Долбоор Жалал-Абад облусу боюнча кеңешчилерди кызматташууга сынактык негизде чакырат!

11.06.2012 09:11 — 30.11.-0001 00:00

Кеңешчилер Жалал-Абад облусунун ар бир районунда сынамык айыл аймак менен иш алып барышат.

Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу БританиянынЭл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору Жалал-Абад облусунун айыл аймактарында иштөө үчүн
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ЖАРАНДЫК КАТЫШУУ БОЮНЧА КЕҢЕШЧИЛЕРДИ
кызматташууга чакырат:

 

  1. Аксы району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  2. Ала-Бука району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  3. Базар-Коргон району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  4. Ноокен району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  5. Сузак району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  6. Тогуз-Торо району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  7. Токтогул району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  8. Чаткал району боюнча Долбоордун кеңешчиси

 

Талапкерлерге болгон минималдуу шарттар:

Кызыкдар тараптар өз резюмелерин орус же англис тилдеринде, талапкер иштегиси келген районду, жана өзүнүн жеке телефон номурлары менен электрондук дарегин көрсөтүп, 2012-жылдын 26-июну саат 17.30га чейин төмөнкү дарек боюнча алып келип тапшырса болот:
Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44 (Москва көчөсү менен кесилишет), 2-кабат
тел.: + 996 (312) 970-105, факс: + 996 (312) 970-108, же электрондук дарек аркылуу:dpi.office.kg@gmail.com

Биринчи турдан өткөн талапкерлер атайын окууга чакырылат. Окууну ийгиликтүү аяктагандар менен келишим түзүлөт.