Областтык коллегия: аймак өнүккөнбү же артка кеткенби?

18.02.2013 10:01, —

12.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясы болуп, анда 2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыктары жана 2013-жылга карата милдеттери тууралуу маселе каралды.

12.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясы болуп, анда 2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыктары жана 2013-жылга карата милдеттери тууралуу маселе каралды. Ага райондук мамлекеттик администрация башчылары, шаар мэрлеринин милдетин аткаруучулар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондук жана шаар кеңештеринин депутаттары, айылдык аймак башчылары, өнөр-жай ишканаларынын, укук коргоо, банк мекемелеринин жетекчилери катышты.

Өткөн жылдын жыйынтыктары тууралуу өкүлдүн биринчи орун басары Жумагул Эгембердиева 65 барактан турган доклад даярдалганын айтып, ошолордун ичинен орчундууларына токтолмокчу болдуп. Өткөн жылдагы иштерди алдыга жылдыруудагы жагымдуу жактары катары инфляциянын төмөн болушун жана банктар тарабынан берилген кредиттердин 27 пайызды түзгөнүн, ал эми жагымсыз жагы катары жазгы талаа жумуштарынын убагынан 15-20 күнгө кечиккендигин сөз башында баса белгилеп кетти.

Жалпысынан область боюнча ички дүн продукциясы (ИДП) 100 пайыз аткарылып, кыйла иштерде жакшы көрсөткүчтөр болгону менен, өнөр жай саясатын жакшылап колго алуу, айыл чарбасында пайдаланылбай жаткан жерлердин сандык көрсөткүчү дагы жогору калып жатышы, буудай даны менен област калкынын керектөөсүн канаттандыруу, жакырчылыкты, жумушсуздукту кыскартуу иштери ойлоно турган маселе экендигин да белгилеп кетти. Ошону менен бирге эле ал жарандар тарабынан кайрылуунун иерархиялык ирети сакталбастан, түз эле жогорку бийликтерге кайрылып жатышын райондук жана айлдык бийликтердин калк менен тыгыз иш алып баруусундагы бошоңдук катары белгилеп, аларды калкка жакын болуп иштөө зарылдыгына көңүл бурууга чакырды.

Бул сөздөрдөн кийин «суроо барбы?»,- дегенде Жалал-Абад телерадио компаниясынын башкы директору «Жумагул Шариповна, докладыңызда учурдагы талылуу маселе – чек ара боюнча эч кандай маалымат жок» деп сураган суроосуна, ал доклад 65 барактан турат, анын баарына окуганым жок, бул боюнча 2013-жалга карата милдеттерде айтылат, - деп жооп берди.

Андан ары жарыш сөз менен чыгып сүйлөө тартиби келгенде Тогуз-Торо районунун акими былтыркы жылдын жыйынтыгында Тогуз-Торо району боюнча киреше салыгы, сатуудан салыктын планы аткарылбай калганын, мунун себеби бул районго план ашыкча сумма менен берилгени себеп болгонун айтып, ошол эле учурда, райондун карамагындагы «Саймалы-Таш» паркына тиешелүү деген 32 гектар жер аянтын пайдалануу боюнча бийилктердин тиешелүү чечимдерди чыгарууга көңүл буруулары зарыл экендигин айтып өттү.

Сөз кезегинде Токтогул ГЭСинин, «Жалалабатэлектро» ААКнын жетекчилери маалыматынан кийин «1 киловатт электр энергиясы 7 тыйын турса, силер канча сомдон сатып, андан ким канча пайда таап жатасыңар, миллиардаган акчалар кайда кетип жатат?, - деген кыяздагы суроону капысынан да, кабыргасынан да коомдук ишмер Бекболот Ибраимов коюп, «тигил-бул жактарга, ар кандай чыгымдарга жумшалат», деген жооп болду. «Жалалабатэлектро» ААКныны жетекчиси өз сөзүндө жаңы конуштар көбөйүп, аларды электер энергиясы менен камсыз кылуу, көп кабаттуу үйлөрдүн отказандары мурдагыдай атайын көмүр менен жылытылбай калышынан улам электер энергиясы менен гана жылытуу болуп жаткандыктан, электр менен камсыз кылуу, жектирүү шаймандарынын эскилиги жетип жаңылоо иштери дагы көп каражаттарды талап кыларын айтканда,, кайрадан эле Б. Ибраимов аксакал «өзү аларды жарык менен ким камсыз кылыш керек, силер бул ишти айыл өкмөттөрүнө эле түртүп салбагыла, андан көрө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 42-статьясынын 14-абзацын окушуңуз керек», - деп ачык эле айта салды.

