Жалпы байге кору 500 миң сомду түзгөн "Жергиликтүү демилге 2016" сынагы жарыяланды!

05.07.2016 13:05 — 05.08.2016 13:05

Байге кору Швейцария Өкмөтү каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.

Өнүктүрүү саясат институту, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ” СЫНАГЫ тууралуу жарыялайт!

Сынакты өткөрүүнүн максаты: (1) калкты жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да активдүү катышууга шыктандыруу, (2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча жакшы үлгүлөрдү шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты таратуу максатында аныктоо, (3) Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө алдыңкы усулдарды жана жаңы ыкмаларды колдонууга көмөктөшүү.

 

Сынакты өткөрүү тартиби: Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, өз алдынча же болбосо биргелешип Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылында алардын биргелешкен демилгеси менен киргизилген/өткөрүлгөн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өзгөчө жемиштүү, натыйжалуу тажрыйбанын/иш-чаранын сүрөттөлүшүн жибере алат. Иш-чара төмөндө көрсөтүлгөн формага ылайык деталдуу түрдө сүрөттөлүш керек.

Бул сынактын алкагында жергиликтүү демилге катары жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге көтөрүп ишке ашырууда коомчулукка пайда келтирген; улантууну же болбосо муниципалитетте кайталоону талап кылган жана КМнин башка айылдарында колдонула турган  иш чаралар, механизмдер же методдор эсептелет. Сынакта төмөндөгүдөй жергиликтүү демилгелер каралат:

Жергиликтүү демилге жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү, бирок төмөнкүлөр кошулганы менен, булар менен гана чектелбейт:

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын саны чектелген эмес, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болуш керек. Сүрөттөө 1500 сөз менен чектелиш керек. Сүрөттөр бет ачардын көркүн андан да чыгармак (табыштаманын формасын караңыз).

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтуна 2016-ж.  5-июлунан 5-августуна чейин тапшыруу керек.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМАНЫН ФОРМАСЫ

Сынактын жалпы байге кору – 500 000 сом. Байге кору Швейцария Өкмөтү каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.  

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

Бардык маалыматты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2016-жылдын 5-июлунан 5-августуна чейин  төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108-үй.

Кошумча маалымат алуу үчүн Айнура Балакунова, Анара Мусаевага жана Алтынай Бузурманкуловага (0 312) 97-65-30 (34) телефон номурлары боюнча кайрыла аласыз же abalakunova@dpi.kg, amusaeva@dpi.kg, abuzurmankulova@dpi.kg  электрондук дарегине кат жазсаңыз болот.

Проект: