• Биринчи бет ·
  • Долбоорлор ·
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016 - 2020-жж. аралыгында өнүгүү Стратегиясын иштеп чыгуу...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016 - 2020-жж. аралыгында өнүгүү Стратегиясын иштеп чыгуу (DFID, 2015-2016)

15.07.2015 16:40

Мөөнөтү: 2015 - 2016

Аткаруучу: Өнүктүрүү саясат институту

Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши

Каржылык колдоо: Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги (DFID)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин буйрутмасы менен Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлигинин каржылык колдоосунда, кыргызстандык коммерциялык эмес бейөкмөт мекеме Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылга чейинки аралыкта өнүгүү Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча долбоорду ишке ашырууда.

Бул документ орто мөөнөттүү аралыкта өлкөдөгү башкаруу системасын аныктоочу өзөктүү стратегиялык документтердин катарына киргизилмекчи.

Стратегия Жогорку Кеңештин спикеринин жетекчилигинде депутаттык комиссиялардын жана эксперттердин жумушчу тобунун чогуу аракетинде иштелип чыгууда.

Стратегияны иштеп чыгуу иш-чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Парламенттин өнүгүү максатынын тутуму,
  • максатка жетүү жолдорун аныктоо,
  • максатка жетүүдөгү тоскоолдуктарды талдоо.

Стратегия Жогорку Кеңештин өкүлчүлүктүү, мыйзам чыгаруучулук жана көзөмөлдөөчү функцияларын толугу менен натыйжалуу ишке ашырылышына; фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана ЖК аппаратынын иш аракеттерин мыктылоого; мыйзам чыгаруучулук процесстин сапатын жогорулатууга жана алардын КР жарандары менен иш алып баруусу жана ал жарандардын пикирин чечим кабыл алууда эске алуусун жакшыртууга багытталат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өнүгүү Стратегиясынын долбоору парламенттин кароосуна 2016-жылдын апрель айына чейин берилет.