Бишкек шаарынын жарандык бюджети 2015 (инфографика)

Бишкек шаарынын жарандык бюджети 2015 (инфографика)
18.08.2015 14:42, —

Бишкек ш. мэриясы жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте, Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) колдоосу алдында иштелип чыкты жана басып чыгарылды.

Авторлору: Динар Турдумалиева, Асылбек Чекиров, Лариса Ли

Долбоордун жетекчиси: Надежда Добрецова

Кыргыз тилине которгон жана редакциялаган: Зейнеп Алтымышова

Дизайн жана калыптоо: «HARA-BARA» Дизайн студиясы

УДК 336

ББК 65.9(2Ки)261.3
Г75
ISBN 978-9967-27-494-5
Г 0605010204-14
ISBN 978-9967-27-494-5
УДК 336
ББК 65.9(2Ки)261.3
Г75
МФ КР, 2015
ИПР, 2014

Бишкек ш. мэриясы жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте, Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) колдоосу алдында иштелип чыкты жана басып чыгарылды.

Бишкек шаарынын жарандык бюджети – бул бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнүн кыска жана жөнөкөй түрдө баяндалышы. Форматы боюнча чакан жана ыңгайлуу брошюрада биздин борбор калаабыздын башкы финансы документи тууралуу бардык зарыл маалыматтар камтылган, алар экономика менен финансыдан алыс болгон адамдар да түшүнгүдөй жеткиликтүү түрдө баяндалган. Бишкектин жарандык бюджети – бул бюджеттин ачык-айкындуулугунун символу, муниципалитет ачык иштеп, бардык муниципалдык финансы үчүн отчет берүүгө даярдыгынын далили. Шаардыктарга бюджет эмне үчүн керек? Ал борбор калаанын өнүгүүсүндө кандай ролду ойнойт? Бишкектин казынасы кандай эрежелер боюнча түзүлөт? Шаардык бюджеттеги акча эмнелерге сарпталат? Мына ушул жана башка маанилүү суроолорго жоопту «Бишкек шаарынын 2015-жылдагы Жарандык бюджети» аттуу брошюрадан табууга болот. Ал Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги (DFID) колдоого алган «Бишкек шаарынын бюджетинин айкындуулук деңгээлин жогорулатуу» Долбоорунун алкагында басып чыгарылды. Долбоорду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырды.

Жарандык бюджеттин электрондук версиясын төм. сайттардан тапсаңыз болот: