Сузак районунда депутаттардын кошмо жыйналышынын төрагасы шайланды

11.02.2013 18:04, —

11.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Бүгүн 11-февралда Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын биринчи Кошмо жыйналышы болуп, анда Кошмо жыйналыштын төрагасы шайланды.

11.02.2013. ЖАЛАЛ-АБАД news. Бүгүн 11-февралда Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын биринчи Кошмо жыйналышы болуп, анда Кошмо жыйналыштын төрагасы шайланды.

Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драмалык театрдын имаратында болуп өтткөн бул жыйынга Сузак районунун 14 айылдык аймагынан шайланган 330 депутаттын ичинен 277 депутат катышып, Кошмо жыйындын Типтүү регламентин бекитүү, президиумунун төрагасын жана мүчөлөрүн, эсептөө комиссиясын жана катчылгын шайлоо маселелерин карап, көпчүлүк добуштар менен бекитишти.

Аталган райондун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Жаныбек Жолборсов «Жергиликтүү кеңештердин Кошмо жыйналышынын типтүү регламенти» Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун 2013-жылдын 11-январында №4-буйругу менен бекитилгени тууралуу маалымат берди.

Регламент жобосу боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештердин Кошмо жыйналышы бул тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин – райондун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын чогулушу.

Депутаттардын ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Кошмо жыйындын президиумунун төрагасы болуп Кара-Алма айыл аймагынын депутаты Эрмекбай Ормушев, ал эми мүчөлөрү болуп Кыз-Көл айыл аймагынан депутат Жеңиш Калымбетов, Курманбек айылдык аймагынан Бакыт Калбаев шайланды.

Тиешелүү мыйзамдарга ылайык, төрага 1 жылга гана шайланары дагы айтылды. Ал эми депутаттардын Кошмо жыйыны райондук маанилүү маселелерди талкуулап, тийиштүү чечимдерди кабыл алып турат.