Салыкка сарасеп

30.11.2012 12:59, —

Жалал-Абад шаардык салык кызматынын кызматкерлери ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча планда каралган 419 млн. 975 миң сомдун ордуна 421 млн. 37 миң сом топтоп, аны 100, 3% же пландан 1 млн. 61 миң сомго ашыкча аткарышкан.

Жалал-Абад шаардык салык кызматынын кызматкерлери ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча планда каралган 419 млн. 975 миң сомдун ордуна 421 млн. 37 миң сом топтоп, аны 100, 3% же пландан 1 млн. 61 миң сомго ашыкча аткарышкан.

Аталган мекеменин башчысы Касым Дыйканбаевдин билдирүүсүнө караганда, булар негизинен киреше, патент жана мүлк салыктарынан топтолгон. Былтыркы жылдын 10 айына салыштырмалуу 42 млн. 458 миң сом ашыкча жыйналып, өсүү ыргагы 111,2 пайызды түзгөн. Анын ичинен республикалык бюджетке 6млн. 946 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджетке 35 млн. 514 миң сомго ашык жыйнап, өсүү ыргагы 126% түзгөн.

Мында жергиликтүү бюджет планда бекитилгенден 12 млн. 485 миң сом ашыкча жыйналган болсо, республикалык бюджетке салыктын жыйналышы 95,7 пайызды түздү же пландан 11 млн. сомго аз болуп жатат. Бул республикалык бюджетке кете турган эки салыктын бири болгон кошумча нарк салыгынын негизги бөлүгүн берип жаткан Кыргыз петролиум компани ишканасынын өндүргөн продукциясынын басымдуу бөлүгү экспортко кетип жаткандыктан, анын бул салыктан бошотулгандыгына байланыштуу. Аталган ишкана боюнча көрсөткүч былтыркы жылдагыга салыштырганда 19-20 млн. сомго аз болуп жатат.

Республикалык бюджетке жыйналуучу экинчиси - бул сатуудан алынуучу салык. Мында айрым ишканалардын токтоп, иштебей тургандыгынан дагы иш ойдогудай орундалбай калууда. Атап айтканда, Томас жана дагы бир эки мунайды кайрап иштеп чыгуучу ишканалар, курулуш ишканалары тендердин аз болгондугунан сатуудан салыкты аз төлөп жатышат. 

Бирок биз республикалык бюджеттин толбой калган кемитигин жергиликтүү бюджеттин ашыкча аткарылышынын эсебинен толуктап жатабыз. Бизге шаардык кенештин сессия менен бекитилип берилген пландан Каржы министрлиги ашыкча план берип жатса дагы, ошону аткарып жатабыз, дейт Касым Дыйканбаев.

Ломбарддар буга чейин отчетто көрсөтүлгөн сумманын гана негизинде гана салык төлөп келишкен болсо, эки айдан бери милдеттүү түрдө патент алып калышты. Шаар боюнча 70-80 ломбард катталган экен. Аларды иш жүзүндө канча суммадагы акчаны иштетип жатканын текшерүүгө бизде мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мында иштеп жатып, иш көлөмүн туура көрсөтпөй койсо деле аларды далилдеш кыйын болгон.

Азыр 46 ломбард бекитилген 7,5 миң сомдон патент алып иштейт. 

Ал эми мындан тышкары азыр жалпы декларация толтуруу багытындагы ишке даярдыктарды жүргүзүп жатабыз. Буйруса жаңы жылдан баштап 18 жашка толгон ар бир жаран өзүнүн тапкан кирешеси боюнча жыл жыйынтыгы менен жалпы декларация толтурат, - деп кошумчалады шаар салык башчысы.

Зирек АСАНОВА, Жалал-Абад шаары