Ысык-Көлдө жергиликтүү жамааттардын уставы жана регламенти талкууланды

Ысык-Көлдө жергиликтүү жамааттардын уставы жана регламенти талкууланды
30.03.2013 15:26, —

Каракол шаарында облус боюнча “Жергиликтүү жамааттардын уставынын жана айылдык кеңештин Регламентинин долбоорлорун талкуулоо” темасында тегерек стол өттү.

Issyknews.kg 26.03.2013

Каракол шаарында облус боюнча “Жергиликтүү жамааттардын уставынын жана айылдык кеңештин Регламентинин долбоорлорун талкуулоо” темасында тегерек стол өттү. Анын негизги максаты жергиликтүү органдар менен алардын уставын талкууло жана алардын сунуш пикирлерин өкмөткө жеткирүү. Иш чараны республикалык өнүктүрүү саясат институтунун адистеринин уюштуруусу менен өткөрүштү.

Өнүктүрүу саясат институтунун укук саясат маселелери боюнча адиси Бектур Орозбаевдин айтымында бул долбоорду аймактарда өткөрүшүудө: “Биз бул долбоорду 2011-жылдан 2018-жылга чейин швейцария тарабынан утуп алганбыз. Буга чейин айылдык кеңештердин уставдары, регламенттери туура келбегендиктен, жергиликтүү бийликтин эл менен өз ара мамилесин түзүү боюнча бүгүнкү иш чараны уюштурудабыз. Уставды жана регламентти талкуулоо Жалал-Абадда жүргүзүлдү, эми калган облустарда да өткөрүлөт”-дейт Б.Орозбаев.

Бүгүнкү тегерек столго облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басаары жана райондорунун айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары жана депутаттары катышты. Иш чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жамааттардын уставынын долбоору жана анын уюштуруучулук укуктук негиздери жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүргүзүүнүн формалары: коомдук угуулар, жыйындар, элет көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо аркылуу жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышусу, айылдык кеңештин регламентинин жаңы редакциясынын долбоору деген темаларда адистердин баяндамасы берилди. Ушул маселелер боюнча талкуулар жүргүзүлүп, сроо жооптор, сунуштар, кеңештер айтылды.

http://issyknews.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=999%3A2013-03-28-04-07-59&catid=1%3A2012-05-08-14-20-57&Itemid=2&lang=ru