Кандай түстөгү боёктор менен экономикабыз боёлот?..

Кандай түстөгү боёктор менен экономикабыз боёлот?..
26.12.2013 17:11, —
 Окуу адабият

Улуттук семинар-конференциянын 1-күнкү ишине Өнүктүрүү саясат институтунун жетекчиси Надежда Добрецова модератордукту алып барды.

Өнүктүрүү саясат институту буга чейин Кыргыз журналистикасын экономикалык темада чагылдыруу боюнча окуу-тренингдерди уюштуруп, мындан тышкары 2011 – 2012-жылдары дүйнөлүк экономикалык конференцияларга ондон ашык чет өлкөлөрдөн өкүлдөр катышкан. 2013-жылдын аягында «Кыргызстандын экономикалык портретин журналисттер кантип тартышат?” деген аталмадагы улуттук семинар-конференциясын өткөрдү.

Семинар-конференциянын ишине республикалык, облустук жана райондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы редакторлору менен кабарчылары катышты. Конференция Бишкек шаарындагы “Жанат” мейманканасынын жыйындар залында эки күнгө созулду.

***

Буга чейинки эки конференцияга катышканым иштеген ишимде ийгиликтерге жетишүүмө себепкер болгон жагдайды баса белгилеп айтып койгонум оң. Экономика темасында жазганга тажрыйба топтогонго жетиштим. Аздыр-көптүр сандардын (цифра) катышын талдоого үйрөнгөнгө далалат жасоого каныгып калдым. Ыкы-чыкысына чейин иликтеп-жиликтеп өтө тереңдетип ажырата алганга жетпесем да, экономикага адистешкен эксперттер менен талдоого алганды өздөштүрүп, экономика темасында жазууга компетентүү аракет жасоого мүмкүнчүлүк алганга далалатым күч алып келе жатат. 

Ушул жерден бул институттун дагы бир артыкчылыгын баса белгилеп айтып койгонго ыңгайы келип турат. Ал өлкөбүздүн жети облусунун жана райондору менен республикалык журналисттерди кайсыл дубанда (облус) базар мамилесинин шартындагы бизнес структурасынын түрү кандайча өнүгүп келе жатканын өз көздөрү аркылуу көргөнгө шарт түзгөн пресс-сапарларды уюштурууда. Кайсыл облустан болсок, ошол облустун жана райондордун “казанында кайнай берген” канондорду бузуп, “тигил жакта мындай жакшы иш бар экен, анын мунусу бизге туура келет. Ошону жайылталы” дегендей ой таштап, калктын көңүлүн бурганга шарт түзгөн аналитикалык макалаларды жазуубузга шарт түзүп берди. 

Бул багыттагы пресс-сапардын активдүү катышуучусу катары бүткүл облус боюнча кыдырып көргөндөн кийинки ойлорду бөлүшүүчү мезгилдин сааты чыгар деп ойлойбуз. Азыр улуттук конференциянын жүрүшүндөгү айрым орчундуу маселелерге токтолордун астында журналистикага байланыштуу жагдайга баярлай өтүүнү туура таап турамын.

***

Эң негизги көңүл буруучу нерсе, советтик жана дүйнөлүк журналистиканын жанрдык өзгөчөлүктөрүн айырмалай албаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын мууну өсүп келе жатканы эң биринчиден тынчсыздандырат. Айрыкча журналистиканын жанрлары дүйнөлүк стандарт деген жеңил-желпи ой жүгүртүп, “эки тараптуу так маалымат” деген талаш-тартыштуу козутма “маалымат аналитка” деп чакан макалаларды (корреспенденцияны) жазууну насыйкаттаган иштерди Кыргызстандагы Эл аралык радиостанциялар жүргүзүшүп келе жатат.
Ошол радиостанциялар төрт тарабы бирдей бурчтуктагы же асыл таш чоң макалаларды (статья) жарата албай жатышканын моюндашса болмок. Көңтөрүлгөн үч бурчтуктан чыга албай, ошону эле агитациялоо менен алек. Эмнегедир эки радиостанциянын ишинен пропагандалык маанайдагы макалаларды көрө албай койдук?!
Эми «пропаганда-агитация?» - деген эмне, аны чечмелей кетели. Агитация деген, теманын бир тарабын же өңүтүн алып, ошонун айланасында кеп оролуна алууну айтабыз. Кыскасы, кууш маанисинде бир багыттагы чагылдырган ишти колого алат. Пропаганда ошол эле алган бир темасын ар тараптуу кеңири карап, өңүттөрдүн көп түрдүүлүгүн анализдеп чыгат. Мына ушул белгилер болгондо гана ал пропаганда боло алат.

Ошондуктан агитация менен пропаганданы ажырата билүүнүн жолу дал ушундайча ажыратылып, таанылат. Муну жакшы түшүнө бербегендер бир тема жөнүндө ооз эки айтууну агитация деп, макала жазууну пропаганда дегендер чекеден чыгат. Белгилүү бир темада оозеки сүйлөө да жогорудагы айтылган белгилердин чен-өлчөмү менен пропаганда же агитация экендиги ажыратылат.

Дүйнөлүк медиа-журналистканын стандарттарынын «бешигин терметкен” “Би-би-си” менен “Азаттык” радиостанциялары. Республикабыздын аймагында “так маалыматты таратып жатабыз” дешкендер. “Би-би-си” радиостанциясы күнүгө кечкисин 2 ирет 30 минуталык берүүлөр менен чыгат. Биринчисин-экинчиси кайталап берет. Балким, экөөнү бириктирип бир эле маалда берилсе кайталап берүү болмок эмес. Бирок айрым жагдайлар буга мүмкүндүк бербейт. Себеби, штаттык бирдиктин аздыгы. Ал эми “Азаттык” радиостанциясы эртең менен 2 саат, түштө жергиликтүү маалыматтарды камтыган 30 минуталык, кечкисин алгач 1 саат, андан кийин 30 минуталык эфирге чыгат. Ошентип, күнүгө 4 сааттык берүүлөрдү камтыйт. Эртең мененки 1- саатты айрым бир масштабдуу маанидеги окуялардын кийинки өнүгүшүнүн кээде кошуп кабарданткан учураларын эске албаганда, мурунку күнкү кечки берүүлөрдү толугу менен негизинен «тоту куштай» кайра кайталайт. 2- 1 саатык берүүлөрүнүн 30 минутасында жаңы кабарларды жана маалымат аналиткалык макалаларды беришет да (Анысына да мурунку күнкүлөрдү кошуп жибермейлери бар.), калган 30 минутасын талкууга арнашат. Кыскасы, түз байланышты уюштурганга эле өнөрлөрү чыккан.

Демек, “Би-би-сиге” караганда “Азаттыкта” радио аналиткалык макалаларды көбүрөөк берүүгө мүмкүнчүлүктөрү арбын. Бирок ошол түз байланыштын ордуна 10 – 15 минуталык чоңураак макалаларды жарата албай жатышкандыгы бул факты. Ырас, “Би-би-сиде” мындай мүмкүнчүлүк чынында иштеген кызматкерлеринин саны “Азаттыкка” караганда аз. Бирок ушунусуна карабай, “Би-би-синин» материалдары чыйрактыгы менен «Азаттыктан» айырмаланып турат. «Азаттык» эфирге чыгуу убактысынын арбындыгын туура пайдалануунун ордуна, мурда кеткен материалдарды кайра-кайра кайталап берме адаты арбын. Эки радиостанция тең пропаганданын жүгүн көтөрө албай, агитациянын деңгээлинде калып калышууда. Бирок ошонусуна карабай өздөрүн “дүйнөлүк стандарттын үлгүсүн” Кыргызстанга тартышып жатышкандай сезишет.

***

Улуттук семинар-конференциянын 1-күнкү ишине Өнүктүрүү саясат институтунун жетекчиси Надежда Добрецова модератордукту алып барды. Ушул институт 3 жылдан бери Кыргызстан, Казакстан, Россия жана АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы экономикалык теманын чагылдырышын изилдеп келе жатат. 2010-жылы бул өлкөлөрдүн экономиканы чагылдыруу көрсөткүчү орточо 16,8 пайызды гана түзсө, 2013-жылы 36 пайызга чыгып, саясат, маданият, спорт темаларын кандайдыр бир деңгээлде сүрүп чыгып, ар жылдык өсүшү 6,4 пайызга чыкканын изилдөө көрсөткөн. АКШ жыл сайын 8 пайызга, Казакстан 6 пайызга, Россия менен Кыргызстан 4,3 пайыздык өсүшкө туура келүүдө. Бул деген сөз, экономиканы окуу аудиториясы кеңейип барататкандыгын туюндурат. Бирок азырынча саясат эң көп окулган тема катары алдыңкы орунда бара жаткан менен мезгилдүү басылмаларда 2012-жылга караганда, 2013-жылы 9 пайызга азайганы байкалган.