Кара-Көл шаарынын жаңы шайланган мэри Кара-Көл шаары - энергетиктердин шаары экендигин, Токтогул ГЭС каскады бул шаар аймагында турганына карабастан бул ишканадан шаар казынасына сатуудан салык түшпөй жатканын, ал азыркы учурда 64 млн. сомду түзөрүн айтып өкүндү. Ошондой эле шаар мэри шаардын энергетика боюнча көптөгөн адистери Россиянын ири ГЭС жайгашкан шаарларында чоң суроо-талап менен иштеп жатышканын, эгерде бүгүндөн баштап адистерди даярдоо жагына көңүл бурулбаса, электр энергиясын ким өндүрөт деген суроо пайда болуп жатканын, кычыраган кышта Токтогул ГЭСинин 1 агрегаты бүлгүнгө учурап калганда бир айда бүтө турган ишти дагы жакшы мыкты адистерибиз бир ж ума ичинде оңдоп алууга жетишкенинк, керек болсо ошол эле Ат-Башы ГЭСиндеги оңдоо иштери дагы каракөлдүк адистер тарабынан жүргүзүлүп жаткан айтып өттү.

Андан кийинки сөз расмий түрдө баягы эле Б. Ибрагимовго берилгенде, ал трибунага чыгып, чарба иштери чаржайыт боло берип, сарамжалдуу, мыйзамдуу чечилбесе, ал өзүнчө эле саясатка айланып кетерин айтып, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өзалдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында 22 кызмат айыл аймактарынын ыйгарым укук менен өткөрүлүп берилгени, бирок алар республикалык бюджеттен каржылана турганы көрсөтүлгөнүнө карабастан алар каржыланбай калып жатканын белгилеп өттү. Ал эгерде айыл аймактарына, райондук администрацияга бардык жагынан, айрыкча каржы жагынан көңүл бурулбаса, мындан жогорку бийлик өзүнчө жакшы көрүнө албайт, деп эле кесе айтып, жыйынга катышкан көпчүлүктүн кол чабуусуна арзыды. Бул кишиге суроо барбы деп, өкүл Жусупалы Төрөмаматов залдагыларга кайрылганда, бир да адам суроо берүүгө дааган жок.

2013-жылдагы милдеттер тууралуу област өкүлү 20 мүнөттүк доклад даярдалганын, анын жалпы калктын назарына жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыя болорун айтып, өндүрүш, айыл чарбасы, суу чарбасы, сел ташкындарына карата даярдык боюнча иштерди алдыга жылдыруу зарылдыгын, айрыкча, Өзбекстан менен чектешкен аймактарда жашаган калктын коопсуздугуна чек ара кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катуу көңүл буруп иштөөлөрүн эскертти.

Коллегиянын соңунда Кыргыз Республикасынын вице-премүер-министри Тайырбек Сарпашев сөзүн ИДПнын аткарылышы боюнча Жалал-Абад областы жакшы көрсөткүчкө ээ болгонун, бирок айрым көрсөткүчөр төмөн болгон учурда дагы анын артында элдин эмгеги турарын айтты. Анын айтымында, бул жылы дыйкандарга 4,5 миллиард сом кередит өлкөнүн 5 коммерциялык банкы тарабынан бериле баштаган, анын ичинен 35 пайызы биринчи алып жаткандарга берилет, бул жылы 7 эсеге көп экенин, ошондой эле 1,5 миң трактор берилээрин билдирди.

Катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, куру убада берүүдөн көрө айылдарда, райондордо машина-трактордук станцияларды түзүү аракеттери ишти илгерилетерин, ал эми кредит берүү ишин аркалап жаткан коммерциялык банктар менен иштөөдөгү таарыныч-урунуч, түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн 10 күн ичинде «бирдиктүү терезе» ыкмасын колго алып, ал жерде тиешелүү адистер менен камсыз кылып, көзү чачырап жаткан дыйкандарга жакындан кол кабыш кылуу ишин катуу колго алуу керектигин баса белгилеп өттү.

Ошондой эле бизде ички дүң продукциясынын негизин айыл чарбасы түзүп жатканда анын эң орчундуусу – бул кайра иштетүү экендигин, бул инвестицияларды тартуу жагына көңүл буруп иштөөнү сунуш этип, негизинен саясый туруктуулак дагы зарыл экенин, жаз келди деп көңүлдү башка жакка бурбай, анын артынан жай, күз, кыш келээрин да эстеп, ынтымакта иштөө чакырыгы менен жылуу каалоо-тилектерин айтты.

 

Зирек АСАНОВА,

Жалал-Абад шаары.