Балдарга жана жаштарга достук мамиле жасаган муниципалитет (UNICEF, 2017-2020)

14.11.2018 10:00

Долбоордун жетекчиси: Надежда Добрецова, ndobretsova@dpi.kg, +996 777 777990

Долбоордун координатору: Айнура Жунушалиева, adjunushalieva@dpi.kg, +996 555 217075

Долбоор БУУнун Кыргызстандагы Балдар фонду (ЮНИСЕФ), ошондой эле “Борбор Азиядагы Эл аралык Дебаттардын Билим берүү ассоциациясы” (IDEA CA) жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду” (ЭАТФ) коомдук уюмдары менен биргеликте Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү:

  • I фазасы: 2017 – 2018-жылдары.
  • II фазасы: 2018 – 2020-жылдары.

Долбоордун максаты:

  • Кыргызстандагы 22 шаардык жана элеттик муниципалитетте “Балдарга жана жаштарга достук мамиле жасаган Кыргызстан” демилгесин киргизүү жана жайылтуу.

Ал муниципалитеттер:

  • Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары;
  • Ош облусунда: Ноокат шаары; Ноокат району, Гүлистан айылдык аймагы (мындан ары – АА); Араван району, Алля-Анаров АА; Кара-Суу району, Кара-Суу шаары;
  • Жалал-Абад облусунда: Сузак району, Сузак, Курманбек, Кызыл-Туу, Багыш, Ырыс, Таш-Булак АА;
  • Баткен облусунда: Кызыл-Кыя шаары;
  • Чүй облусунда: Ысык-Ата району: Кочкорбаев, Юрьевка, Люксембург, Узун-Кыр, Ново-Покровка АА;
  • Ысык-Көл облусунда: Түп району, Сары-Булак АА;
  • Нарын облусунда: Ак-Талаа району, Үгүт АА;
  • Талас облусунда: Кара-Буура району, Кара-Буура АА.

Достук мамиледе болуунун критерийлерин аткаруу үчүн балдарда жана жаштарда да, алардын бакубатчылыгы үчүн чечим кабыл алган адамдарда да кандайдыр бир көндүмдөр жана билим болушу керек. Долбоорго кошулган мамлекеттик уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жетекчилери, түрдүү жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдардын мүчөлөрү, социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлер өспүрүмдөр менен жаштардын өзгөчө муктаждыктары тууралуу билимин жакшырта алышат. Алар билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө, социалдык коргоого жетүү жана зордук-зомбулуктан коргонуу жаатындагы билимин жакшырта алышат. Долбоорго катышкандар балдардын жана жаштардын ушул чөйрөдөгү абалын эсепке алуу менен, жергиликтүү өнүгүү саясатын пландоо жана ишке ашыруу усулдарына, көндүмдөрүнө ээ болушу керек. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында балдардын жана жаштардын муктаждыктарына, керектөөлөрүнө, укуктарына жооп берген өнүгүү пландары даярдалууга тийиш.

Балдар жана жаштар болсо муктаждыктарды жана керектөөлөрдү баалоого катышып, кырдаалды талдап, жергиликтүү стратегияларды ишке ашыруу үчүн пландарды, бюджетти түзүүгө, жыйынтыктарга мониторинг жүргүзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Мектеп парламенти, жаштар клубу, борборлору өңдүү жаштардын туруктуу иштеген формалдуу жана бейформал институттары, топтору бар. Алар жаштардын ушул процесстерге катышуусу үчүн механизмдин ролун аткарышат. Бул механизмдин жардамы менен мисалы, билим берүүдөгү көйгөйлөр, социалдык коргоо жана социалдык саясат чөйрөлөрүндөгү маселелер тууралуу маалыматты чечим кабыл алган адамдарга жеткирсе болот.

Жаңылыктар: