Сынак: Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу

20.11.2014 14:24 — 30.11.-0001 00:00

Табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2014-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин жиберилиш керек.

Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) аткарат.

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчтөндүрүү. 

“Жарандарды бюджеттик процесске тартууда  жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” 

СЫНАГЫ

Сынактын максаты: жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга, бюджеттик процесске катышуусунда укуктарын коргоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) тарабынан отчеттуулукка жетүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге ээ болгон жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктоо жана аларга дем берүү.

Сынактын тапшырмалары:

  1. КР жарандарынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар тууралуу маалыматтарды алууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууда жарандык коом уюмдарынын, анын ичинде бейөкмөт уюмдардын аракеттерин топтоштуруу;
  2. жарандардын бюджеттик процесске чындап катышкан мыкты мисалдарды аныктап чыгуу, аларды колдоо жана эл арасында жайылтуу;
  3. жарандык коом уюмдарынын бюджет айкындуулугуна жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна жетүүнүн түрдүү механизмдерин активдүү колдонуусуна дем берүү;
  4. жарандардын бюджеттик процесске катышуу укугун ишке ашыруусу үчүн шарттарды камсыздоо маселелеринде жарандык коом уюмдары менен ЖӨБ органдары ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берүү;
  5. бюджет айкындуулугуна жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна жетүүсү үчүн жарандык коом уюмдары, анын ичинде БӨУ ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында кесипкөй мамилелерди бекемдөө.

Сынактын катышуучулары жана анын географиясы

Сынакка катышууга БӨУ катары каттоодон өткөн жана Жалал-Абад менен Ысык-Көл облустарындагы элеттик муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдары чакырылат.

Сынакты өткөрүү тартиби

Жарандык коом уюмдары Өнүктүрүү саясат институтуна бюджеттик маалыматты ачыктоо жана жарандарды бюджетти талкуулоого жана ал боюнча чечимдерди кабыл алууга тартуу боюнча өзгөчө натыйжалуу жана эффективдүү тажрыйбаны же иш-чараны сүрөттөгөн табыштама бериши керек. Иш-чара 2012 - 2014-жылдардын аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр, же бюджети иш-чарада каралган жергиликтүү мекемелер менен өнөктөштүктө уюштурулуп, өткөрүлүш керек. Иш-чара төмөндөгү формага ылайык ийне-жибине чейин сүрөттөлүшү зарыл. 

Бир, же бир нече мисалды сүрөттөгөн табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2014-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин жиберилиш керек. 

Тандоо критерийлери

Бардык табыштамалар мазмуну жана тууралыгы жагынан тандоонун төмөнкү критерийлеринин негизинде таризделгенине жараша бааланат:

Бардык критерийлер бирдей салмакта болот. Мисалдар өз-өзүнчө ар бир критерий боюнча 5 баллдык даражада бааланат. Табыштамасы эң көп балл топтой алган арыз берүүчү жеңүүчү деп табылат.  

Сынактык комиссия

Сынактык комиссиянын мүчөлөрү Долбоор алдын ала коддогон табыштамаларды өз алдынча карап чыгышат. Табыштаманы өткөргөн соңку мөөнөттөн берки 3 аптанын ичинде табыштамага баа берилет. Комиссиянын мүчөлөрү табыштамаларды жогоруда көрсөтүлгөн тартипке ылайык баалайт жана берилген баанын түшүндүрмөсү үчүн жоопкерчилик албайт. Сынактын жыйынтыктары тууралуу маалымат Долбоордун сайтындагы “Жаңылыктар” бөлүмүндө, “Муниципалитет” журналында жарыяланат. Жеңүүчүлөргө жазуу жүзүндөгү кабар Сынактык комиссия чечим чыгаргандан кийин бир аптанын ичинде берилет. 

Сынактык комиссиянын курамына төм. өкүлдөрү кирет:

Сынактык комиссиянын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

Жергиликтүү демилгенин тажрыйбасын жайылтуу

Долбоор өткөрүлгөн иш-чараларды сүрөттөгөн жана сынакка берилген табыштамаларды өз басылмаларында жарыялоо ниети бар. Басылмаларда орун чектелүү болгонунан улам берилген тексттерди редакциялоо укугу өзүбүздө калат. Ошондой эле жарандардын чыныгы катышуусунун мыкты мисалдары ӨСИ жана Долбоордун сайттарында жайгаштырылышы мүмкүн.

Байгелер

Сынактын жалпы байге фонду – 300 000 сом. Байге фондунун каражаттары Швейцария Өкмөтү жана Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) тарабынан берилди.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкүдөй тартипте тапшырылат:

Байге каражаттары (грант) табыштамада сүрөттөлгөн иш-чараны улантуу демилгесин колдоо, табыштамадагы тажрыйбаны жакшыртуу же жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо боюнча жаңы демилгени ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Байге катары бюджеттик айкындуулукту, ЖӨБ органдарынын калк алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, жарандардын бюджетти түзүүгө жана анын аткарылышын талкуулоого катышуусун камсыздоо боюнча башка иш-чараларды өткөрүү жана ушул өңдүү механизмдерди колдонуу үчүн материалдар же жабдуулар сатып алынышы мүмкүн. Байге каражаттары гонорар төлөп берүү, же кызмат көрсөтүүлөргө, иш сапарларына кеткен чыгымдарды жабуу үчүн КОЛДОНУЛБАЙТ.

Милдеттүү шарт – байге алгандан кийин бир (1) айдын ичинде ошол байгени колдонуу менен жүргүзүлүп жаткан жумуштар же өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу отчет тапшыруу зарыл.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө калкты бюджеттик процесске тартуу ишин мындан ары да өркүндөтүү максатында байге фондун пайдалануу боюнча Долбоор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу берилет. Сатып алууларды Долбоор жеңүүчүнүн өкүлүнүн катышуусу менен ишке ашырат, сатып алынган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жеңүүчүгѳ өткөрүлүп берилет. Каражаттарды иш-чараларды же акцияларды өткөрүүгө колдонгон учурда Долбоор байге суммасынын алкагында түз эле бардык чыгашаларды жабат.

Бардык маалыматтарды “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып келаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2014-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44 дареги боюнча тапшырууну өтүнөбүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн Азамат Мамытовго (0 312) 97-65-30 (34) номуруна телефон чалыңыз же amamytov@dpi.kg электрондук дарегине кат жазыңыз.
 

Проект: