Долбоор Ысык-Көл облусу боюнча кеңешчилерди кызматташууга сынактык негизде чакырат!

11.06.2012 10:13 — 30.11.-0001 00:00

Ар бир райондон бирден кеңешчи сынактын негизинде кабыл алынат.

Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу БританиянынЭл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору Ысык-Көл облусунун айыл аймактарында иштөө үчүн
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ЖАРАНДЫК КАТЫШУУ БОЮНЧА КЕҢЕШЧИЛЕРДИ
кызматташууга чакырат:

  1. Ак-Суу району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  2. Жети-Өгүз району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  3. Тоң району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  4. Түп району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  5. Ысык-Көл району боюнча Долбоордун кеңешчиси

 

Талапкерлерге болгон минималдуу шарттар:

Кызыкдар тараптар өз резюмелерин орус жана англис тилдеринде, талапкер иштегиси келген районду, жана өзүнүн жеке телефон номурлары менен электрондук дарегин көрсөтүп, 2012-жылдын 26-июну саат 17.30га чейин төмөнкү дарек боюнча алып келип тапшырса болот:
Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44 (Москва көчөсү менен кесилишет), 2-кабат
тел.: + 996 (312) 970-105, факс: + 996 (312) 970-108, же электрондук дарек аркылуу:dpi.office.kg@gmail.com

Биринчи турдан өткөн талапкерлер атайын окууга чакырылат. Окууну ийгиликтүү аяктагандар менен келишим түзүлөт.