Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү (CIPE, 2013)

01.11.2012 00:00

Көбүнесе экономиканы түшүнүү аны массалык маалымат каражаттары кандай кылып берсе, ошондой кабыл алынат. Бирок ММК өкүлдөрү өзүлөрү эмне тууралуу сөз болуп жаткандыгын толугу менен түшүнө беришпейт. Тигил же бул экономикалык кырдаалды сүрөттөөдө же ага талдоо жүргүзүүдө журналисттер аны окурмандарга туура эмес көз карашта берип коюшу ыктымал. Бирок бул үчүн жалгыз эле ММК өкүлдөрүн айыпка жыга бериштин кереги жок, себеби ал маалыматты так жана туура контекстте түшүндүрүп бере турган атайын иш-чаралар уюштурулбайт же өзүнүн кымбат убактысынын бир нече мүнөтүн жокко санап, өлкөдөгү экономикалык кырдаалга сереп берип, түшүндүрүп айтып бере турган эксперттерди табуу мүмкүн болбой калат.

"Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү" долбоору журналисттерге Кыргызстандагы экономикалык кырдаал жана өлкө жарандарын кызыктырган кандайдыр бир өзгөчө суроолорго жооп табуусуна көмөк берет.  

"Кыргызстанда экономикалык маселелерди түшүнүүнү күчөтүү" долбоору

Ишке ашыруучу уюм: Өнкүтүрүү саясат институтут, КР (www.dpi.kg)

Каржылоочу уюм: Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE)

Ишке ашыруу мөөнөтү: Ноябрь 2012 - Октябрь 2013

Долбоордун географиясы: Кыргыз Республикасынын бардык облустары

Долбоордун максаты:

  • Базар концепциялары тууралуу коомчулукка маалымдоодо ММК мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.

Долбоор үч максаттуу багытка ээ:

  1. Журналисттик практикадан өтүү үчүн жерине практикалык, таанышуу сапары менен баруу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Мында журналисттердин алыскы аймактардын жашоосуна катышуусуна өзгөчө басым жасалат. Бул болсо өзөктүү экономикалык маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарын репортаж даярдоого шыктандырып, материалдык ресурстарды берет.
  2. Муну менен катар университеттеги дарстардын жардамы менен экономика чөйрөсүндө болочок журналисттердин жаңы муунун тарбиялоого жол ачат.
  3. Журналисттер маалымат семинарлары, экономикалык эркиндик боюнча жыйындардын жана ушул маселелер боюнча журналисттерге жана кабарчыларга маалымат берген интернеттеги сайттар аркылуу рыноктук демократиялык баалуулуктарды, принциптерди жана институттарды мындан да жакшы түшүнүп, баа берүү жолу менен барып, өзөктүү экономикалык маселелер боюнча кеңири коомчулуктун маалыматтан кабардар болуусу артат.

Тааныштыруу сапарлары өзүнө төмөнкүдөй негизги көздөө жайларын камтыйт, бирок алар менен чектелбейт: 

  1. Торугарт аттуу Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы чек ара бажы бекети. Торугарт күн алды боолгоп айта албаган графиги жана адамдар товарларды алып өтүп жатканда бажы кызматкерлери тарабынан жасалган ээн баштык менен белгилүү.

Тема: Бажы жалпысынан экономикага жана ошону менен бирге коррупцияга кандай таасирин тийгизет

  1. Кара-Суу – түштүктөгү башкы соода шаары, ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы негизги соода бекети кызматын аткарат.

Тема: Чек аранын жанындагы соода жаңжал потенциалын азайтуунун, коррупцияны кыскартуунун жана экономикага дем берүүнүн ыкмасы катары

  1. Борбор Азияда батыштык (канадалык) компания жетектеген алтын кени боюнча ири долбоор – алтын казган “Кумтөр” ишканасы Ысык-Көл облусунда жайгашып, Кыргызстандын ИДП 10 пайыздан ашуунун камсыздайт

Тема: Инвесторлор ортосунда ресурстарды жана пайданы бөлүштүрүү; элдин мүлкү; жумуш орундарын түзүү жана ишкерчилик ишмердүүлүк үчүн социалдык жоопкерчилик

  1. Нарын облусундагы Миң-Булак жана Ысык-Көл облусундагы Мамбетов айылдарында жергиликтүү жетекчилик менен ишкер жамааттын тыгыз кызматтыштыгымамлекеттик-жеке кызматташуунун ийгиликтүү моделдерин түзүүгө алып келди (оң мисалдар); Каракол шаарында ишкерлердин жергиликтүү ассоциациясы мэр тарабынан кысымга алынууда (терс мисалдар).

Тема: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишкерлер/ишкер жамааттары ортосундагы өз ара мамилелер, ошондой эле ушул өз ара мамилелердин аймактагы ишкер климаттын сапатына таасири. 

Сапарга Кыргызстандан 15 журналист катышат (бешөө Бишкектен жана ону анын чегиндеги аймактардан), алардын талапкерлигин Өнүктүрүү саясат институту берилген табыштамалардын сапатына, тажрыйба деңгээлине, долбоорлордун негизинде буга чейинки семинарларга катышуусуна, ошондой эле экономикалык маселелер боюнча макалаларды жазууну арттыруу/жакшыртуу потенциалына жараша тандайт. ӨСИ жазуу/жарыялоо максатында тааныштыруу сапарларына катышкан журналисттерден ошол сапардын негизинде бери дегенде бир макаланы талап кылат.

Журналисттер үчүн маалымат семинарлары «Пресс-сессиялар»

ӨСИ төмөнкү темалар боюнча эксперттерди жана мыкты адистерди маалымат семинарларына чакырат:

  • Тоо кен казып алуу өндүрүшү – түшкөн кирешени ишкер менен жергиликтүү калк ортосунда кантип бөлүштүрүү керек
  • Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн канчасы экономикалык өнүгүүгө кийлигишет? Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн канчасы экономикалык өнүгүүгө көмөктөшөт?
  • Ишкердиктин каржыга болгон жеткиликтүүлүгү
  • Айыл чарба өнүгүүсү
  • Эмгек базары
  • Чек арага жакын жайгашкан жердеги соода-сатык
  • Энергетикалык коопсуздук
  • Менчик укугун коргоо – экономикалык өнүгүүнүн негиздери
  • Статистика – журналисттер аны кантип колдоно алат?
  • Лицензиянын техникалык жактан жөнгө салынуусу: лицензиялаштыруу системасы кандай болушу керек?
  • Кыргызстандын аймактык өнүгүүсү үчүн жүк ташуу чөйрөсүндө кандай чечимдер зарыл?
  • Коңшулар менен мыйзам чегинде жана чыгашасыз кантип соода мамилелерин түзсө болот?
  • Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүүнүн натыйжалары Кыргызстандын аймактары үчүн кандай болот?
  • Массалык маалымат каражаттарынын (Интернетте негизделүүчү) жаңы каражаттары паракорчулук менен күрөшүү жолу катары (жарандар тарабынна жиберилген маалыматтар журналисттер үчүн материал катары)
  • Интернеттеги сөздүн экономикалык эркиндиги

Экономика чөйрөсүндө жаңы жана болочок журналисттерди тарбиялоо 

Ушул долбоордун алкагында ӨСИ жана ЭЖИБ экономикалык маселелерди чагылдырууда тажрыйба топтоп жаткан журналисттердин квалификациясын жогорулатууга гана эмес, ушул тапта университеттерде билим алып жаткан ыктымал журналисттердин экономикалык журналистиканы өздөштүрүүшүүсүнө көмөкчү болгон ишмердикти өнүктүрүүгө да көңүлдү бурат.

Кыргызстандын университеттериндеги журналистика факультеттеринин студенттери экономика боюнча олуттуу билим алуу, практикалык жөндөм алуу үчүн, же экономикалык темаларга иштин көзүн таап макала жазуу үчүн тажрыйбалуу журналисттер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө чанда гана ээ. Адатта журналистика факультетинин студенттери ишкерчилик же экономикага караганда, спорт же кылмыштуулук өңдүү адисттиктерге ыкташат. Атүгүл экономиканы тандаганда да бул жаатта базалык билимге ээ эмес. Дал ушул маселени акыркы жылдары долбоор менен байланышкан иш-чаралар учурунда тажрыйба топтоп жаткан журналисттер бир нече жолу көтөрүшкөн.

Буга чейин КФБПК журналистика факультетинин студенттерин билим берүүчү программаларга тартууга бир нече жолу аракет жасаган. Бирок жакында гана үч алдыңкы университеттин журналистика факультетинин декандары, профессорлору жана окутуучулары журналистикада жана коомчулук менен байланышта адистешкен студенттер, б.а. үмүт арттырган журналисттер үчүн университеттин аймагында окуу өткөрүүгө КФБПК/ӨСИге уруксат берди. ӨСИ болжолунда, эгерде окуу университеттин аймагында өткөрүлсө жана сертификаттар тапшырылса, орточо эсеп менен журналистика/коомчулук менен байланыш факультеттеринин студенттеринин 30% ушул дарстарга катышат. Буга байланыштуу ӨСИ ушул долбоордун алкагында 10 дарс уюштуруп, ар бир дарска 15 студент (орточо жаш курагы – 20-21) катышмакчы. Дарстар Бишкек гуманитардык университетинин базасында журналистика факультетинин үчүнчү курсунун студенттери үчүн өтөт; ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда Добрецова жана теманын өзгөчөлүгүнө жараша чакырылган эксперттер/практиктер окуйт.

Кесипкөй топторду түзүү жана тажрыйбалуу журналисттердин насаатын алуу үчүн ӨСИ студенттерди ушул долбоордун алкагындагы (жогоруда айтылган) пресс-сессияларга катышууга шыктандырат. Дарстардын 90% катышкан жана өткөн дарстардын темалары боюнча бери дегенде макала жазууга аракет жасаган студенттерге ӨСИ окуу курсунан өткөнүн тастыктаган сертификат берет. Сертификаттар университетти аяктагандан кийин жергиликтүү маалымат агенттиктерине ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу ыкмасы болуп, дем бермекчи. ӨСИ экономикалык журналистика боюнча жаңы Колдонмону иштеп чыгат жана жайылтат. Ал экономика тармагында жаңы журналисттерге, ошондой эле журналистика факультетине чакырылган адистердин жана практиктердин катышуусу менен болочокто өз алдынча дарстарды уюштурууга жардам берет. Бул Колдонмо төмөнкү маселелерди чечүүгө жардам берет:  

Ушул Колдонмону англис тилине которуп, аны Ооганстанбы, Пакистанбы, Молдова, Грузия же Азербайжан болобу, айтор каалаган региондо экономика чөйрөсүндөгү журналисттер үчүн ресурс катары колдонууну камсыздоо үчүн ЭЖИБ ӨСИ менен кызматташат.

  • Экономика тармагында журналисттер үчүн темаларды тандоого
  • Эксперттерди интервью үчүн тандоо жана аларды дарс окууга чакыруу
  • Экономика чөйрөсүндөгү журналисттер үчүн жазуу чеберчилиги

“Базар экономикасында ММКнын ролу” темасы боюнча журналисттер үчүн бир күндүк конференция 

Базар экономикасынын шарттарында ММКнын ролунун баасын, ошондой эле экономикалык эркиндиктин жана демократиялык башкаруунун принциптерин арттыруу үчүн ӨСИ журналисттер жана саясий багытты аныктаган адамдар үчүн бир күндүк маалыматтык иш-чара уюштурат. Анын катышуучуларын ӨСИ өзү тандайт.

Конференция ушул долбоордун акыркы иш-чарасы катары 2013-жылдын күз мезгилинде өткөрүлөт. ӨСИ болжолунда, катышуучулардын ичине 40 чакты Кыргызстанда иштеп жаткан жана ыктымал журналист, ошондой же саясий багытты аныктаган жамааттын мүчөлөрү кирет.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун четки аймагында өтөт. Баяндамачылардын арасында ЭЖИБ реформаторлор тобунун мүчөлөрү, анын ичинде Ярослав Романчук (“Стратегия” аналитикалык борбору, Беларус) жана Эмил Үмөталиев (Бишкек бизнес-клубу, Бишкек) болот. Алар рыноктук демократиялык институттардын пайда маселелери боюнча талкуу өткөрүп, өнүгүүнүн жана стабилдүүлүктүн негизи катары экономикалык эркиндиктин артыкчылыктарын колдогон эл аралык көрсөткүчтөрдүн жана моделдердин салыштырмалуу анализин жасап, ошондой эле новаторлуктун жана жумушчу орундарды түзүүнүн катализатору катары ишкерчиликтин маанисин талкуулашат. Романчук мырзанын базар принциптерине негизделген демократиялык баалуулуктарды колдогон, альтернативалык көз карашты берүүгө багытталган Беларустагы иши ушул конференциянын ишине олуттуу салым кошмокчу. Үмөталиев мырза базардын өнүгүүсүнө багытталган демократиялык реформаларды колдоп чыккан,  Кыргызстандагы ишкерлер жамаатынын жакшы таанымал жана абдан сыйлуу лидери катары белгилүү. Мындан тышкары ЭЖИБ москвалык персоналы маанилүү экономикалык маселелер боюнча коомчулуктун маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн ишкер жамаат менен кызматташкан ММКнын оң мисалдарынын негизинде орусиялык региондордо өздөштүрүлгөн окууларды өткөрөт. Темалар жалпак тилде тартууланат жана алар орус тилдүү да, кыргыз тилдүү да аудитория үчүн жеңил болот.

 

 

Жаңылыктар:

Китепкана: