Ак ниеттүү башкаруунун жана адам укуктарынын эл аралык стандарттары боюнча материалдардын жыйнагы

Ак ниеттүү башкаруунун жана адам укуктарынын эл аралык стандарттары боюнча материалдардын жыйнагы
10.01.2022 16:02, —

Бул басылма Эл аралык Коммерциялык эмес укук борборунун (ICNL) колдоосу менен даярдалды. Авторлор тобу басылманын мазмуну үчүн жооптуу, ал сөзсүз түрдө ICNL-дин позициясын чагылдырбайт.

Ак ниеттүү башкаруунун жана адам укуктарынын эл аралык стандарттары боюнча материалдардын жыйнагы.

Түзүүчү: “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин башкаруу төрайымы Добрецова Н. Н. Бишкек: 2021 - 216 б.

Айрым укуктардын жана эркиндиктердин эл аралык стандарттары боюнча факт-баракчаларды түзгөндөр:

  1. Ак ниеттүү башкаруунун эл аралык стандарттары – Ирина Летова.
  2. Жарандык мейкиндиктин эл аралык стандарттары – Дмитрий Кабак.
  3. Биригүү эркиндигине укуктун эл аралык стандарттары – Наталья Аленкина.
  4. Тынч чогулуштар эркиндигине укуктун эл аралык стандарттары – Гүлшайыр Абдирасулова.
  5. Пикир билдирүү эркиндигине укуктун эл аралык стандарттары – Айжамал Джаныбаева.
  6. Маалыматтын жеткиликтүүлүгү боюнча укуктун эл аралык стандарттары – Наргиза Абдраимова.
  7. Жарандык катышуунун эл аралык стандарттары – Гүлмира Маматкеримова.
  8. Аялдардын укуктарынын эл аралык стандарттары – Эльвира Тилек кызы.

Редакторлор: Эл аралык Коммерциялык эмес укук борборунун Кыргыз Республикасындагы юридикалык консультанттары Ноокат Идрисов, Аида Джуманазарова.

Дизайн: Hara-Bara дизайн-студиясы

Кыргыз тилине которгондор:

Адам укуктарынын өзөгүн жана иш жүзүндөгү максатын түшүнбөө көптөгөн жарандардын өз укуктарын колдоно албай калышына, ал эми укуктары бузулса, аларды камсыз кылууну талап кылууга жөндөмсүз абалда калуусуна алып келет. Акыр-аягы, бул саясий, экономикалык жана социалдык кесепеттерге алып келет. Укук ээси статусун жоготуу менен жаран бара-бара адилетсиз жана коркунучтуу чөйрөдө калат, ал эми мамлекет болсо ар бир жаранын коргоонун жана тейлөөнүн куралы болбой калат. Бул жыйнакта жарандын жашоосу үчүн укуктардын иш жүзүндөгү мааниси жөнүндө негизги материалдар камтылган, анын ичинде ак ниеттүү башкаруу, жагымдуу жарандык мейкиндиктин өзөгүндөгү адам укуктары, аялдар менен эркектердин теңчилиги өңдүү маселелер да бар. Жыйнак Кыргыз Республикасынын жарандарына адам укуктарынын практикалык маанисин жана алардын жарандык жашоо деңгээлине жана сапатына тийгизген таасирин тереңирээк түшүндүрүп берүү максатын көздөйт. Жыйнак жарандардын жарандык жана саясий укуктары жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтүүгө умтулган коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн, адам укуктарынын иш жүзүндөгү баалуулугу тууралуу саясат жана адам укуктары тууралуу мыйзамдарды аткаруу менен алек болгон мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жакшыраак маалымат берүү үчүн, ошондой эле студенттерге жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнө алардын окуусуна жана ишине жардам берүү үчүн маалымат ресурсу боло алат.

Бул басылма Эл аралык Коммерциялык эмес укук борборунун (ICNL) колдоосу менен даярдалды. Авторлор тобу басылманын мазмуну үчүн жооптуу, ал сөзсүз түрдө ICNL-дин позициясын чагылдырбайт.

© Эл аралык Коммерциялык эмес укук борбору

Скачать: