Ишкерлер: текшерүүлөр чүнчүттү

Ишкерлер: текшерүүлөр чүнчүттү
27.05.2013 10:45, —

Кыргызстанда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү тартип коргоо органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрү күчөгөнүнө даттанышууда.

Кубанычбек Жолдошев,

Азаттык, 22.05.2013

Аравандагы цемент заводунун жетекчилиги милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы негизсиз текшерүүлөр менен кысымга алган учурлар болгону тууралуу билдирди.

Мындай өнөкөт борбордо да бар экендигин кошумчалаган Жаш ишкерлер биримдиги соңку учурда кримчөйрө алык-салык чогултууну кайрадан баштаганына тынчсызданууда.

Иштетеби же текшереби?

Мыйзамсыз текшерүүлөр өлкөнүн түштүк аймагындагы ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоол болгон жагдайлардын бири катары сыпатталууда. Аравандагы цемент чыгарган заводдун жетекчилиги уюшкан кылмыш топторун каржылоого байланыштуу каржылык документтерди текшерүү зарыл деген мазмундагы кайрылуу кат алган. Негиздемеси так көрсөтүлбөгөн ал суроо-талап уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан жөнөтүлгөн экен.

Аталган цемент заводунун директорунун орун басары Насырбек Давлетов мына ушуга окшогон шылтоолорго байланышкан текшерүүлөр күчөгөнүн белгиледи:

- Тартип коргоо органдары текшерүүлөрдү азайтса жакшы болот эле. Мына бул катта көрсөтүлгөн бардык документтердин көчүрмөсүн бергиле дегени мыйзамсыздык эмей эмне? Бул суроо-талап менен алар бизден уюшкан кылмыштуу топторду силер каржылайсыңар дегендей шектенип жатышат. Андай болсо конкреттүү фактыларды негиздеп беришпейби. Эгерде кайсы бир иш боюнча далил болсо бир жөн эле. Булардын максаты башкача. Баягыдай кысымга алуу менен... Өзүңөр түшүнөсүңөр да.

Аталган суроо-талап Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Алмазбек Эргешбаевдин колу менен жөнөтүлгөн. Анда уюшкан кылмыштуулуктун каржылоо булактарын иликтөө үчүн цемент завод ишке киришкенден берки каржылык документтердин көчүрмөлөрүн берүү жагы талап кылынган.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыктын башчысы Алмазбек Эргешбаев аталган дооматты жокко чыгарды:

- Ал жакка биздин бир дагы кызматкер басып барган эмес. Болгону кызматташтык үчүн бардык ишкерлерге жөнөткөн сыяктуу эле жалпы маалыматтар менен бөлүшсөңөр деп суранганбыз. Биз "уюшкан кылмыш топтордон кысым көрсөтүү болгон жокпу ?"-деген негизде эле кайрылганбыз. Бирок катты алар башкача түшүнүп алышкан турбайбы.

Ишкерлерди жылына бир жолу мерчемделген убактан башка учурда текшерүүгө алууга мыйзам жол бербейт. Буга кошумча ишкердикти текшерүүгө алууну жөнгө салуу боюнча 2008-жылы өкмөттүн токтому да чыккан. Бирок ага карабастан ишкерлерге психологиялык басым көрсөтүү аркылуу кысымга алган учурлар борбордо да жок эмес деп билдирди Жаш ишкерлер бирлигинин төрагасы Руслан Акматбек:

- Мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу иштерди териштирүүдө бийлик органдарынын өкүлдөрү кетирген кемчиликтерге ишкерлерди кошуп алып, басым көрсөтүү аракеттери байкалат. Келишимдин шарттарын жашыргансыңар деген сыяктуу кине коюу менен ишкерлерди суракка чакыра берип, чүнчүтүп жиберген учурлар бар. Үстөккө-босток текшерүүлөрдөн жадаган ишкерлер алар менен жең ичинен сүйлөшүп, ишти бүтүрүүгө аргасыз болушат. Мында көбүнчө ишкерлердин укуктук сабатсыздыгынан пайдаланышат. Болбосо ал ишти укуктук жол менен деле чечип алышса болмок.

Аңдыган кылмыштуу чөйрө

Мындан сырткары соңку мезгилде кримчөйрө баш көтөрүп, ишкерлерден алык-салык чогултууну кайрадан калыбына келтирген. Бул тууралуу билдирген Жаш ишкерлер бирлигинин төрагасы Руслан Акматбек айтылуу кримлөктөрдүн атынан келип, тымызын коркутуп-үркүткөн өнөкөт кайра башталганынан кеп салды:

- Мына ошондой кысым көрсөтүү аркылуу акча өндүрүү аракеттери кайрадан башталды. Биздин ишкерлердин арасында мындай маалыматтар желдей тарайт. Тилекке каршы 2-3 жылдан бери биз унутуп калган өнөкөт кайрадан улана баштаганга биздин ишкерлер тынчсызданууда.

Ошол эле кезде милиция эки жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтор ишкерлерден алык-салык чогулткан учурлар өлкөдө дээрлик катталбай калганын билдирип келет. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев андай арыз-даттанууларга милиция тез арада чара көрөрүн айтты:

- Ишкерлер ушинтип кайрылып жатса, бул өтө олуттуу жагдай. Азырынча ушуга окшогон кабарлар маалымат каражаттарында гана жүрөт. Биз мунун бардыгын текшерип чыгабыз. Бул боюнча жакын арада ички иштер органдарына арыз жазуу болгонбу же болгон эмеспи аны дагы карап көрүш керек. Чынында эле ошондой фактылар катталып жатса, анда токтоосуз чаралар көрүлөт.

Ишкерлерди бийлик органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрүнөн жана кримчөйрөнүн басымынан коргоо жагы өкмөттө бир нече жылдан бери көтөрүлүп келет. Бирок талдоочулар өзгөрүүлөрдүн ылдам ыргакта жүрбөгөнүн тартип коргоо органдарын реформалоонун кечеңдеп жатышы менен байланыштырууда.