Кыймылсыз мүлктөрдү каттоо маанилүү да, түйшүктүү да

21.07.2012 16:20, —
 Окуу адабият

Бүгүнкү күндө кыймылсыз мүлктөрдү каттоо иштери кандай жүргүзүлүп жатат?

«Ош жаңырыгы», 21-июль, 2012-жыл

Бүгүнкү күндө кыймылсыз мүлктөрдү каттоо иштери кандай жүргүзүлүп жатат?

Мына ушул багытта кабарчыбыз Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Мырзаев Түгөлбай Кадышевичке бир канча суроолор менен кайрылган:

-Түгөлбай Кадышевич, учурда сиз жетектеген мекемедеги иштин аткарылышы кандай болуп жатат. Кыскача токтоло кетсеңиз?

- Жылдан - жылга кыймылсыз мүлктү каттоо иши көбөйүп баратат. Айрыкча, жер үлүшүн, жашаган үйлөрүн күрөөгө коюшуп, чакан кредит алгандар, фермердик-чарбаны баштагандар, соода- сатык менен алектенгендердин саны барган сайын арбып баратат. Мамлекеттик пландарды өз учурунда аткарууну алдыбызга койгонбуз. Бизге кайрылып келген жарандарды тейлөө жагы жакшы жолго коюлган. Алардын кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамдаштыруу үчүн турак жайларына техникалык паспортторду өз убагында даярдап турак жайлардын ээсине берилген мамлекеттик менчик тууралуу актыларды каттоодон өткөрүп, мыйзамдын негизинде документтерин даярдап ээлерине тапшырабыз. Кызматкерлердин өз иштерине жоопкерчилик менен так мамиле жасагандыгы үчүн мамлекеттик салыктан, социалдык фонддон, электр энергиясынан карызыбыз жок. Бүгүнкү күндө биздин адистерибиз элибизди тейлөөдө, башкача айтканда, алардан кабыл алынган арыздар менен иштөөдө иштиктүүлүктү көрсөтүшүүдө.

- Район боюнча канча кыймылсыз мүлк каттоодон өткөндүгү жөнүндө жалпы маалымат бере кетсеңиз?

- Ноокат районунун аймагында жалпысынан алганда 18850 кыймылсыз мүлк каттоодон өткөн, анын ичинен 130563 жер үлүштөрү. Башкармалыктын кызматкерлери жаңыдан элге бөлүнгөн жер тилкелердин документтерин даярдап жана каттоо жүргүзүү боюнча тынымсыз иш жүргүзүп келатышат.

- Эң алыскы айыл округдарында жашаган элди тейлөө жагы кандай болууда?

- Биздин Ноокат районунда бир шаар башкармалыгы жана 16 айыл округу бар. Аларга мамлекеттик каттоочу кызматкерлерибиз атайын бөлүнгөн. Айыл округдарына белгиленген убакыттарда барышып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, элден түшкөн арыздар боюнча жеринде териштиришип келишет. Эң алыскы айыл округдарына Төрөбай Кулатов атындагы, «Ынтымак» жана «Көк-Бел» айыл округдары кирет. Алыскы айылдан келген жарандарды көп убара кылбастан, каттоо жана маалымат берүү боюнча бөлүмдөрүндөгү арыздарын тез арада бүткөрүүгө жардамдашат. Акыркы алты айдын ичинде башкармалыктын кызматкерлери жогорудагы аталган иштер менен кошо эле элге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жеңилдетилген 7 пайыз өлчөмүндөгү дыйкандарга берилүүчү кредиттерге документтерди даярдоодо жана каттоодо, ыкчамдык менен иштешти. Бул маселе боюнча элден бир да арыз түшкөн жок. Райондун мамлекеттик администрациясы, шаардын мекеме-ишканалар жана айыл округ башчылары менен биргеликте ар дайым ишти чогуу алып барабыз.

-Төрөбай Кулатов атындагы айыл округундагы цемент заводу азыркы учурда каттоодон өттүбү?

- Кулатов атындагы айыл округунун жерине цемент заводу 2005-жылы курулган болчу. Эки жарым жыл бою кызыл-кыялыктар менен соттошуп жүрүп, 2012-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту даттанууга жатпайт деген туура чечим чыгарып беришти. Цемент заводу биздин башкармалыкка каттоо боюнча арыздарын тапшырышкан жана ишкана менен келишим түзүшкөн. Бул боюнча азыр иштер жүргүзүлүп жатат. Келечекте цемент заводуна көптөгөн жаштар ишке тартылып, иш орду менен камсыз болот деген үмүттөбүз. Элибиздин экономикасы көтөрүлөт эле. Жаштарыбыз алыскы чет өлкөлөргө барып иштөөнүн ордуна, ушул жерде жашап иштеп үй- бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк түзүлөт болчу.

- Жаш адистерди жумушка тартуу, алар менен иштөө жагы кандай абалда?

- Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында жогорку билимдүү, өз ишин жоопкерчилик менен так аткарган адистерибиз иштешет.

Каттоо бөлүмүнүн башчысы Капар Алымкулов жетектеген бөлүмдүн кызматкерлери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоого алып турушат. Ал эми кадастр бөлүмүнүн башчысы Надир Матраимов жетектеген бөлүмдүн кызматкерлери жерге укук берүүчү документтерди даярдашат. Биринчи кабатта жарандардын документтерин кабыл алуучу атайын бөлмөлөрүбүз бар. Кызматкерлерибиз келген адамдарды зарыктырбастан, өз убагында документтерин бүткөрүп берүүгө аракет жасашат.

Азыркы учурда биздин башкармалыкта көп жылдардан бери иштеген тажрыйбалуу кызматкерлерибиз бар. Алар өздөрүнүн кеп-кеңештерин жаштарга айтышып, тажрыйбаларын бөлүшүп бирге иштешип келе жатышат. Көп жылдардан бери башкы эсепчи болуп иштегендердин катарына Алижан Орозбаев биздин ишибизди так жүргүзүп, айлык маянабызды өз убагында берип турат. Жаш адистерден Кайыргүл Чожонова, Бейшегүл Ысакова, Нурзат Арапова жана Эржигит Жайлообаев сыяктуу жаштарыбыз жаштыктын күчүн эмгекке арнап иштеп жатышат. Жаштарыбыз үчүн иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир иш бөлмөдө компьютерлер бар. Документ иштери компьютерлерде сакталат.

- Быйылкы жылдагы аткарыла турган иш-пландарыңыз тууралуу кыскача токтоло кетсеңиз?

- 2012-жылга карата Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына 5 млн 500 миң сомдук план коюлган.

Алты айдын ичинде каттоо бөлүмүнүн планы 1 млн. 200 миң сом болсо, 1 млн. 629,6 миң сомго, башкача айтканда, 136 пайызга планды ашыгы менен аткарышкан.

Кадастр бөлүмүнүн планы 1 млн. 300 миң сом болсо, аткарганы 2074,9 миң сомго аткарышып, 160 пайызга аткарышып, райондо алдыңкы көрсөткүчтү камсыз кылышты.

-Түгөлбай мырза, ишиңиздерде ийгиликтер боло берсин, дайыма жамаатыңыз менен бирге болуңуз, маек куруп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.