Изилдөөчүлөрдүн пикирине караганда, өнүккөн өлкөлөрдүн финансылык кризиси АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттары мурда болуп көрбөгөндөй глобалдашкан каржы базарындагы кабатчылыктарды канткенде чечүүгө болгон экономикалык темага арбын кайрылышып жатканы менен байланыштырган. Россия менен Казакстандын абалы да негизинен Американын себептерине окшоштугу айтылган.

Ал эми Кыргызстандыкы башка контекстте каралган. Анын эки себеби, көрсөтүлгөн. Биринчи себеби, жарандарыбыз “мамлекет бардык маселелерди чечип берет” деген түшүнүктөн четтеп, топтолуп келген көйгөйлөрдү өздөрү базар мамилесинин мыйзам ченемдүүлүгүнө ылайык каржылык булактарын табууга кызыгуусу артыла баштагандыгы арбый баштаган. Ушунун негизинде жалпыга маалымдоо каражаттары экономикалык темага көбүрөөк кайрылышына түрткү берген жагдайды түздү дейт. 

Экинчи себеби, бир катар коомдук жана донордук уюмдар акыркы жылдары экономиканы “модалуу” темага айлануусуна багыттаган күч-аракетти жумшагандыгы менен байланыштырышкан. Мунун жыйынтыгы мезгилдүү басылмалардагы макалалардын жалпы санындагы экономикалык материалдардын үлүштүк саны 2010-жылы 13 эле пайыздын тегерегинде болсо, 2013-жылы 35 пайызга чыкканын мисал келтиришкен.

***

Белорусиянын “Стратегия” борборунан Ярослав Романчук Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасына токтолуп, ички дүң продукциянын кезектеги бааларды чагылдырган товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн көлөмү (номиналдык) 2010-жылы 4.794 миллиард АКШ доллары болсо, 2012-жылы 6.473 миллиард долларга чыкса, 2013-жылкы божомолдоо 7. 234 миллиард долларга чыгарын айтты. Ал эми чыныгы дүйнөлүк экономиканын орточо жылдык өсүш динамикасы 2010-жылы 5,2 пайызга чыкса, 2012-жылы 3,2 пайызды эле түздү. 2013-жылга 2,9 пайызды түзөт деп болжолдонууда. 2010-жылы Кыргызстандын чыныгы өсүш динамикасы – 0,5 пайызга түшүп кетсе, 2012-жылы -0,9 пайыз түзүп, 2010-жылга салыштырмалуу дагы -0,4 пайызга төмөндөп кеткен. Бирок 2011-жылы 6,0 пайызга өсүштү камсыз кылган. 2013- жылы 7,4 пайызга чыгары болжолдонулган. Ушулардын айланасындагы журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Бул маалыматтарга кошор кошумчабыз, өнүккөн өлкөлөрдүн финансы кризиси “чоң жыйырманын” ичинен Япониянын өткөн жылга экономикалык өсүшү 1 пайызга чыкпай калуу коркунучу божомолдонулса, АКШ 2 пайыздын тегерегине гана чыгарын эл аралык эксперттер айтышууда. Демек, “чоң жыйрманын” Кытай Эл Республикасынан башкасында негизинен экономикалык өсүштүн пайызы азайып, анын ордуна дүйнөдө жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык өсүшү ургаалдашып бараткан тенденция байкала баштады. 

Экинчи баяндамасында, Ярослав Романчук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы эркиндик адамдын байлыгы экендигинин айланасында “Freedom House” уюму 197 өлкөгө жүргүзгөн изилдөөсүнүн айланасында кеп куруп берди. Маселен, 63 мамлекетте 32 пайыз эркиндик болсо, 70де 36 пайыз жарым эркиндик, 64дө 32 пайыз эркиндик жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айкындуулугунун рейтинги (Мындан кийинкилери “ рейтинг” деп аталган жерди 2013-жыл деп түшүнүү керек.) боюнча Казакстан 182-орунга жайгаштырылса, экономикалык эркиндик индексинен (Мындан ары “индекс” дегенди 2012-жыл деп түшүнүү керек.) ээлеген орду 68-ге чыгып же ИДПнын үлүшү ар бир жанга эсептегенде 13892 АКШ доллары менен туура келсе , Кыргызстандын рейтинг орду 158-ге жайгашып, индекисинин орду 89-чу болуп же ИДПнын үлүшү жан башына 2409 доллар, Россиянын рейтинг орду 176-га жайгашып, индексинин орду 139-уну ээлеп же ИДПнын үлүшү жан башына 23549 доллар, Белорусиянын рейтинг орду 193-гө жайгашып, индекс орду 154-гө жетип же ИДПнын үлүшү жан башына 15579 долларды түзгөн.

