адатта ЖӨБ органдарынын болжолдоп гана иштешине алып келет, себеби жергиликтүү коомчулуктун жашоо-турмушу ийне-жибине чейин мыйзамда жазылган. Мисалы, жергиликтүү ченемдик актыны кабыл алуу демилгесин кантип көтөрүп чыгуу керек экендигин, жарандар муниципалитеттин бюджетине жана өнүгүү планына кантип таасир тийгизе ала тургандыгын мыйзам аныктабайт, деп түшүнүк берди. 

Жергиликтүү кеңештин регламенти – бул депутаттардын иш алып баруусунун эрежелери; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы иш жүргүзө турган эң негизги уюштуруучулук документи. Элеттик ЖӨБ органдарынын көпчүлүгүнүн регламенттери эскирип калды жана алар айылдык кеңештин отурумдарын өткөрүү процедураларын; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ченемдик укуктук актыларын киргизүү, аларды кароо, кабыл алуу жана күчүнө киргизүү иретин камтыбайт. 

Жергиликтүү коомчулуктун уставын жана жергиликтүү кеңештин регламентин “жандандырууга” өзгөчө актуалдуулукту айылдык кеңештердин депутаттарын жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо өнөктүгүнөн кийин ЖӨБ органдарына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзгөчөлүктөрүн жана ченемдик негиздерин начар түшүнгөн көптөгөн жаңы лидерлер келгендиги берет. Мисалы, бейрасмий маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусунда 80 пайыз депутаттар жана ЖӨБ башчылары жаңы шайланган жана алар азыркы учурда кеңештин иш-аракеттерин жана коомчулуктун жашоосун жөнгө салуучу сапаттуу иш кагаздарга абдан муктаж экендигин да айтты ал. 

Институттун дагы бир адиси Султан Майрамбеков жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жүргүзүүнүн формалары: коомдук угуулар, жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүүнүн зарылчылыгы тууралуу айтып, коомдук угууда бир гана маселе каралып, ошол жерде жашаган элдин сунуштарын алуу, ал эми жыйындарда 4-5 маселени кароо мүмкүндүгү болорун айырмалап түшүнүп иштөөнү сунуштады. 

Түшүнүк берүүлөрдөн кийин талкууга кезегинде Ноокен районунун депуттарынын кошмо жыйынынын төрагасы Кеңешбек Өскөнбаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамы чала, чийки иштелип, кабыл алынганы тууралуу сөз баштаганда, көпчълък катышуучулар дароо аны кубаттап, бул мыйзамдын жер-жерлерде аткарылышы кыйын болуп жатканын ырасташты. Маселен эми райондун акимине талапкерди премьер-министрге сунуштап, бир жылда бир жолу кошмо жыйында акимдин отчету угулганы менен райондун социалдык-экономикалык маселелери кароосуз калып жатканына бушайман экендиктерин билдиришти. 

Катышуучулар коюлган темага тиешелүү материалдар алдын ала берилип, толук таанышып, окуп чыгуу мүмкүнчүлүгү берилип, андан кийин гана талкууласак болмок экен дегенде, борбордон келген адистер документтер чукул арада эле кыргыз тилине которулуп, өздөрү менен кошо ала келишкенин айтышып, эми ушундай болсо да мындан ары сиздерден тиешелүү сунуштарды, пикирлерди кат жүзүндө күтөбүз, - деп кутулушту. 

Бирок, бул иш-чараны уюштурууда институтунун коомчулук менен байланыш адиси Нургүл Жаманкулова жакшы аракет көргөнү дароо эле байкалып калды. Келгендин баары калем, кагаз, тиешелүү документтер менен камсыз болуп, маселени кабыргасынан кайсы жеринен койсок экен дешип, баш көтөрбөй окуп отургандары да болушту. 

Иш-чара соүунда кандай гана сунуш-пикир, суроолор болбосун, аларды тиешелүү жактарага айтып-деп, чечип алуу иши дал ошол жергиликтүү калктын жыргалчылыгы, жергиликтүү башкаруу үчүн гана керек экендигин түшүнгөн катышуучулар, эми ишти катыралы деп кайтышты.

Зирек АСАНОВА ,
Жалал-Абад шаары.