Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык тапшырык механизмин колдонуунун экономикалык таасири

Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык тапшырык механизмин колдонуунун экономикалык таасири
16.12.2016 15:09, —

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин буюртмасы боюнча
И. Б. Мукамбаева, Н. Н. Добрецова

Аналитикалык докладга резюме

Мамлекеттик социалдык тапшырык (МСТ) механизми – бул социалдык өнүгүү системасынын жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун Кыргыз Респубикасындагы мамлекеттик башкаруунун жалпы реформалары менен шартталган зарыл элементи. МСТ механизми кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга, мамлекетке жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө 10 негизги фактордун эсебинен олуттуу экономикалык таасирин тийгизет. Алар МСТнын жардамы менен коромжуларды азайтууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн майнаптуулугун жана аларга болгон канааттануунун деңгээлин жогорулатууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана географиясын кеңейтүүгө, эсепке алынбай калган муктаждарды аныктап чыгууга жана аларга комплекстүү социалдык кызматтарды көрсөтүүгө, күнүмдүк жана келечектеги чыгашаларды үнөмдөөгө, кызмат көрсөтүүнү алуучуларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө дагы да жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет. Ушуну менен бирге МСТны жайылтуудан эң көп пайданы кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр – эң аярлуу жарандар жана мамлекет алат.

Мазмуну

Скачать: