"Айылдык ден соолук комитеттеринин үнү жана Кыргызстандагы элеттик жамааттардын саламаттык детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилиги" долбоору (ДБ, 2014-2017)

22.10.2014 10:31

Максаты: Кыргыз Республикасынын Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) жана АДК Ассоциациясынын потенциалын жогорулатуу

Аткаруучу: Өнүктүрүү саясат институту жана “Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери” Ассоциациясы

Каржылоо: Дүйнөлүк банктын алдындагы “Социалдык отчеттуулук боюнча глобалдык өнөктөштүк” Трасттык фондунун (GPSA) колдоосу алдында. Донорлордон, өкмөттөрдөн жана жарандык коом уюмдарынан турган коалициянын аракеттери калк менен кайра байланышты жакшыртуу жана алардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу үчүн шарттарды түзүү максатында потенциалды жогорулатуу жолу аркылуу өнүгүү жаатындагы жыйынтыктарды жакшыртууга багытталган.

Ишке ашыруу мезгили: 2014 – 2017-ж.ж.

Географиясы: Кыргыз Республикасы

Байланыш үчүн: Айнура Джунушалиева, долбоордун менеджери; +(996 312) 976530, 976531 (кошумча номер 113), э-дарек: ADjunushalieva@dpi.kg

Долбоордун иши элет калкынын саламаттык детерминанттарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык мүмкүн болгон ресурстарды мобилдештирүү максатында АДК менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) ортосунда диалог курууга багытталган. Социалдык саламаттык детерминанттарга таза сууга жеткиликтүүлүк, санитария, тазалык, коопсуз турак жай ж.б. өңдүү факторлор кирет. Бул факторлор ар бир адамдын да, жалпысынан жамааттын да ден соолугунун абалына чоң таасирин тийгизет. Саламаттык детерминантынын абалын жакшыртуунун эсебинен Долбоордон пайданы кыйыр алуучулар болуп КР элет калкы эсептелет.

Айылдык ден соолук комитеттеринин максаты – элеттик жамаатка өз саламаттыгын жакшыртуу үчүн өз алдынча иш алып барууга мүмкүнчүлүк берүү. Бул кеңири тармакка республика боюнча 1670 айылдык ден соолук комитети кирет, алар улуттук Айылдык ден соолук комитеттеринин Ассоциациясына биригишкен.

Саламаттык сактоо системасы канчалык өнүккөн болбосун, өлкө калкынын саламаттыгынын абалына болгону 25% гана таасирин тийгизет. Калган 75% - бул дарыгерлер олуттуу таасирин тийгизе албаган факторлор. Анткени алар иштин башка чөйрөлөрүнө кирет. Мисалы, мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде балдардын тамактануусунун сапаты билим берүү чөйрөсүнө караштуу. Ал эми бул балдар барган мекемелердеги физикалык шарттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирет. Анткени мектептер жана бала бакчалар ЖӨБ органдарынын балансында турат. Адатта бул шарттарды “саламаттыктын детерминанттары” деп аташат жана бул түшүнүк адам жашоосунун сапатын аныктаган маанилүү концепциялардын бири катары акыркы жылдары дүйнөдө кеңири жайыла баштады. Анткен менен Кыргызстанда саламаттыктын детерминанттары тууралуу коомдук саламаттык сактоо тармагындагы адистер жана айрым уюмдар гана билишет.

ӨСИ менен АДКАнын биргелешкен долбоору саламаттык детерминанттарына байланышкан маселелерди тармактар аралык чечүү зарылчылыгына коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн бурууга умтулат. Айылдык ден соолук комитеттери – элет жергесинде саламаттык детерминанттарына байланыштуу көйгөйлөр менен алектенген ыктыярчылардын бирикмелери – бул процессте маанилүү ролду ойноого жөндөмдүү. Ошондуктан Долбоор Кыргыз Республикасындагы пилоттук 30 айылда көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн ЖӨБ менен АДКнын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган. Долбоордун кийинки кадамдары АДК потенциалын жогорулатууга жана жергиликтүү жамааттардын саламаттыгына таасирин тийгизген маселелерди чечүүнү эсепке ала турган жергиликтүү саясатты иштеп чыгууга багытталат.

Аталган Долбоорду ишке ашыруу калктын саламаттыгын сактоого жана бекемдөөгө багытталган секторлор аралык саясатты түзүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болуп бере алганы бул долбоордун өзгөчөлүгүн түзөт. Саламаттык сактоо гана эмес, ошону менен бирге башка да тармактардын жана секторлордун катышуусу менен калктын деңгээлинде бүтүндөй коомчулуктун аракеттери талап кылынат. Узак мөөнөттүү натыйжага жетүү үчүн саламаттык сактоо тармагы түрдүү тармактар жана коомдун секторлору менен кызматташууга тийиш. Муну менен тигил же бул шарттарды түзүүгө кошкон салымдарын баамдап, ошол шарттарды жакшыртуу үчүн алган жоопкерчилигин жогорулатуу максаты коюлган. Дал ушундай багыт калктын саламаттыгын бир кыйла жакшыртууга жол ачат.

Аталган долбоордун алкагында жасалган жумуштар Айылдык ден соолук комитеттерине жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты жакшыртып, өнөктөш мамилелерди түзүп, элет жергесинде саламаттык детерминанттарын жакшыртуу боюнча иштерди биргелешип жүргүзүүгө жол ачат. Долбоордун өзөгүндө жаткан ЖӨБ негиздерине АДКны окутуу, алардын биргелешкен ишке катышуусу ЖӨБ органдарына ден соолукка таасирин тийгизген турмуш шарттарына байланышкан маселелерде жамаат алдында дагы да ачык-айкын жана жопокерчиликтүү болууга жардам берет. ЖӨБ саламаттык детерминанттарынын көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бура башташат. Бул болсо элет калкынын ден соолугунун абалына оң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары изилдөөлөрдүн жана анализдин жыйынтыктары өңдүү Долбоордун продукттары мамлекеттик органдарга кырдаалды жеринде көрүүгө жардам берип, элет калкынын муктаждыктарына ыкчам реакция жасоого шарт түзөт. ӨСИ менен АДКА Долбоордун ишинин жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдарды үзгүлтүксүз маалымдап турууну пландашууда. Мындай маалымат КР Саламаттык сактоо министрлигин кошкондо саясий чечимдерди кабыл алган өзөктүк адамдар үчүн жеринен маалымат булагы катары кызмат кылат. 

Долбоор – бул саламаттык детерминанттарынын маанилүү маселелерине калктын кеңири катмарын тартуу мүмкүнчүлүгү. Атүгүл долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшөт. Бул болсо транспаренттүүлүктү жана бюджеттик айкындуулукту баалоодо Кыргызстандын аброюн жана рейтингин көтөрөт.