***

Экинчи күнкү конферецияга Өнүктүрүү саясат институтунун медия-эксперти Лариса Якавлевна модераторлук кылды. Бул күнү негизинен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишине байланыштуу баяндамалар угулду. Статистика жөнөкөйлөштүрүп айтканда, көрүнүштөрдүн, процесстердин сандык жагындагы конкреттүү шарттарын, коомдук өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүндөгү сапаттык жагын, сандык туюнтмасын үзгүлтүксүз байланышын изилдейт. Калкты, экономиканы, маданиятты, коомдук башка көрүнүштөрдү мүнөздөгөн мамлекттик жөнгө салууну жана башкаруу милдеттериндеги сандык маалыматтарды чогултуу, топтоо менен анализдөө боюнча иштерди жүргүзөт.

Александр Килиевичтин “Мамлекеттик финансы жана бюджеттөө чөйрөсүндөгү терминдердин жана түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча-англисче глоссарийи” китебинде (Борбор Азия университети, 2012) көмүскө экономикага мындай аныктама берилген: “Продукцияны чыгарунун бөлүгү улуттук кирешенин статистикасына кирбеген экономиканын бөлүгү, анткени ал бийликтен жашыруун”,- делинген. Эгерде ушул өңүттөн алып караганда, статисттер журналисттерди көмүскө экономика боюнча жазган кабарларын (заметка) слайттары менен сынга алышты. Анын биринен мисал келтирели. Слайдда: “Улуттук стат комитеттин төрагасынын орун басары:экономиканын 75 % көмүскөдө 06. 11. 12. Асел Шабданбекова “Кыргызстандын экономикасынын 75 % көмүскөдө”,- деп билдирди 6-ноябрдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалары боюнча коллегиянын жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Жамбулат Байжуманов (“ь” белгиси менен “д” тыбыштырын Кыргыз орфографиялык эрежесине ылайык жазылган жок.)”.

Эми ушул сүйлөмдү талдап көрөлү. Жамбулат Байжуманов бул маалыматты биринчиден, Улуттук статистиканын коллегиясында айтканы көрүнүп турат. Ал расмий маалыматка жатат. Экинчиден, ал киши көчөдө жүргөн кимдир бирөө эмес, ал төраганын орун басары. Демек, ушул маалыматты айтууда орун басар ойлонуп туруп айтышы керек болуучу.Тилекке каршы, “атка жеңил, тайга чак” жеңил баалуулук кылган. Илгери кыргызда атка минерлерине: “Оозуңдан сөз чыкканча - сөз сенин кулуң, оозуңдан сөз чыккан соң - сөзүңдүн кулусуң”, - деп кепке жыгып келишкен. Балким, бул кимдир бирөөгө “кул” деген орой, ал тургай мазактап айтып жаткандай сезилиши да мүмкүн. 

Бирок эзелтен айтылып келе жаткан төл сөзүбүздүн туруктуу сөз айкашына кирет. Анын бир эле кеби алмашып кетсе, өз маанисин бербей калат. Анткени туруктуу сөз айкашынын өзгөчөлүгү ушунда. Буга караганда эркин сөз айкашында каалагандай алмаштырып, жымсалдап айтсаң болот. Тагыраак айтканда, тил илиминдеги 3 чоң тобунун бири, лексикологиянын бир салаасы фразеологизмдерди эч өзгөртүүсүз колдонулат. Маселенин бир өңүтү ушунда турат. Экинчи өңүтү, демократиянын принцибинде “күчтүү демократия” деген бар. Мунун деле чечмелениши “элиңе төрө болбой, кулу болуп иште” дегенди туюндурат. “Кул” дегендин мааниси дал ушундай чечмеленгендиктен андан кыйкым табуу “жумурткадан кыр издеген” менен барабар. 

Асел Шабданова жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыйзамдарына ылайык жогорку санды төраганын орун басары жарыялап (публика) айтканын жазганы үчүн күнөөлөгө эч кимдин акысы жок. Себеби, сандык пайыз бирин-экин кабарчыларга гана эмес, статистердин коллегиясында айтылып жатат. Коллегиянын статусу элдик же статисттердин өзүнүн жөнөкөй жыйынына караганда каралуучу маселелердин олуттуулугу жана масыштабдуулугу алда канча чоң мааниге ээ. Асел жаңылыш угуп жазса, анда ал башка кеп... Статисттер слайтка бул фактыны киргизүүсүнүн өзү талаш-тартышты жаратты. Ал тургай мындай нерсе статчылардын “жарасын” чукулаганга да алып келди.

***

Чынында эле көмүскө экономикада так –таасын бирдиктүү маалымат жок. Улуттук статистика комитетинин орун басары жогоруда эң жогорку чекти айтса, эксперттер тарабынан 50 – 60 – 70 пайздын тегерегинде кеп козолуп жатат. Ал эми Экономика министри Темир Сариев өткөн жылы 49 пайыз дегени бар. Демек, бул журналисттер үчүн расмий маалымат.

Конференцияда статисттердин берген айрым усулдук маалыматтары менен эсептешүүгө да туура келет. Улуттук статкомитеттин сайты www.stat.kg аркылуу бир катар өлкөлөрдүн статкомитеттеринин даярдаган “Көзөмөлдөнбөгөн экономиканы өлчөө” колдонмолору аркылуу салыштырып көрүү булактарын журналисттерге сунуштаганы пайдалуу болду. Маселен, дүйнөлүк практикада көз салынбаган экономиканын бир нече аныктамалары: кара, жашыруун, көмүскө, параллелдүү, жашырынып алган, бейформал, кылмыштуу, бүркөлүң, мыйзамсыз деген сыяктуу топторго бөлүнгөн. Кыргыз статисттери “көзөмөлдөнбөгөн экономика” деген түшүнүк аркылуу төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүшкөн: көмүскө, мыйзамсыз, бейфомал сектордо түзүлгөндөр, өзүнүн керектөөсү үчүн өндүрүш сыяктанган өзгөчөлүктөр камтылган. 
Дагы бир өзгөчөлөнгөн жагдай да бар экен. Айталы, укук коргоочулар каржылык көз боёмочулукту, пара берүүнү, ишкананын чийки затын же даяр продукцияларын уурдоо, мыйзамсыз акча которуулардын түрлөрүн жана түзүлүп калган улуттук байлыкты кайра бөлүштүрүүгө алып барбаганды да киргизишип, статисттердин тили менен айтканда, “кеңейтилген” түшүндүрмө көрсөткүчтөрүн бир нече эсеге көбөйтүшкөнүнөн Улуттук статкомитеттин билдирүүлөрүнө бир топ түшүнбөстүктөрдү жаратып жаткандыктарына да токтолушту.

Гүлзейнеп Мурсабекованын айыл чарбасы боюнча баяндамасы айрыкча журналисттерге өтө кызыктуу болду. Өз ишин жакшы билгендиги жана компетенттүүлүгү менен өзгөчөлөндү.

Күн бою статистиканын укуктук базасын, иштөө ыкмаларын маалыматтарындагы сандарды пайдалана билүү жана комбинацияларды кантип жасоо керектигине кадамдарды таштоого шар түзүп бере алды. Конференциядагы баяндамалардын мазмунунун бүтүндөй бир макалада батырууга мүмкүн эмес. 

2 күндүк конференцияда журналисттер экономика темасында терең изилденген компеттентүү анатикалык макалаларды жазууга камкордук көрүлдү. Эмки кеп, аны турмушта колдоно алуубузда турат.

***

Макалабыздын аталышы улуттук семинар-конференциянын аталыш атына символикалуу окшоштуруп койдук. Кыргызстандын экономикасынын абалы чабалдыгынан ички дүң продукциябыздын жан башына бөлүштүрүлгөндөгү үлүштүк көрсөтүкүчтөрү постсоветтик өлкөлөрдөн кескин айырмаланган төмөндүгүн жогорудагы келтирген сан ырастап турат. Бул бир боёк болсо, экинчи боёгубуз, жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн эмес, жакырлардын катарынан орун алганыбызды айгинелейт.

Үчүнчү боёк, бир үй-бүлөлүк бийликтен кутулабыз деп, экинчи үй-бүлөлүк бийликти жаратып, алардан кутулабыз деп, эки революция жасадык. Бирок төртүнчү боёк, революциялардан кийин деле токтолбогон пикет-митингдер өнүүгүбүзгө кыйла терс таасирин тийгизди. Өткөн жылдан баштап, бешинчи боёк, 11 айдын жыйынтыгы менен экономикалык өсүшүбүз 10,8 пайызга чыгып, Эл аралык эксперттердин божомолу негизинен туура чыкты. Бул экономикадагы өтө чоң көрсөткүч. 

Эгерде мындай темп менен өнүгүүгө бет алсак, жакырчылыктан чыгуунун босогосуна келип турганыбызды жоромолдой берсек болот. Азырынча Кыргызстандын экономикасынын сүрөттөлүшүндөгү дал ушундай боёктордон боёлуп турат. 

Жакыпбек Төлөгөнов, «Талас турмушу» облустук гезити, Талас шаары.