Мамлекет жергиликтүү бюджеттер тууралуу унутуп калдыбы? ЖӨБ Союзунун 2022-2024-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарындагы кемчиликтер тууралуу пикири

ОРОЗБАЕВ Бектурган, КР ЖӨБ Союзунун директору
автор:
ОРОЗБАЕВ Бектурган, КР ЖӨБ Союзунун директору
29.10.2021 11:03
Бир нече жылдардан бери ЖӨБ Союзу фискалдык саясаттын негизги багыттарына (ФСНБ) жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлоруна анализ жүргүзүп келет. ЖӨБ Союзу ФСНБнын бюджеттер аралык мамилелер бөлүмү формалдуу болуп келген жана учурда да так ошондой эле абалда экендигин белгилейт. Буга чейин ЖӨБ Союзунда ФСНБ боюнча көптөгөн сын пикирлери болгон жана бул сындар ФСНБ КР ЖКнын Бюджеттик резолюциясынын талаптарына жооп бербегендигине тиешелүү болгон. Бюджеттер аралык мамилелерди реформалоонун багыттары прогресс көз карашынан алып караганда да, КРдагы ЖӨБдүн абалына тийгизген көз караштан алганда да талданып чыккан эмес.

2021-жылы бөлүм Министрлер Кабинети үчүн да, ЖӨБ үчүн да дээрлик эч кандай бир түшүнүктүү маалыматты камтыбайт. ФСНБнын долбоору өтө олуттуу кечигүү менен сунушталды. КР Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары Өкмөттүн токтому менен кийинки бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен бекитилет. Документтин долбоору 2021-жылы КР Экономика жана финансы министрлигинин сайтында августтун аягында гана пайда болгон.

Реформалардын милдеттери

ФСНБ “Бюджеттер аралык мамилелердин орто мөөнөттүү саясатынын негизги максаттары” топтомун сунуштайт. Анда кайсы бир кезде түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясындагы милдеттер тизмеленген, бул Концепциянын мөөнөтү 2019-жылы эле бүтүп калган. Бул милдеттер жыл сайын документтен документке өткөрүлүп турат, ошол эле маалда бул багыттар боюнча иш дээрлик жүргүзүлбөйт. 

СУНУШТАМА. ЖӨБ Союзу милдеттердин кайталанган тизмегинин ордуна кийинки үч жылга бюджет аралык мамилелерди реформалоонун чыныгы артыкчылыктарын аныктап, аларды ФСНБда сүрөттөп берүүнү сунуш кылат. Ар бир артыкчылык үчүн, жок дегенде, төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы концепциясын иштеп чыгууну ФСНБ долбоору реформанын милдеттеринин бири катары атайт. Бул маселени ЖӨБ Союзу КР Экономика жана финансы министрлиги менен бир нече жолу талкуулаган, атүгүл “Ачык өкмөттүн” жумушчу тобунун алкагында Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Программасынын долбоору иштелип чыккан. Бул документтин долбоору бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо боюнча жаңыча мамилени, багыттарды жана сунушталган чараларды камтыган, анын ичинде методологияны жакшыртуу жана бюджеттер аралык трансферттерди, теңдештирүүчү трансферттерди, максаттуу трансферттерди (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо үчүн трансферттерди кошкондо), дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды ж.б. эсептөөнүн ачыктыгын жогорулатуу боюнча чаралар камтылган. Долбоор мындан туура бир жыл мурун иштелип чыккан жана ушул кезге чейин КР Экономика жана финансы министрлигинин кароосун күтүүдө.

Толук окуу...