"2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагы

13.04.2021 15:04 — 01.09.2021 17:00

Сынак тууралуу Жобо жана табыштама формасы ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталынын "ЖӨБгө жардам" бөлүмүндө жайгашкан.

ЖҮКТӨП АЛУУ: СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” ДОЛБООРУ (мындан ары – Долбоор) КРдин Экономика жана финансы министрлиги жана ЖӨБ Союзу менен биргеликте

“2022-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН ТҮЗҮҮГӨ ЖАРАНДАРДЫН РЕАЛДУУ КАТЫШУУСУ” СЫНАГЫн жарыялайт

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулукту жогорулатуу менен жарандардын жашоо шарттарын жеринде жакшыртуу.

Сынакты өткөрүүдөгү негизги маалымат аянтчасы: ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы: www.myktyaimak.gov.kg 

СЫНАКТЫН ЖОБОСУН ЖАНА ТАБЫШТАМАНЫН  ФОРМАСЫН ЖӨБ МЫКТЫ ТАЖРЫЙБАЛАР ПОРТАЛЫНАН ДА ТАПСА БОЛОТ: http://myktyaimak.gov.kg/investment-projects/investment-project?id=3  

Конкурстун негизги максаттары:

Тапшырык берүүчүлөр

Кыргыз Республикасынын бардык облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Конкурстун катышуучулары болуп саналат. Алар 2021-жылдын июнь жана июль айларынын аралыгында 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери

Тапшырыктар анын сапатынын негизине жана тиркелген материалдардын мазмунуна жараша бааланмакчы. Жеңүүчүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык аныкталат. Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгат жана табыштамаларды берген акыркы мөөнөттөн кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт. Комиссия өз чечимин каржылоочу уюм менен макулдашууга тийиш.

Конкурстун жалпы байге фонду – 3 200 000 сомдун тегереги. Байге фонду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу каржыланат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкү тартипте ыйгарылат:

Мындай сынактар буга чейин өткөрүлүп келгенби?

Ушундай эле сынак Долбоордун каржылык колдоосу менен бир нече жолу өткөрүлгөн. Мурунку сынактардын жыйынтыктары менен ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбалар порталында бул шилтемелер аркылуу өтүп таанышса болот.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү

Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2021-жылдын 15-августунан 1-сентябрына чейинки мезгилде бериш керек. Табыштамаларды Долбоордун адиси Азамат Мамытовго төмөнкү дарек боюнча берүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек ш., Шевченко көч., 114, тел: (312) 97 65 30 / 31 /32, (факс) 97 65 29 же эл. дарекке кат жазыңыз: AMamytov@dpi.kg

Конкурска катышуунун тартиби

15-30-апрель айынын аралыгында Конкурстун маалымат аянтчасы болгон ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында (www.myktyaimak.gov.kg) сынакка катышууга табыштамаларды толтуруу, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча онлайн семинарлар өтөт.

Семинарларды уюштуруучулар – Долбоордун колдоосу менен ЖӨБ Союзу.

Семинарлардын ырааттамасы жөнүндө маалымат күн мурунтадан жарыяланат жана ошондой эле ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында жайгаштырылат: http://myktyaimak.gov.kg/trainings  

Порталдагы жаңылыктар менен таанышып туруңуз: www.myktyaimak.gov.kg 

Проект: