Улуттук валютабыздын жыйырма жылдык тарыхы

Улуттук валютабыздын жыйырма жылдык тарыхы
27.08.2013 17:48, —

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы мындан саналуу жылдар мурда пайда болгон.

Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ, "Талас турмушу" облустук гезити, 16-27-август 2013-жыл.

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы мындан саналуу жылдар мурда пайда болгон. Бул СССР деген 15 өлкөнү бириктирген республикалар ыдырап бузулган соң, өз күнкорсуздугун алган алгачкы жылдарга туш келет.

Постсоветтик өлкөлөрдөн Балтика боюндагы айрым мамлекеттер кийин эгемендүү Кыргыз Республикасында сом бирдиги пайда болду. Буга чейин 15 өлкөнүн катарында Кыргыз ССРи «советтик рубль» акча бирдигин колдонуп келгенбиз.

Ошол мезгилде учкаяктуу замандын агымынын жели каяктан сого баштагандыгын илгиртпей сезген мамлекет башчынын кеменгердиги дал ушул иштен көрүнүп турат. Бирок аттиң! Өкүнүчтүүсү феодалдык Кокон хандыгынын мажүрөө качкын хандарынын таз кейпин кийген тейдеги тагдырга туш болгондугу өкүнүчтүү. Мунун башкы себеби, Баш Мыйзамыбызда көрсөтүлгөн мөөнөттөн узак бийликте отуруп алуусунун аягы жана үй-бүлөлүк монархиялык диктатураны орнотушу менен жемсөөлүктүн өлкөдө гүлдөшүнө жол беришинде болду. Анын жаңылыштыгы мына ушунда болду.

Сом - бул чын-чынына келгенде мамлекеттин символикалык атрибуттарынын бир белгисине кирет. Буга кеп аягында токтолмокчубуз. Бирок алдын ала айтып коючу бир нерсе, мамлекет башчыдан баштап, Жогорку Кеңеш, Кыргыз Өкмөтү, Каржы министрлиги, Улуттук банк түпкүлүгүндө туура иш жасагандыгын турмуш ырастап көрсөттү. 

Толук окуу