Тышкы инвестициялар: жергиликтүү жамааттар үчүн пайдабы же балекетпи? Кыргызстандын инвестициялык образын калыптандырууда жарандык коомдун ролу

Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкарма төрайымы
автор:
Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкарма төрайымы
16.09.2021 08:40
Ошентип, Кыргыз Республикасы аймактык транспорттук системанын бир бөлүгү болууга, соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана трансулуттук хаб катары өзүнүн абалынан бардык пайданы алууга кызыкдар. Бул максатка “Бир алкак – бир жол” (мындан ары – БАБЖ Долбоору) ири демилгесин ишке ашыруу аркылуу да жетүүгө болот. Бул демилге өлкөлөргө инфраструктурасын жакшыртууга, сооданы кеңейтүүгө, бири-бири менен жана башкалар менен байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мунун натыйжасында экономикалык өсүштү жогорулатып, жакырчылыктын деңгээлин азайтууга мүмкүн болот.

Демилгенин маңызы – деңизге жана тышкы соода коридорлоруна чыгууну камсыздоочу ири трансулуттук инфраструктуралык долбоорлордун жардамы менен аймактагы бардык өлкөлөрдү бирдиктүү соода жана өнөр жай тармагына кошуу. Демилгени Кытай өкмөтү көтөргөн, бирок ал көптөгөн өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн бириктирип турат жана аны ишке ашыруу бардык катышуучулардын олуттуу кошумча аракеттерин талап кылат. Транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана сооданы кеңейтүүгө багытталган ири долбоорлор жаратчу олуттуу тобокелдиктерди да эске алуу зарыл.

БАБЖ Долбоорунун инвестицияларынын ыктымалдуу пайдалары – жергиликтүү өндүрүшчүлөргө жана жумушчуларга рынокко жана жеткирүүчүлөргө жетүү мүмкүнчүлүктөрү жакшырат, рынокко кире алышат, жергиликтүү салыштырмалуу артыкчылыктарды колдонушат (өндүрүштүн негизги факторлору менен камсыздалат, технологиялар жана артыкчылыктар берилет), адамдардын мобилдүүлүгү жогорулап, технологияда өзгөрүүлөр болот, бул болсо масштабды көбөйтүп, кластерлөөнү жүргүзүүгө шарт түзөт. Соода байланыштарын чыңдоо боюнча институционалдык чаралар болбогон күндө да транспорттук инфраструктурага инвестициянын өзү эле мейкиндиктеги экономикалык өзгөрүүлөргө мелүүн таасирин тийгизиши мүмкүн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан көбүрөөк утушка ээ болот, андан кийин Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Пакистан пайда табат1.

Макаланы толук окуу...