Менин Конституциямдагы менин жергиликтүү өз алдынча башкаруум

Менин Конституциямдагы менин жергиликтүү өз алдынча башкаруум
11.03.2011 14:13, —

Конституциянын жаңы редакциясынын баштапкы редакциядан айырмаланышы. Эртеңки күнлүн суроолору. Шайлообу же дайындообу?

Биздин бардыгыбыздын алдыбызда маанилүү кадам жасоо – өлкөнүн жаңы Конституциясынын тагдырын чечүүчү референдумга катышып, өз добушубузду берүү милдети турат. Эң негизги мыйзам катары, Конституция, жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү, биздин жашообуздун бардык эрежелерин, анын ичинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасысынын чектерин түзөт. Коомдук уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин бирдиктүү аракеттери менен, жаңы Конституциянын мурдагы Конституция менен болгон маанилүү айырмачылыктарынын кыска обзор, коомчулуктун бардык өкүлдөрүнө жаңы Конституция ЖӨБ системасынын негзине кандай база коюп, кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр менен камсыздап жаткандыгын айкын териштирип алуусуна көмөк катары даярдалды.

Басылманын биринчи бөлүгү так ушул суроолорго арналган. Аталган басылма биринчи кезекте ЖӨБ тармагындагы кызматкерлерге жана көз карандысыз эксперттерге багытталган. Биз ЖӨБ системасынын эртеңки келечеги тууралуу талкууга активдүү катышууңузду өзгөчө баалайбыз, себеби сиз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык өзгөчөлүктөрүн жакшы билесиз жана сиз калктын калың катмарына идеяларды жана реформаларды жеткирүүчү (ретрансляциялоочу) болуп эсептелесиз. Сиз азыркы мезгилде кайсы позициядан орун алгандыгыңыздан, Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсү жана децентралдаштыруусунун мындан аркы тагдыры көз каранды. 

Басып чыгаруучу: Өнүктүрүү саясат институту

Бул басылма БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жана АКШнын Элчилиги астындагы Демократиялык комиссиянын каржылоосу менен жарык көрдү. Басылмадагы айтылган ойлор жана көз караштар каржылоочу тараптардын ойлору жана көз караштары менен сөзсүз эле дал келе бербейт.

Скачать: