Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү этаптары: Жаңы тарых (2011-жылга чейин)

Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкарма төрайымы
автор:
Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкарма төрайымы
02.11.2021 10:49
2010-жылдагы Адамзаттын өнүгүүсү тууралуу улуттук баяндаманын кол жазмасынан алынган. Баяндаманын акыркы жарыяланган версиясын бул шалтемеден тапса болот: http://dpi.kg/upload/file/UNP-2012-NHDR_RUS.pdf

Ойдогудай келечек үчүн өткөнгө көз чаптыралы.

Башкы редактордун кириш сөзү

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 30 жылдык мааракесин белгилөөнүн алдында артка бир кылчайып, ЖӨБдүн өнүгүшүндөгү жетишкендиктерди баалоо пайдалуу болору талашсыз. Ушул маанисинен алганда 2012-жылы чыккан жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган, “Бул жерде жана азыр!” аттуу адамдык өнүгүү тууралуу Улуттук баяндамасына тиркеме катары жазылган макаланы редакция көңүл бурууга татыктуу деп тапты.

Бул макаланы окуп жатканда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө көптөгөн ийгиликтерди жана кыйынчылыктарды башыбыздан өткөргөнүбүздү баамдайбыз. Ал эми бүгүнкү күндүн милдети – өткөндөн сабак алып, каталарыбызды оңдоп, буга чейин Кыргыз Республикасында бир нече жолу болгондой, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн көптөгөн өңүттөрүндөгү тескери кыймылдан качуу зарыл.

Материал дээрлик 10 жыл мурун жазылганына карабастан, макала актуалдуулугун таптакыр жогото элек. Ал эми 2010-2012-жылдар өтө алыста калды деп эсептеген саясатчылардын жаңы мууну үчүн Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнүн жана калыптанышынын көзгө көрүнбөгөн, эстен чыгарылган административдик жана саясий өңүттөрүн билип алуу кызыктуу болот.

Эмесе, урматтуу окурман, жалпы келечегибиз жакшы нукта болушу үчүн биз силерди өткөнгө көз чаптырууга чакырабыз.

Надежда Добрецова, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

Материалды толук окуу