Башталган жана ташталган мектеп

08.08.2012 16:09, —

Саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылын Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Маман айылынын 320 окуучусу чатырларда баштоочудай болуп калды.

Баракелде: "Окурмандардын ой-пикири". Автор: Э.Садабаев, «Ак-Суу баяны» гезитинин редактору


Саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылын Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Маман айылынын 320 окуучусу чатырларда баштоочудай болуп калды. Анткени, алар буга чейин мындан 7 жыл мурда эле тийиштүү кызматтар тарабынан расмий түрдө «пайдаланууга жараксыз» делген Ж.Ашубаев атындагы орто мектептин имаратында «кудай сакта» деп коюшуп, жандарын ооздоруна тиштеп, тобокелчиликте билим алып келген. Ал эми быйыл аталган эски имараттар көргөндүн үрөйүн учурчудай абалга жеткен.

Жараксыздык жагдайы

1970-жылкы катуу жер титирөөдөн кийин «убактылуу» делип салынган (1970-ж. - I, 1978-ж. - II корпустары) имараттардын азыркы абалы өтө кооптуу. Башкасын айтпаганда да, 2004-жылы июль айында райондук архитектура, 2005-жылы октябрда КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында аталган мектеп имараты «пайдаланууга жараксыз» деп табылган. Бирок, айласыздан билим уясы өз ишин улантып, мектеп жамааты айыл өкмөтү менен бирге ошондон бери «ары карап - ыйлап, бери карап - күлө», имаратты колдон келишинче жамап-жазгоо аракетинде…

2004-жылы долбоорлорду жазып, мектептин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөзүп, жылуулук сакталбай жатканынан, бир чети жаңыртуу максатында мектептин ичи-тышын кум шыбактатып алганбыз. Андан бери жылда эле косметикалык ремонтторду жасап келебиз, бирок, эскинин иши эски экен,- дейт мектеп директору Алтын Калчаева. – Мындай коркунучтуу абалдагы мектепте уул-кыздарынын өмүрлөрүн тобокелге сала албаган айрым ата-энелер балдарын башка айылдардагы же Каракол шаарындагы мектептерге которуп кетүүгө аргасыз болушууда…

Кезегинде «убактылуу» деп салынган мектеп имаратынын сапатына деле анчалык маани берилбей, мектептин чатыры кыска устундар менен жабылып, минтип, арадан 40 жыл өткөндөн кийин дубалдарынын бири-биринен алыстап баратышы адам өмүрүнө карата коркунучту ого бетер күчөтүүдө. Тактап айтканда, былтыр дубалдардын ортосундагы жараңка 7 см. болсо, быйыл бул аралык дагы 5 см. кеңейип кеткен. Албетте, жамандыктын бетин ары кылсын деңиз, бирок, эгерде учтары араң илинип турган устундар түшүп кетсе, окуучулардын өмүрү үчүн ким жооп берет?! Ар кыл инстанцияларгага ат тезеги кургатылбай жазылган каттардан тыянактуу жооп ала албаган педжамаат да айлалары түгөнүп, кыжаалат кырдаал туңгуюгунда калган…

 

Ошентип, көп өтпөй (2007-жылы), республикалык бюджеттин каржылоосу менен курулуш иштери башталган. Эки кабаттуу, 240 окуучулук орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушуна 2008-2011-жылдары республикалык бюджеттен 8 млн сом, облустук өнүктүрүү фондусунан 2 млн сом каражат бөлүнүп, мурда белгиленгендей, 2009-жылы пайдаланууга берилүүчү объект арадан 5 жыл өтсө да, каржы тартыштыгы шылтоосунда курулуш дале аягына чыкпай келет…

Тендерде жеңип чыгып, өлкөнүн Каржы министрлиги аркылуу каражат тикелей берилип турган алгачкы учурларда биз кыска мөөнөттө эле имараттын дубалдарын тургузуп койгонбуз. Тилекке каршы, кийинки убактарда долбоорду облустук капиталдык курулуш башкармалыгы (УКС) өзүнө алып, бийлик жүргүзө баштаганда - иш токтоду да калды, - дейт аталган курулуш тун подрядчиги, «ЭМГ-Строй» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын (ЖЧК) башкы директору Бекташ Молдосыдыков.

Азыр мектеп имаратынын сырты шыбалып, эшик-терезелери коюлуп, ички жасалгалоо иштери гана калган.

Эгерде каражат УКС аркылуу эмес, түздөн-түз район аркылуу бөлүнгөндө, ортодогу «көшөгө артындагы» ар кыл «оюндарга» бөгөт коюлуп, арбын иш небак эле аягына чыкмак,-дейт Б.Молдосыдыков. - Биз ансыз деле ашкере зыян тартуудабыз. Анткени, эки жылда эле бүтүүчү объектте беш жылдан бери куруучуларды ары-бери ташып, айлыктарын төлөп, курулушка кароолчу жалдап… айла кетти.

Көйгөйлүү бул маселе боюнча райондук бийлик тарабынан КР өкмөтүнө, КР ЖК депутаттарына бир нече ирет кайрылуулар жасалган. Кайрылууларга КР Каржы министрлиги тарабынан 2012-жылга карата аталган мектеп курулушу үчүн республикалык бюджеттен 7 млн. сом каралганы тууралуу жооп келгени менен бүгүнкү күнгө чейин айтылган сумманын 7 тыйыны да берилген эмес…

Ошентип, 300дөн ашуун окуучунун, башкача айтканда, бир айылдын келечек муунунун, ага билим-тарбия берген отуздай мугалимдин талаптагыдай шарттарда окуусуна, иштөөсүнө кедерги тийгизип жаткан мындай бюрократиялык тоскоолдуктарды ким жоет? Мамандагы жаңы мектеп жакын араларда пайдаланууга берилеби же жараксыз мектеп имаратынын пайдубалы бирөөнү басып калмайынча, иш ордунан козголбойбу?

Айтмакчы, КР Президенти А.Атамбаев да, КР Премьер-министри Ө.Бабанов да эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө үстүбүздөгү жылы жаңы курулуш обьектилерине каражат бөлбөстөн, буга чейинки социалдык маанидеги курулуштарды акырына чыгарууга көңүл бурулаарын белгилеп келе жатышат. Ошондой болсо да, жогорудагы курулуш обьектисиндеги абал дале «сынган тепшидегидей». Деги, Мамандагы башталган жана ташталган мектеп «арманын» укчу жан барбы?!