Социалдык чѳйрѳдѳ муниципалдык заказдын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдѳ БѲУ менен ЖѲБдүн ѳнѳктѳштүгү (GIZ, 2013 - 2015)

20.03.2013 16:32

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – бул жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн коомдук бийликти уюштуруунун жөн гана формасы эмес.

ЖӨБ органдары – калкка баарынан да жакын турат жана жарандардын бардык топторунун, өзгөчө социалдык жактан корголбогон топтордун муктаждыктары тууралуу баарынан да жакшы билишет (же билиши керек). ЖӨБ органдарынын көңүл чордонуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамда сүрөттөлгөн гана эмес, түрдүү башка маселелер да кирет. Салттуу болуп калган таштанды жана суу менен камсыздоо маселелеринен башка, ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын социалдык өнүгүүсү менен алектенип, маданий жана спорттук өнүгүүнү, жаштар, аялдар жана кары адамдар үчүн бош убакытты өткөрүүнү уюштуруп, жамаатты заманбап жашоонун түрдүү маселелери боюнча агартууга көмөктөшүш керек. Анткен менен ЖӨБ органдарында керектүү квалификацияга ээ адистер дайыма эле боло бербейт, ушул маселелерге тийиштүү көңүл буруу үчүн дайыма эле адамдык ресурстар жана убакыт жетиштүү болбойт. Мындай учурда социалдык чөйрөдө жергиликтүү өз алдынча башкарууга жардамга бейөкмөт уюмдар келе алмак. Ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказды аткарууга келишимдерди түзгөн буйрутмачы жана социалдык программалардын аткарылышына жооптуу болсо, бейөкмөт уюмдар аткаруучу болмок.

“Социалдык чѳйрѳдѳ муниципалдык заказдын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдѳ БѲУ менен ЖѲБдүн ѳнѳктѳштүгү” долбоору 

Мөөнөтү:

  • сентябрь 2013 - сентябрь 2014 
  • сентябрь 2014 - октябрь 2015 

Каржылоо: Жарандык коомду колдоо фонду GIZ (Германия Эл аралык кызматташтыгы) 

Аткаруучу: Өнүктүрүү саясат институту 

Географиясы: Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынын 12 муниципалити

Долбоордун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын 12 муниципалитетинде БӨУ менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташтыгынын жаңы формаларын жана ыкмаларын муниципалдык социалдык заказ түрүндө сунуштоо жана бекитүү.

Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо, муниципалдык (социалдык) заказды түзүү жана жайгаштыруу, ошол заказдын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо, жол-жоболорун жөнгө салуу жана алынган тажрыйбаны сүрөттөп берүү циклдерин эсепке алуу менен долбоор болжол менен 12-18 айга эсептелген (2013-жылдын сентябрында башталды). Ошону менен бирге долбоор үч логикалык бөлүккө бөлүнөт. Алар эки фазанын аралыгында аткарылат.

Узактыгы 9 айдан ашпаган биринчи фазанын алкагында төмөнкү аракеттер каралган:

  • Кыргыз Республикасынын 12 муниципалитетинде ЖӨБ органдарын БӨУ менен кызматташуу принциптерине окутуу, Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоону өткөрүү жана социалдык чөйрөдө муниципалдык заказды ишке ашыруу;
  • бюджеттер аралык мамилелердин жаңы шарттарында ЖӨБ органдарын муниципалдык каржыны башкарууга үйрөтүү;
  • 12 муниципалитетте артыкчылыктуу социалдык маселени аныктоо боюнча иш-чаралардын комплексин өткөрүүгө колдоо көрсөтүү;
  • БӨУ жана демилгелүү топторду долбоорду иштеп чыгуу механизмине окутуу;
  • 12 муниципалитетте артыкчылыктуу социалдык маселелерди чечүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча демилгелүү топтордун жана БӨУнын иштерине көмөктөшүү;
  • 12 артыкчылыктуу социалдык долбоор БӨУнын күчү менен аткарылышы реалдуу жана мүмкүн болгонуна техникалык экспертиза жүргүзүү;
  • БӨУну жана жамааттардагы демилгелүү топторду мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмдерине окутуу;
  • социалдык чөйрөдөгү муниципалдык заказды ишке ашыруу механизмин жайылтуу боюнча ЖӨБ органдарынын каржылык бөлүмдөрүнө жергиликтүү бюджеттер аркылуу техникалык колдоо көрсөтүү;
  • алынган практиканы жалпылаштыруу жана Кыргыз Республикасынын 12 муниципалитетинде алынган практиканын негизинде муниципалдык заказды жайгаштыруу жолу менен социалдык чөйрөдө жергиликтүү жамааттар үчүн артыкчылыктуу болгон долбоорлорду ишке ашыруунун методикасын жана жол-жоболорун сүрөттөп берүү.

Экинчи фазанын узактыгы тандалып алынган долбоорлордун мүнөзү менен аныкталат. Бул фазада Долбоорду аткаруучу төмөнкү тапшырмаларды аткарат.

  • пилоттук муниципалитеттердин ЖӨБ органдарын мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна жаңы мыйзамдарга ылайык окутуу;
  • ачык коомдук сынакты өткөрүүгө техникалык колдоо көрсөтүү;
  • Мониторинг жана баалоо боюнча биргелешкен топтун ишине көмөктөшүү;
  • муниципалдык социалдык заказ механизмине методологиялык анализ жүргүзүү, жалпылаштыруу, ченемдик базада бекитүү боюнча сунуштар.

Өнүктүрүү саясат институтунан долбоордун жетекчиси – Добрецова Надежда (NDobretsova@dpi.kg).

Долбоордун эксперттери:

  • Баткен жана Талас облустары боюнча эксперттер: МУСАЕВА АНАРА (AMusaeva@dpi.kg) жана СУРАНЧИЕВА РОЗА (RSuranchieva@dpi.kg);
  • Жалал-Абад облусу боюнча эксперттер МАЙРАМБЕКОВ СУЛТАН (SMairambekov@dpi.kg) жана ОСМОНКУЛОВ ТАНАТ (TOsmonkulov@dpi.kg).

Кошумча:

Долбоордун жыйынтыктоочу отчету: