Кыргыз Республикасында жарандардын ченем жаратуу процессине катышуусу

Кыргыз Республикасында жарандардын ченем жаратуу процессине катышуусу
10.01.2022 14:37, —

Бул басылма Эл аралык Коммерциялык эмес укук борборунун (ICNL) колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну үчүн колдонмонун автору жооптуу, ал сөзсүз түрдө эле ICNL’дин позициясын чагылдырбайт.

Түзүүчү: Аяна Убышева. Бишкек: 2021. – 61 бет.

Редакторлор: Эл аралык Коммерциялык эмес укук борборунун Кыргызстандагы юридикалык консультанттары Ноокат Идрисов, Аида Джуманазарова.

Дизайны: Hara-Bara дизайн-студиясы

Котормочу: Зейнеп Алтымышова

Жарандардын ченем жаратуу процессине катышуусу – бул жарандардын жашоосуна таасир этүүчү маанилүү чечимдерди кабыл алуу процессинде өз үнүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген демократиялык процесс. Жарандардын катышуусу ченемдик укуктук актылардын (ЧУА) таасирине кабылган адамдардын пикирлерин, каалоолорун жана кызыкчылыктарын чагылдырган сапаттуу ЧУАларды кабыл алууга жардам берет.

Катышуу жарандардын бийликтин иши жана тигил же бул чечимдердин өбөлгөлөрү жөнүндө көбүрөөк маалымдуулугуна алып келет, бул болсо өз кезегинде кабыл алынган мыйзамдарды аткаруу ыктымалдыгын жогорулатат, ошол чечимдерге карата коомдун колдоосун көбөйтөт жана келечекте мунун айланасында чыр-чатактардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Жарандардын ченем жаратуу процессине катышуусунун маанилүүлүгүн эске алып, Эл аралык Коммерциялык эмес укук борбору (ICNL) жарандардын Кыргыз Республикасындагы ченем жаратуу процессине катышуусу боюнча ушул колдонмону даярдады. Колдонмо ченем жаратуу процессинин бардык баскычтарында мыйзамдарды реформалоого жигердүү катышып, мамлекеттик органдарга мындан да сапаттуу ЧУАларды кабыл алууга жардам берүүгө умтулган жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалыматтык ресурс болуп берүү максатын көздөйт.

© Эл аралык Коммерциялык эмес укук борбору (ICNL)

Скачать: