Сүлүктү шаарында коомдук угуулар болуп өттү

Сүлүктү шаарында коомдук угуулар болуп өттү
24.10.2013 10:00, —

Коомдук угуу шаардык Маданият үйүндө 23-октябрь күнү болуп, иш-чарага эки жүздөн ашык адам катышты.

Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомдун «Жарандык коомчулукту колдоо фонду» долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылып жаткан “Муниципалдык социалдык заказдын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө" БӨУ менен ЖӨБнун өнөктөштүгү” долбоорун ишке ашырууда үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Сүлүктү шаардык маданият үйүндө коомдук угуу болуп өттү. 

Коомдук угууга шаардык жергиликтүү кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов баш болгон депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы Абдузакир Ибрагимов, шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Досбек Ташбаев, шаар боюнча мэрия тарабынан долбоор координатору болуп дайындалган жана уюштурган Бакыт Сапаркулов, долбоордун менеджери Жылдыз Керимова ишкана мекемелердин жетекчилери, долбоор өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты. Бирок дагы да шаардык мэриянын жаш кызматкерлери шаардагы жаштар үчүн келечекте алгылыктуу иш аракеттерди башталышы болгон мындай маанилүү иш чарага эртеңки келечегибиз болгон жаштар катышпады. Коомдук угууну депутаттар кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов алып барып, алгач шаар мэри А. Ибрагимов сөзгө чыгып, тогуз ай ичинде шаар элинин жашоо шартын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган иштерге токтолду. Андан сырткары көп мезгилден бери чечилбей келе жаткан шаардын негизги автожолун оңдоого асфальттан, техникалары менен салым кошкон Жоопкерчилиги чектелген көмүр өндүрүүчү коомдордун эмгектерин белгиледи. Андан сырткары долбоордун ишине ийгиликтерди каалап кетти. 
Бакыт Сапаркулов, Кош-Булак поселкалык башкармалыгынын башчысы, долбоордун координатору, Долбоордун негизинде шаардагы абдан көгөйлүү приоритеттүү критерийлер тандалган. Алар жолдорду оңдоо, бакчалардын жетишсиздиги, суу түтүктөрүн ремонттоо, алмаштыруу, борбордук канализацияны калыбына келтирүү, көчөлөрдүн ички жолдоруна шагыл төшөө". Мындан сырткары ал жогорудагы көйгөйлөрдүн иш жүзүнө ашырууда шаардагы көмүр өндүрүүчү ишканалардын ошону менен бирге өз ара 5 мемарандум түзүлгөн компаниялардын жетекчилеринин колдоосунда, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн Кош Булак поселкасындагы жумуштарга токтолуп кетти. Шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Ташбаев да шаардык бюджет, анын киреше жана чыгаша бөлүгү, тоо-кен өндүрүүчү ишканалардын жергиликтүү салыкка кошкон салымы, анын аткарылыш жаатында өткөн жылдарга салыштырмалуу мааалымат берди. Ал эми “Кызыл Булак” ЖЧКнын башчысы Исманали Карабаев өзүнүн көмүр кениндеги жетишкендиктери тууралуу оюн ортого салды.

Коомдук угууда шаар тургундары аймактардагы көйгөйлөр же ишке ашпай калган маселелер менен кошо сунуштарын билдиришти. Шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Э. Гайбеков: "Биздин Кош Булак поселкасынын башчысы көчөлөргө шагыл төшөлгөнү боюнча жакшы жумуш болгонун айтты. Бирок бир көчөү айтпады. Биз жашаган көчөдө 3 ОсООнун конторалары жайгашкан. Жаз, жай, күз мезгилдеринде биздин көчөнүн чаңы асманга сапырылат. ОсОО жетекчилерине да кайрылганмын. Эгер өз ара макулдашышып алып ОсООлор биздин көчөгө суу сээп турса жакшы боломк. Ошондой эле сайыбыз жылдан жылга селден чоңойуп бара жатат. Жаан-чачында сай бойлоп басып өтүүдөн айыл тургундары кыйналууда, мүмкүнчүлүк болсо ошол сайга көпүрө салынса. Ал үчүн жакшы уюштуруучу гана керек. Биз жашоочулар колдон келгенче жарадм беребиз. Ошондой эле кошуна жайгашкан ОсООлордун канализациясы мурдагы ооруканынын канализациясы. Жакында “Марипов” ОсООсунун кызматкерлери кичине тазалап коюшту. Бирок дагы да тазалоо иштерин жүргүзбөсө, андан чыккан суулардан инфекция жугат, ошону эске алсаңыздар".

