• Биринчи бет ·
  • Блог ·
  • Бийлик менен жүйөлүү, маалыматтарга негизделген диалог жүргүзүш керек

Бийлик менен жүйөлүү, маалыматтарга негизделген диалог жүргүзүш керек

Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкарма төрайымы
автор:
Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкарма төрайымы
05.07.2022 16:42
2022-жылдын 24-25-май күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн конференцияны Өзбекстан Республикасынын Финансы министрлиги, Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги, ошондой эле Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлиги менен кызматташтыкта Дүйнөлүк банк уюштурган. Иш-чарага “Экономикалык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн натыйжалуу мамлекеттик башкаруу” Долбоорунун алкагында Улуу Британиянын өкмөтү каржылык колдоо көрсөткөн.

Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА маалыматтарга негизделген башкарууда жарандык коомдун ролуна арналган панелдик талкууга катышып, жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сүрөп жатканда ӨСИ эксперттик талдоо жүргүзүп, өкмөт менен диалог жүргүзүп, маалыматтарды кантип колдонгонун айтып берди: “Жергиликтүү бюджеттердин айрым көрсөткүчтөрүн жан башына эсептөөнү колдонуу менен биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик камсыздалгандыгын теңдештирүү көйгөйүнө мамлекеттин өзгөчө көңүлүн бура алдык. Экинчи мисал эксперттик талдоо жана баалоо, ошондой эле муниципалитет жана мамлекет менен диалог аркылуу муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдө айкындуулукту жогорулата алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп турат. Биз мамлекетке муниципалдык кыймылсыз мүлк рыногунда ачык-айкындуулукту жогорулатууга жардам бере алдык, бул үчүн бүдөмүк бүтүмдөрдөн улам пайда болгон жоготууларга талдоо жүргүздүк, бүтүмдөр жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу жана электрондук соода аянтчасын түзүү өңдүү санариптик башкаруу аспаптарын киргизүүгө мамлекетти шыктандырдык”.

Материалды толук окуу...