Жергиликтүү демилге – бул жергиликтүү жамаатардын муктаждыктарынын барометри.

Сабина Градваль
автор:
Сабина Градваль
12.11.2018 10:30
Ал бийликтин жана коомдун өнүгүүсүн, алардын ортосундагы өз ара мамилелердин өнүгүүсүн чагылдырган күзгү катары кызмат өтөп келет.

Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстандын аймагында 2011-жылдан бери аткарылып жаткан "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарда турмуш шарттарын жакшыртуу жана социалдык өнүгүү боюнча элдик демилгелер тууралуу маалыматты чогултуу жана жалпылаштыруу жаатындагы көп жылдан берки практикасын улантып келүүдө. Долбоордун мындай демилгелердин көзгө урунаарлык үлгүлөрүн баса белгилеп, аларга дем берүү мүмкүнчүлүгү бар. Анткени дал ушул жергиликтүү демилге калктын өтө курч көйгөйлөрүн аныктап чыгат. Бирок ар бир демилгенин ийгилиги жана өнүгүүсү үчүн шарттар керек. Башкы шарт – ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын өз ара байланышы болушу абзел. Демилгечилер колдоо булактарына – жергиликтүү бюджетке жана ЖӨБ органдары башкарган башка ресурстарга жете алгыдай болушу керек. Себеби өтө чукул арада чечилиши керек болгон маселеге гана убакытты, эмгекти сарптап, башка адамдарды ишин калтырып, ошол маселени чечүүгө киришүүгө үндөп, ынандыруу керек болот.

Ар бир демилге – бул тигил же бул көйгөй өтө чукул чечим кабыл алууну талап кылганынын далили. Бул – көйгөйдү чечүүдө кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү ийгилик ЖӨБ органдарынан көз каранды болгонун тастыктаган мисал. Ар бир демилге – бул жамааттар басып өткөн жол. Ар бир демилгеде биринчи кадамды жашоочулар, кээде топтор жасайт. Бирок ар бир мисалдын ийгилиги күч-аракеттерди бириктирүүгө негизделген. Биринчи кадамды жамаат жасагандан кийин бул кыймылдын уландысы болуп, андан ары кеңейип кете бериши өтө маанилүү. Бул үчүн жолго эми гана чыгып жаткандар ошол жолду басып өткөндөрдүн ийгиликтерин билиши керек. Алар жергиликтүү өнүгүү максаттарына жетүүгө боло турганын жана бул максаттар реалдуу экенин билиши абзел. Көптөр чакан иштен баштап, конкреттүү демилгелерди ишке ашыргандан сырткары, өз жамааттарын пландагандан да көбүрөөк өнүктүрө алышканын унутпаш керек. Айрым адамдар “бала бакчанын тегерек четин тосмолоп эле коём” деп ишти баштап алып, жыл айланбай көпүрөнүн курулушун же чоң жолдун ремонтун кантип баштап жибергенин да сезбей калышат. Балдар аянтчасындагы таштандыны жыйнайм деп жүрүп, жергиликтүү сейил бактарды гүлдөтүп жибергендер да жок эмес.

Толук окуу...