Молдо Зулкайнар: "Биздин Токтогул жана Т. Рустамов көчөлорүнүн бою бүт эле чоң камаз машинелерине гараж болуп кетти. Жолубузга шагыл төшөп берүүңүдөрдү суранабыз".

Г. Төлөбаев, Н. Отбасаров өз алдынча башкаруусунун башчысы: "Жыл сайын көмүр өндүрүүчү ишканалар элге бекер жана арзандатылган көмүр беришет. Айтаарым, элге көмүрдү элеп берип жүргүлө. Эми көмүр болбосо бул биздин жерде бир короо кой да турбайт. Суубуз болбосо агып жаткан, жайыт жерибиз болбосо. Эл кимди тиктейт? Аялдарыбызга жумуш жок. Азыр кимге кыйын жаш балдарга жана бизге окшогон чалдарга кыйын болууда. Көмүр берүүнү кыскартпагыла сураныч. Күн суутса эл кыйналып калат. Эми суранаарым суу крантка келгенде жалгыз өзүн гана ойлобой кошунаны да ойлоп, идиштерге алгандан кийин жаап коюшса. Суу үнөмдөгөндү колго алалы".

Абдураимов Байыш: "Эс алуу паркындагы жарыктандырууну да мына ушерде отурган кен башчылары жардам берип орнотуп алсак. Экинчи маселе Алтынчы шахты көчөсүнө да коомдук транспорт каттосун уюштуруп берсеңиздер. Кары картаңдар үчүн шарт үзүлсө".

М. Кыдырова, шаардык кеңештин депутаты: "Биз депутаттар ар тараптан карап кыскартып атып быйыл ушу шаар жолун оңдоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлдүк. Эми быйыл шаардык жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктарды да көзөмөлдөп, киришени көбөйтүүнүн үстүндө аракеттенели. Шаарыбызга кире бергендеги жолдун тегерек четин да иреттөө иштерин шаардык архитектура көнүлгө алышса. Мына минтип кыш жакындап жатат мен өзүм да көмүр алууга кыйналам. Андыктан шаарда орток көмүр сатуучу база ачылса, көмүрдү бирдей баада сатып алсак. Шаарыбыздагы жол четтеринде жарыктандыруучу чырактар алмаштырылып, оңдоп коюлса шаар көркүнө көрк кошулмак".

Ж. Эржигитов, ардагер кенчи: "Эмне үчүн 5 эле ОсОО биригип мемарандумга киришет калганычы? Сунушум, эгер ОсООлор бирикпесе бул ишиңерден тыянак чыкпайт. Шаар келечеги үчүн ынымакта иштешеибиз керек. 23млн. Кирише дейсиңер, ошонун эсебинен шаардын жарыктандыруу, ички жолдорун оңдоп коёо албайбызбы?"

Ш. Халов, шаардык кеңештин депутаты, “Сүлүктү Таза Суу” ишканасынын башчысы: "Ушундай коомдук угуулар тез- тез уюштурулуп турса, шаар тургундарында жакындык пайда болот. Талаштан тактык чечилет дегендей, көп маселелерди талкуулап, бир топ көйгөйлөр ортого салынып, элдин бийликке болгон ишеними артат экен. Менин жеке сунушум, 2014-жылы шаарыбыздыа “Патриоттор жылы” деп жарыялайлы. Шаардын инфраструктурасын оңдоону биригип колго алсак. “Менин шаарым-менин үйүм” лозунгу астында мэрия атайын конкреттүү аткарыла турган иштердин программасын иштеп чыкса, шаарды таштандылардан тазалап, көчөлөргө суу сээп, жууп турсак. Конкреттүү аткарыла турган жумуштар белгиленип киргизилсе, мына ушул иштердин натыйжасында гана чыныгы эмгек көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча белгилесек болот".

Мына ушундай түрдүү ой пикир, сунуштарды айтуу менен коомдук угуу өз ишин аяктады.

Гульмира Абдуназарова, шаардык "Шахтер жолу" гезити.
 

Проект: